Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Орусия Кыргызстандагы долбоорлорун кеңейтүү ниетинде


Бишкекте соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өттү.

Анда негизинен соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу каралган.

Орусия Кыргызстанда ГЭСтерди биргелешип курууга кызыкдар

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы бүгүн (10-февралда) 12-отурумун өткөрүп, кызматташуу жаатында бир катар маселелерди карашты.

Эки өлкөнүн аталган өкмөттөр аралык комиссиясын кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экинчи тараптан Орусиянын Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жетектеди.

Жыйынтыктоочу токтомдо тараптар энергетика, мунай жана газ, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, бажы, билим берүү жана илим, миграция, банк тармагы, туризм жаатында кызматташтырууну арттыруу пландарын белгилешти.

Эки тараптуу эң эле ири экономикалык долбоорлордун катарына Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну улантуу кирчүдөй. Бул жаатта биргелешкен ишкананын ишин жандандыруу керектиги белгиленди. Андан тышкары эки өлкө Нарын дайрасында бир катар ГЭСтерди куруу планын карашууда. Ага ылайык, оболу аталган дайрада Нарын-1, Нарын-2, Нарын-3 жана Ак-Булуң ГЭСтерин куруу планы бар. Бул максатта Орусиянын “ИНТЕР РАО ЕЭС”, “РусГидро” жана Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканаларына 3 ай аралыгында иликтөө-эсептөө иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Андан тышкары Кыргызстан Орусиянын оор өнөр-жайына, айрыкча жарандык максаттагы Ка-32, Ка-226, Ми-8 тик учактарын, “Супержет Су 100”, Ан-148, Ту-204, МС-21 жана учкучсуз уча турган “Амфибия-200” маркасындагы учактарды сатып алуу планын билдирди. Орус тарап болсо аталган техникалар абдан эле кымбат турарын, кыргыз тарап оболу экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды берсе жакшы болорун, жалпысынан сунуш колдоого аларлык экенин билдиришти.

"Манаска" биргелешкен ишкана май ташыйт

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ошондой эле АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборун авиакеросин менен камсыздоо боюнча биргелешкен ишкана түзүлүп атканын да бышыктады. Жыйындан соң ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, аталган биргелешкен ишкана март айынан тарта ишке кирерин билдирди:

- Ошол биргелешкен компаниянын эң негизги иштей турган принциби - бул ошол арзан баадагы авиакеросинди Омскидеги базадан Кыргызстанга алып келип, анан АКШнын базасына куюп берүү. Ошонун негизинде биргелешкен ортомчу компания ушул февраль айында түзүлөт. Сиз айткандай кайсы тарапка канча пайыз тийет дегенге келсек, түзүлгөн меморандумдун негизинде Орусия тараптыкы 51 пайыз, Кыргызстан тараптыкы 49 пайыз болуп атат.

Ошондой эле кыргыз тарап Орусия, Казакстан, Беларус түзгөн Бажы союзуна кирүүгө ниет бар экенин, бул өз кезегинде экспорт-импорт менен алектенген ишкерлерге пайдалуу болорун билдиришти.

Буга чейин Борбор Азиядагы эркин рынок институту Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон Кыргызстан Бажы союзуна кирбеш керек деген билдирүүсүн жарыялаган болчу. Ага ылайык, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин дээрлик 60 пункту Бажы союзуна карма-каршы келет.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын орус тарабынын жетекчиси, Орусиянын Бажы кызматынын төрагасы А.Бельянинов да Кыргызстандын бул багыттагы ниетин колдоого алды. Анын айтымында, эң оболу Кыргызстанда саясий туруктуулук болсо инвестициялар көбөйөт болчу:

- Орусия Кыргызстандагы саясий туруктуулукка кызыкдар болуп турат. Качан туруктуулук орногондо биз бардык күчүбүздү жумшап, кызматташтыкты өстүрөбүз. Биздин инвестициянын көлөмү артат. Азыр ар кыл чоң долбоорлорду иликтөө иштери жүрүп атат. Энергетика сыяктуу тармактарда келишимдерге кол коюлуп атат. Бул келишимдер жана долбоорлор бир айда же бир жылда эле ишке аша койбойт.

Ушул тапта Кыргызстандагы чет элдик инвестициялардын 10 пайызын Орусиядан келген инвестициялар түзөт. Эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 60 пайызы мунай болуп саналат. Ө.Бабанов өз кезегинде бул көрсөткүчтү алда канча жогорулатса болорун айтып, эми кыргыз бийлиги өлкөдөгү бизнеске мурдагыдай тийишпей турганын, ишкерлерге болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлүп атканын, Орусиянын ири банктары, камсыздандыруу компаниялары келе берсе болорун баса белгиледи.

Эксперттердин айтымында, Түркия мамлекети Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорун катуу жанданта баштагандан бери Орусия өз таасирин жоготуп албоо үчүн аракеттерин күчөтүүгө белсенип калгандай. Аталган өкмөттөр аралык комиссия да бул жааттагы аракетин жандантканы байкалат. Эки өлкөнүн өкмөттар аралык комиссиясынын кезектеги 13-отуруму Москва шаарында март айынын соңунда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG