Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды (видео)


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы

2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.

Быйылкы мелдештер 37 этноспорттун түрү боюнча өткөрүлөт. Быйылкы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин болот. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында өттү:

- Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт, - деди президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөп жатып.

Оюндун ачылышына жогорку мартабалуу коноктордон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да Кыргызстанга келишти.

Коноктор.
Коноктор.

Уюштуруучулар быйылкы ачылыш салтанат болуп көрбөгөндөй шаң менен өтөөрүн, ага 1700 адам эмгектенерин маалымдаган эле.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

Жалпы катышуучу өлкөлөрдүн спортчуларынын парадга чыгуусун кошкондо, катышуучу адамдардын саны 5 миңден ашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ачылыш аземинин режиссер-коюучусу Виктор Фельд билдирди.

- Бул ачылышта жаңы стенография, чоң экрандар бар. Жөн эле экран эмес, атайын чоң конструкцияга жайгашып, өзгөчөлүгү менен бар. Каскедерлор да жөн эле ат менен жүгүрүп өтпөстөн, биз коомчулук таң кала турган жүрүштөрдү даярдадык. Эң негизгиси - катышуучулар өздөрү көчмөндөрдүн каны айланып турганын билишет жана өзүнүн образдарын аткарууда биз үчүн кыйынчылык болгон жок.

Көчмөндөр оюндарынын географиясынан тышкары, спорттун түрлөрү да көбөйдү. Быйылкы мелдештер этноспорттун 37 түрү боюнча өткөрүлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы директору Канат Аманкулов келечекте спорттун түрлөрү көбөйө берет деди:

- 2016-жылы 24 спорттун түрү боюнча мелдештер болгон, азыркы учурда спорттун 37 түрү кошулуп жатат. Биз коңшу мамлекеттердин спортторун да кошуп жатабыз. Мисалы, тажик күрөшү, корея, жапон жана монгол күрөштөрү да кошулду. Башка өлкөлөр өздөрү да активдүүлүгүн көрсөтүп, өз спортторун Көчмөндөр оюндарына кошууга кызыкдар болуп жатканы бизди сүйүндүрдү. Бул жаатта Кыргызстан башка өлкөлөргө жабык болбостон, алардын сунуштарын да карап жатабыз.

Канат Аманкулов оюндарга спортчулардын ири делегациялары Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан келгенин кошумчалады.

Түркия кийинки оюндарды өткөрөт

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 2-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чогуу эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан учурда билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Эрдоган Түркия 2020-жылы төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын айтты. Оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - “Күч биримдиги-рух биримдиги” аттуу ураандын алдында өтүп жатат. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 млн. сом деп белгиленди. Бир жумага созулган оюндарда бардыгы болуп 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат.

Ачылыш аземине чейин эле айрым спорттун түрлөрү боюнча таймаштар 2-сентябрда башталып, балбандар тажик күрөшү боюнча медаль талашты. Кыргызстандык балбан Марлен Абдрасулов алгачкы алтын байгени алып келсе, Шерикбай Аманилла уулу (82 кг) күмүш алды. Ал эми Кайрат Тойчиев абсолюттук салмакта өлкөнүн капчыгына коло медалды кошту.

Көчмөндөр оюну: даярдыгы шайма-шай спортчулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:20 0:00

Оюндар спорттук таймаштар менен гана чектелбестен, Кырчын жайлоосунда маданий программалар менен да коштолот. Анын алкагында быйыл “Көчмөндөр ааламы” этномаданий эл аралык фестивалы алгачкы жолу өткөрүлөт. Ошондой эле кеңири театралдаштырылган көрсөтүүлөр, маданий-массалык иш-чаралар менен коштолот.

Кыргызстан 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөргөн. Ага 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Мелдештер этноспорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Ал эми 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Мелдештер этноспорттун 26 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Быйылкы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтөт. Ага 70ке жакын өлкө катышса, жалпы спорттун түрү 37ге жетти.

Айтматовдун "Гүлсарат" романын чагылдырган эстелик ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG