АКШда билим алуу тууралуу маалымат берилди
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган окуу программалардын жармаңкеси өтүүдө. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Дональд Лу кыргыз ата-энелерге кайрылып, уул-кыздарын Америкага окууга жөнөтүүгө шыктандырды. Жармаңкеде ар кандай окуу программаларын сунуштаган уюмдар студенттерге жана мектеп окуучуларына маалымат беришти.