Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Индиялык студенттер даттанган Асаналиев кармалды


Нургалы Асаналиев.
Нургалы Асаналиев.

Бишкекте Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев кармалды. Ал бир нече факты боюнча алдамчылыкка шектелүүдө. Анын ичинде окуу жайында билим алган элүүдөй индиялык студенттин 150 миң доллардай акчасын алып, окуудан чыгарып жибергени жөнүндө да айыптоо бар. Чет элдик студенттер буга чейин Кыргызстандын президентине чейин кайрылууга үлгүргөн.

Кармоонун төркүнү

Кыргызстандын күч кызматтарынын билдирүүсүнө ылайык Эл аралык илим жана бизнес университетинин кожоюну Нургалы Асаналиев Орусияга учуп бараткан жерден кармалган. Анын кармалышына үстүнөн түшкөн бир нече арыз себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов буларды билдирди:

Адыл Оморов.
Адыл Оморов.

- 20-июлда Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Даттануучу Нургалы Асаналиев ага "батир алып берем" деп, акчасын алып качып жүргөнүн жазган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын үстүнөн индиялык студенттер да арыз жазган. Натыйжада Нургалы Асаналиев Москва шаарына учуп бараткан жерден, аэропорттон токтотулуп, кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыр бул фактылар боюнча да иликтөө иштери жүрүүдө.

Бизге жеткен маалымат боюнча Бишкек шаардык милициясына Асаналиевге каршы мындан башка да бир нече арыздар түшкөн. Алардын мазмуну да алдамчылыкка байланыштуу.

Андан мурдараак ушул эле индиялык студенттердин арызынын негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) да Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш ишин козгогон эле. Анда мекеме Бишкектеги аталган окуу жайдагы чет элдик 50 студент 2900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллар) акча төлөп, бирок окуудан айдалып кеткенин аныктаган. Бул ишти тергөө ушул күнгө чейин уланууда.

Эл аралык илим жана бизнес университетинин студенттери.
Эл аралык илим жана бизнес университетинин студенттери.

Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмилбек Жамгырчиев тергөөнүн алгачкы маалыматтары менен бөлүштү:

- Индиялык студенттер алгач өздөрүнүн тайпасынын старостасы акча чогултуп, андан ары “жетекчиликке берем” деп бербей койгонун айтып, арыз жазышкан. Бул арыз иликтенип, материалдар чогултулган. Ага юридикалык баа берилип, кылмыш иши козголгон. Бирок ошол учурда даттануучулар келбей коюшкан. Ыкчам тергөөчүлөр аларга барып чакыруу берсе да, келүүдөн баш тартып коюшкан. Ошентип алар бир жума мурдараак кайра чыгып, “акчаны биздин ортомчу алган эмес, окуу жайынын жетекчиси Нургалы Асаналиев алган экен” деп кайра арыз жазып беришти. Бирок алар Асаналиевге акча берген фактысын далилдеп бере албай жатышат. Учурда беттештирүү жана сурак жүрүп жатат. Буга жанаша түрдө окуу жайына лицензия берүүнүн өзүн да иликтеп жатабыз. Иш объективдүү жана калыс тергелип жатат деп ишендирип кетем. Ишти өз мөөнөтү бүткүчө, аягына чейин иликтеп чыгабыз.

Ал эми индиялык студенттер болсо арызды бир айча мурдараак жазышса да тергөө бүтпөй жатканын айтып нааразы. Алар ошол себептүү иштин калыс иликтенишинен да күмөн санап турушат. Индиялык студенттер ал тургай буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын да өткөрүп, видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Чет элдик студенттердин өкүлү Хурия Кхану “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биз Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетке 2016-жылы тапшырганбыз. Ошол жылы октябрда 2900 доллар келишим акыны окуу жайдын директору жана кожоюну Нургалы Асаналиевге бергенбиз. Ал учурда университеттин китепканасы, лабораториясы - эч нерсеси жок болчу. Окутуучулары да тынбай алмашып турчу. Ага карабай 2017-2018-жыл үчүн да 2900 доллардан акча төлөдүк. Нургалы Асаналиев анын баарын биздин колубуздан жекече алган. Эч кандай кассага төктүргөн эмес, ага эсеп-дүмүрчөк да берген эмес. Анан быйыл жыл башында эле “келишим акы төлөбөдүңөр” деп, акча төлөгөн эле студенттерди окуудан айдап жиберди. Барсак кароолчулар окуу жайына жөн эле киргизбей коюшту. Сессияга да жолотушкан жок. Биз Финполицияга да, УКМКга да, ИИМге да арыз жаздык. Асаналиев алардын баарынан жазасыз чыгып кетип жатты. Анын чоң байланышы болгону үчүн, ишти иликтөөдөн эч кандай жыйынтык чыкпай жатат.

Хурия Кхану ырастагандай, окуу жайынан жабыр тарткан студенттер 60тан ашат. Алардын айрымдары университетке айласыз келип кетип жатса, кээлери окуудан четтетилгени үчүн визасыз калып, кайра мекенине кайтып кетишкен.

Ал эми Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин жетекчилиги жагдай боюнча азырынча үн ката элек. Окуу жайынын ээси, камкордук кеңешинин төрагасы Нургалы Асаналиев өзү бир ай мурда берген комментарийинде күнөөнү студентердин өздөрүнө оодарган:

Нургалы Асаналиев.
Нургалы Асаналиев.

- Индиялык студенттердин өздөрүнүн ортомчулары болот. Мурдараак келип, Кыргызстанда жагдайды түшүнүп калган Индиянын эле жарандары. Студенттерди да ошолор чакырып, алып келишкен. Анан алар акчасын ошол ортомчуларга берип коюшкан. Алар биздин кассага акча төкпөй эле, аларды алдап жүрө беришкен. Студенттердин акчасы биздин окуу жайыбызга түшкөн эмес. Биз “ошол ортомчуларды айткыла, биз алар менен сүйлөшөлү, юристтер менен барып чечели” десек же анысын айтпайт. Баары жаш болгондуктан, аларды ошол ортомчусу коркутуп коет экен да. Болбосо биз аларды кетирүүгө, окутпай коюуга таптакыр кызыкчылыгыбыз жок. Студенттердин көбү сабакка таптакыр келбей коюшту. "Келгиле, окугула" деп эскертсек да келбей жатышты. "Акчасын да албасак, сабак да окушпаса" деп аргасыз окуудан четтеткенбиз. Эми ошолор баары биригип алып, арыз жазып, бизди коркутуп, “акчаны кечип жибергиле” деп жатышат. Эптеп сессиясын бүтүрүп алгысы келип атат. Ошондуктан бизге жөн гана жалаа жаап жатышат.

Нургалы Асаналиев бул кызматынан сырткары “Каганат” партиясынын лидери болуп саналат. Буга чейин ички иштер министринин кеңешчиси болуп иштеген.

Лицензия маселеси эмне болот?

Кеп болуп жаткан Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет (Международный университет науки и бизнеса - МУНиБ) 2016-жылы ачылган. Эски “Электротехник” заводунун короосунда жайгашкан окуу жайы союз учурундагы имаратты жаңылап, ошого жайгашкан. Ошентсе да корпус ушу убакка чейин толук курулуп бүтө элек.

Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет.

Билим берүү мекемеси бизнес, экономика жана медицина багытында орто жана жогорку кесиптерге окутат. Келишим акысы 1200 доллардан 2900 долларга чейин жетет. Бирок соңку чыр-чатактардан кийин Билим берүү жана илим министрлиги университетке берилген медициналык лицензияны чакыртып алганы турат.

Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков мындай деди:

Кудайберди Кожобеков.
Кудайберди Кожобеков.

- Бул окуу жайынын шарттарын, жагдайларын карап көрүп, талапка жооп бербегендиктен медициналык дарылоо иши боюнча лицензиясын убактылуу токтотконбуз. Эгер азыр студенттердин бул жылкы сессиялары бүтсө, аларды башка окуу жайларына которуп жиберебиз да, лицензияны биротоло кайтарып алабыз. Аны биз сот аркылуу чакыртып алабыз. Ага документтер даярдалып жатат. Биз билгенден бул университетте 110дой чет элдик студент билим алчу. Алар келишим акы боюнча талаш маселесин ошол окуу жайынын ээси менен өздөрү чечишип алышы керек. Ал эми ишти болсо күч кызматтары иликтеп, чекит коет, ага биз кийлигише албайбыз.

Буга чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетке Индиянын атайын стандартында окутууга лицензия берилбегенин ачыкка чыгарган. Элчиликтин өкүлү Ракеш Кумар Верма аталган окуу жайы индиялык студенттерди окутууга уруксаты жок экенин ырастаган эле:

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги.
Индиянын Кыргызстандагы элчилиги.

- Мен андай окуу жайы бар экенин билем жана ал жакта биздин студенттер окуй турганын да билем. Бирок ал окуу жайы биздин, Индиянын Медициналык кеңешинин тизмесине кошула элек, бизден лицензия ала элек. Башкача айтканда бул окуу жайы жана алар окуткан студенттердин диплому бизде таанылбайт. Бирок алар ошого карабай эле биздин студенттерди окутуп жатышат. Анткени студенттерди алып келген контракторлор аларды ушуга окшош окуу жайларына алдап тапшыртып коюп жатышат, - деген Верма “Азаттык" менен маегинде.

Ага карабай Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет эки жыл ичинде жергиликтүү жана чет элдиктерди кошкондо 700дөй студентти топтой алган.

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат.

"Азаттыктын" өнөктөшү "Настоящее время" долбоорунун аталган окуу жайдагы индиялык студенттер боюнча жасалган видеосюжети:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG