"Азаттык": Долбоордун максаты тууралуу токтоло кетсеңиз?
Тимур Байсаркеев: “Атуул” аттуу биздин уюм иликтөө жүргүзүп, Караколдо кыздардын көпчүлүгү өздөрүнө ишенбей, алар үчүн башка бирөөлөр чечим алыш керек деген ойдо экенин аныктадык. Ушундан кийин биз “Кыздардын РЭПи” деген аталыштагы долбоорду ишке киргизелик деп чечтик.
Биз бул долбоор менен кыздарда өздөрүнө карата ишенимдүүлүк жогоруласын дедик. Алар келечекте өзүнө максат кое алган, күчтүү инсандардан болушу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берелик деген ойго келдик.
Долбоордун стратегиясы эң эле жөнөкөй. Жетилип келе жаткан 30 кызды Караколдо өз ордун тапкан, жашоосунда ийгилиги бар айымдар менен тааныштырып, алардын тарбиясына берүү. Кыздар ал айымдар менен жакындан таанышып, пикирлешип, үлгү алат деген ойдобуз.
"Азаттык": Кыздарды кандай критерийлер боюнча тандап жатасыздар?
Тимур Байсаркеев: Биз бул долбоорду пилоттук деп ишке ашырып жатабыз жана азырынча долбоор Караколду гана камтып жатат. Ушул себептен биз отуз кызды Каракол шаарындагы үч орто мектептен тандап жатабыз. Санап кетейин, биз №-1, 3, 5-орто мктепдердин жогорку класстарында окуган кыздар арасында тандоо жүргүзүп жатабыз.
Ушул жумада биз аталган мектептерде долбоор тууралуу маалымат бердик. Ошондой эле окуучу кыздарга долбоорго катышуу алуу үчүн арыз-анкетта толтурттук. Өз аты-жөнүнөн тышкары биз кыздарда лидерлик сапаттар барбы же жокпу билүү үчүн кошумча суроолорго жооп алдык. Жооптордун негизинде биз 30 кызды тандап жатабыз.
"Азаттык": Аларга насаатчы болчу айымдарды кантип иргеп атасыңар?
Тимур Байсаркеев: Биз бардыгы болуп 10 насаатчы айым болот деп атабыз. Бул айымдар коомдун ар кыл тармагынан болот. Караколдо саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызматта, билим берүү тармагында, бизнесте ийгилик бар, өзүн көрсөтө алган айымдар болот.
Албетте бул айымдар долбоор боюнча биз менен кызматташууга даяр болушу керек. Анткени алардын ишмердигинен көп нерсе көз каранды болгону турат. Долбоордун ийгилиги дагы бул айымдардан көз каранды.
Долбоор боюнча кыздар жана аларга насаатчы айымдар байма-бай жолугушуп турушат. Октябрдан баштап декабрдын ортосуна чейин кыздар өз насаатчыларына менен жума сайын кездешип турат. Мындан тышкары кыздарга биз долбоор алкагында иш жүзүндө тажрыйба алууга да мүмкүнчүлүк түзөбүз. Кыздарда насаатчылары иштеген чөйрөдө да өзүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү болот.
"Азаттык": Долбоорду ким каржылап жатат?
Тимур Байсаркеев: Долбоорубуз "Сорос-Кыргызстан" фондусу тарабынан каржыланып жатат. Белгилеп өткүм келет, биз долбоорго катышып жаткан кыздарга кышында атайын лидерлик мектебин уюштуруп берелик деп атабыз. Ал жерде кыздарга лидерлик, чечендик чебрчилик боюнча окуулар уюштурулат. "Кантип ийгиликтүү болуш керек?" өндүү алар үчүн кызык нерселер боюнча маалыматтар берилет.
Долбоор жыйынтыгында, февраль айында кыздар өз алдынча кичи долбоор жазып, күндөлүк турмушунда, мектепте орун алып жаткан көйгөйлөрдү чечүү аракетин жасашмакчы. Бул алардын алган билимин иш жүзүндө колдонууга чоң мүмкүнчүлүк берет.