Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

АКШда шайлоо "көңүлсүз" өтөт


АКШдагы шайлоодон бир көрүнүш
АКШдагы шайлоодон бир көрүнүш

Демократия деп күйгөн Америкада шайлоо системасы биз ойлогондон такыр эле башкача.

Бизде шайлоо системасына бийлик алмашкан сайын ар жылы ар кандай өзгөрүүлөр киргизилсе, бул жакта качантан түптөлүп келген система көптөн бери эч өзгөрбөй келет.

Биздегидей тууган, достор менен партия түзө калып, анан 50дөй партия шайлоого катышам деп тытынып, аягында 14 партиянын кайсынысына добуш берем деп элдин башы оорубайт. 325 миллион калкы бар өлкөдө илгери эле калыптанып калган эки партия бар - демократтар жана республикачылар, болду. Жок, партия түзөм десең эч ким кой дебейт, бирок ал партияңды эч ким колдобойт, бекер эле акчаң кетет.

Партиялар жергиликтүү башкаруу кеңештергеби, же конгресске шайлоодобу, айтор өздөрүнүн шайлоо программаларын жарыялашат. Бирок биздегиден айырмасы - элдин турмушун, мамлекеттин экономикасын, саясий-социалдык абалын өркүндөтө турган мыйзамдарды, шарттарды түзүү боюнча гана иш-чараларды кантип ишке ашыруу керек экендигин элге сунушташат.

Биздегидей баланча жол салам, көпүрө, мектеп курам, ГАИлерди жок кылам, ОПГны сойом, ар бир төрөгөнгө 50 миң сом беребиз, Баткенге газ жеткиребиз ж.б. жергиликтүү же федералдык аткаруу бийликтери, же бир жеке компаниялардын ишин айтып программа деп кыйкырышпайт.

Партиялар биздегидей шайлоого бир ай калганда акча көп кетпей турган шагыл төкмөй, балдар ойногон аянтча ачмай дегендерди жасашпайт.

Ошон үчүн Америкада шайлоолор такыр кызыксыз, столбдорго эч нерсе чапташпайт, көчө менен бир болгон баннерлерди илишпейт. Анткени ал кагаздардын көлөмү канча болуш керек, эмне жазылыш керек, канча санда чыгарылыш керек, кандай жерлерге коюлуш керек, качан орнотулуп, качан алыныш керек, бардыгы мыйзам чегинде аткарылыш керек. Болбосо ал талапкер шайлоодон аёосуз четтетилет.

Үймө-үй кыдырышып календарларды, плакаттарды таратышпайт, мындайга тыюу салынган. Чогулуш өткөрөм десең өткөр. Көчөдө өткөрсөң уруксат алышың керек. Эгер имараттын ичинде болсо, анда ижарасын төлөп, келишим түзүшүң керек. Баса, бекер концерттер да жок. Телевидениеден үгүттөө, дебаттар да мыйзам чегинде болот.

Шайлоого катышкан талапкерлер декларациясын көрсөтүп, эгер бир нерсе туура эмес болсо, бир нерсе жашырган болсо, анда ал талапкерге шайлоо бүттү. Шайлоо фондун түзсө да болот, ачык-айкын, кимден канча акча түшкөнү, каякка сарпталганы көрсөтүлөт. Бул да мыйзам чегинде болуш керек, каалагандай акча алып, каалагандай корото албайсың.

Көрүнгөн киши эле талапкер боло албайт. Ал үчүн эки партиянын биринде мүчө болуп, көп жыл активист катары таанылып, биринчи чакан райондон (district), мисалы, Бишкектин 5-микрорайонунан же Кызыл-Аскерден, партиядан шаардык кеңешке шайлоого талапкер болуп, анан чон округга өтүп, андан кийин гана шаарга өтүшү мүмкүн. Биздегидей бир партиядан экинчи партияга өтө калып, лидер боло калып, депутаттыкка алдыңкы катарда тизмеге кире калуу деген жок, бул жакта андай болушу мүмкүн да эмес.

Шайлоочу болуш үчүн каттоодон өтүшүң керек: 18 жаштан жогору, АКШнын жараны, психикалык ооруң болбош керек, бир штатта туруктуу 6 ай (кээ бир жерлерде 1 жыл) жашашың абзел. Кээ бир штаттарда түрмөдө отургандар, отуруп чыккандар боюнча да шайлоо боюнча мыйзамдар, чектөөлөр бар.

Шайлоого участокко барбай эле добушуңду почта менен салсаң да болот, же участокко барып шайлоо машинесине добуш салсаң болот. "Шайлоого бар" деп домком, жетекчиң айдабайт.

Ким көп добуш алса жеңет, бир процент шайлоочу катышса да. Ким баланча процент алды деп, канча процент шайлоочу келди деп баш оорутушпайт. Бул эми жергиликтүү шайлоолордо, ал эми президенттик шайлоодо башкача система.

Шайлоо күнү кадимкидей эле тынч, эч бир шаан-шөкөт жок эле өтөт. “Баланчага бер, акча беребиз, же бизге добуш бербесең иштен кетиребиз, таарынабыз” деген жок.

Ооба, америкалыктардын шайлоосунда деле кемчиликтер болот, бардыгы идеалдуу деп айта албайм. Бирок, айтор, бул мен жазгандар бир чети эле. Кайсы жагын албайлы, Америка менен биздеги шайлоолор асман менен жердей, айта берсе толтура.

Бизде шайлоо ушундай өтөт деп айтып берсең тан калышат, “силерде элдер качан иштешет, ошончо партиялар кайдан акча алышат, ошончо баннер-плакаттарды кантип илишип, жолго, элге тоскоол болуп, шаар көрүнүшүн бузбайбы, кийин кантип тазалашат, концерттер кызыктуу болот окшойт, депутат болуш силерде тозок турбайбы” ж.б. деги суроолор толтура. “Шайлоо силерде оригиналдуу, укмуш кызык экен” дешет...

Кыргызстанга барып келген бирөө “Силерде ресторан, кафелер дискотека менен, шайлоолор концерттер менен, аябай көңүлдүү турмуш” деп күлдү...

Камит Савай, АКШ

XS
SM
MD
LG