Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлады (видео)


Акыйкатчылыкка талапкерлер
Акыйкатчылыкка талапкерлер

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.

Токон Мамытов акыйкатчы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Анткен менен депутаттар арасынан башка фракция көргөзгөн талапкерди жактагандар болду.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина акыйкатчылыкка талапкер беш кишинин бирөө аял - Рита Карасартова экенин айтып, анын омбудсмендикке татыктуу экенин белгиледи.

Эл өкүлү бул пикирин Карасартованын билими, мүнөзү омбудсмендикке төп келери менен бышыктады жана жогорку кызматтарда аялдар көбүрөөк болушун кааларын кошумчалады.

- Себеби, аялдар эч качан жөн карап турбайт. Алар коргошот. Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү үчүн аялдарда бүгүнкү күндө күч да, эрк да, чечкиндүүлүк да бар. Аялдардын талапкерлигин колдоодон чочулабагыла.Өкүнбөйсүңөр. Бизде эч качан аял акыйкатчы болгон эмес. Өлкөдөгү коррупционерлердин басымдуусу аялдар эмес, эркектер,- деди Карамушкина.

Шайлоо учурунда талапкерлер менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу да орун алды. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов өзүнүн "чет өлкөнүн жаран экендигим жөнүндө” жалган маалымат таратып, “казакгейт” жасап жатат деп акыйкатчыга талапкер Токон Мамытовду айыптады. Токон Мамытов өз кезегинде минтип жооп узатты:

- Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар. Алар эки айдай мурда БШКга, бир нече күн мурда, бардык документтер, (эмне документтер экенин сиз билесиз) Казакстандын ИИМинин, биздин Жарандык берүү боюнча комиссиянын жооптору – бардыгы башкы прокуратурага жиберилген.

Экөөнүн кайым айтышуусу 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо учурунда, талапкерлер баяндама жасагандан кийин болду.

Момбеков: "Адамды кордогондор укук коргойм дейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Токон Мамытовдун талапкерлигине депутат Жанар Акаев да каршы экенин билдирди. Ал Мамытов колдоо тапса, парламент дагы бир жолу коомчулуктун сынына кабыларын билдирди:

- Соңку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай, коомчулук кыжырданган кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Акыйкатчы институтунун жалпы саясатын өзгөртүү, реформа жасоо үчүн башкарууга духу бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай кишилер талапкерлердин арасында бар. Тил алчаак акыйкатчы болбошу керек. Токон Болотбекович адам катары абдан жакшы киши, бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Мурдагы бийликтердин тушунда элдин таламын талашкан болгон билдирүү жасабаган адам карапайым калктын укугун коргой албайт, - деген Акаев акыйкатчы шайлоо учурунда добуш берүүнү көзөмөлгө албоону депутаттардан өтүндү.

Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.

Талапкерлердин ичинен Маматурайым Момунов өз талапкерлигин алып салды. Мындай чечимин 26-сентябрда Жогорку Кеңеште омбудсмен шайлоо башталар алдында, талапкерлер баяндама жасап жаткан учурда билдирди. Ал мындай чечимин талапкерлер арасында акыйкатчылыкка татыктуу башка тажрыйбалуу кишилер бар экени менен түшүндүрдү.

Момунов мурда акыйткачынын орунбасары болуп иштеген.

Өткөн аптада парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул орунга беш талапкерди карап чыккан.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат.

Акыйкатчы шайлоо жараянын "Азаттык" "Фейсбукта" жана "YouTube" каналында түз алып көрсөтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG