Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Эгемендиктин жоопкерчилиги чоң


Оштогу Эгемендик майрамы.
Оштогу Эгемендик майрамы.

Эгемендигинин 27 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстанда өткөн мезгилдеги кемчиликтер менен жетишкендиктер тууралуу көп сөз болду. Мамлекеттин алдында дагы кандай чакырык, милдеттер турат?

Президент Сооронбай Жээнбеков Эгемендик күнүн белгилеп жаткан Кыргызстандын алдындагы эң башкы милдет - эркиндикти бекемдөө экенин айтты. Президент бул тууралуу Ала-Тоо аянтындагы майрамдык куттуктоосунда билдирди:

- Бүгүн белгилеп жаткан 27 жыл - бул тарыхтын өлчөмүндө анча деле көп эмес убакыт. Бирок биз мааниси жагынан кылымга тете мезгилди басып өттүк. Дүйнөлүк коомчулукта өз ордубузду таптык. Кыргызстан эл аралык аренада толук таанылган мамлекет болду. Эми улуу жолду улантып, эгемендикти эӊ бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактап, урпактарга жеткирүү - биздин милдет.

Эгемен мамлекетти сактоо - ыйык милдет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Президент чыңдоого чакырып жаткан эгемендикти андан ары бекемдөө үчүн эмне кылыш керек жана кандай сыноолор, милдеттер турат? Бул - кыргыз коомундагы эң көп талкууланган суроолордун бири. Эксперттер өз алдынчалыкты бекемдеш үчүн бир нече маселени чечиш керек деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев негизги милдеттер чек ара маселелерин толугу менен чечип, сот реформасын ишкер ашыруу экенин айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Кыргызстандын алдында үч коркунуч бар. Биринчиси - чек араны тактоо. Суверенитет Бишкектен эмес, ошол чек арадан башталат. Экинчиси - тышкы диний агымдардын жайылышы. Бул коопсуздук үчүн көйгөй жаратат. Мамлекет бул багытта өз стратегиясын иштеп чыгып, өз колуна алышы керек. Үчүнчүсү - тышкы карызды минималдаштыруунун жол-жобосун иштеп чыгуу керек. Инвестицияны карызга алмашуу же башка жолдорду издештирүү зарыл. Үч коркунуч ушул. Ал эми негизги милдеттердин бири - сот адилеттигин орнотуу. Муну бүгүн саясий элита эч нерсеге шылтабай чечиши керек. Сот адилетүү болмоюнча Кыргызстанда өнүгүү, экономикалык же башка реформа ишке ашпайт.

Каныбек Иманалиев белгилегендей, буга чейин коомдук сурамжылоолордо жарандардын көпчүлүгү сотторго ишенбей турганы белгилүү болгон. Ошол эле кезде Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүп баратканы боюнча чочулоолор көп. Ал түгүл учурда Кытайга өлкөнүн карызы 2 миллиард долларга жакындап калышы анын көз карандылыгын күчөтүшү мүмкүн экенин айрым чет өлкөлүк басылмалар да жазып чыгышкан.

Буга байланыштуу экс-премьер-министр Темир Сариев эң башкы милдет мыйзамдын сакталышын камсыз кылып, экономиканы өнүктүрүү экенин белгиледи:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Эгемендикти сакташ үчүн биримдик керек. Анан, албетте, биз мыйзамдын диктатурасын орнотушубуз зарыл. Биз иретке келип, мыйзамды сыйлоо менен алдыга койгон максаттарга умтулсак, колубуздан көп нерсе келет. Ансыз деле биз узак мөөнөт, 27 жыл абдан көп кыйынчылык тарттык. Анан баары келип эле экономикага такалат. Сапаттуу билим берүү, сапаттуу медициналык тейлөө жана башка жарандардын жашоосун жеңилдетчү кызмат көрсөтүү, мамлекеттин кубатын артыруу үчүн биз экономикалык өнүгүүнү камсыз кылышыбыз керек болуп жатат.

Ал эми тарых илимдеринин доктору Кыяс Молдокасымов бүгүнкү күндүн эң башкы милдети катары мамлекеттик башкарууну иретке келтирип, интеллигенциянын жоопкерчилигин арттыруу зарыл экенин эске салды:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

- Мамлекетти туура башкаруу керек. Ал үчүн интеллигенция, улуттук элита жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Сапаттуу улуттук элита жок өлкөдө мамлекеттин алдыга жылышы кыйын.

Өз кезегинде жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын алдындагы башкы милдет катары атаандаштыкка негизделген жана адам укуктарын сыйлаган коом түзүүгө чоң маани беришет.

Бирок эгемендикке ээ болгон жылдардан тартып жаңжалы бүтпөгөн Кумтөр сыяктуу долбоорлордун ачык иштешин камсыз кылып, суу, экологиялык маселелерди чечүүнү башкы милдет катары эсептеген пикирлер да арбын.

Кыргызстандын алдындагы башкы сыноолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG