Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кутурма жуккан студент каза болду


Бишкектин четиндеги жолбун иттер.
Бишкектин четиндеги жолбун иттер.

Ошто кутурма илдетине чалдыгып каза болгон студенттин жакындарынын саламаттыгы текшерүүдөн өткөрүлүп, көзөмөлдөнүп жатат.

Медициналык колледждин 19 жаштагы студенти 13-сентябрда “Тез жардам” унаасы менен ооруканага жеткирилип, эки күндөн кийин каза болгон.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова бейтаптын ооруканага түшкөндөн кийинки абалы тууралуу буларды айтты:

- Ооруканага түнкү саат 11ден өтүп түшкөн. Дароо эле мага чалгандан кийин бардым. Гидрофобияга шектүү деп айтышты. Эртең менен консилиум болду. Чынында эле диагноз ошондой болуп чыкты. Гидрофобия - бул кутурма оорусу. Биз текшерип жатканда бала кыжалат болуп турган. Ал качан ит тиштегенин так айта албады. Ушул жылдын июнь айынын башында жолбун ит каап алганын гана айтты. Ит тиштеген жерди самын менен жууп, тазалап койгон экен. Андан кийин экзамендерин тапшырып Баткенге кетип калган.

Белгилүү себептер менен ысымы жашыруун калып жаткан маркумдун жакындарына байланышуу азырынча мүмкүн боло элек. Тиешелүү адистердин маалыматына караганда студенттин сөөгү Оштогу өлүкканада атайын дары менен зыянсыздандырылган. Андан кийин кичи мекени - Баткенде жерге берилди. Учурда студенттин ата-энеси, бир туугандары, жатаканада чогуу жашаган балдардын саламаттыгы текшерилип жатат.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун маалыматына ылайык ушуну менен Ошто эки жыл ичинде кутурмадан эки адам кайтыш болду.

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова мындай кайгылуу окуялар кайдыгер мамиленин кесепети болуп жатканын айтты​:

- Бардык жашоочуларга айткым келет: ит, келемиш, мышык тиштесе дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгерде сиз көрүп жүргөн, тааныган ит болсо аны он күн байлаш керек. Ит он күндө өлбөсө, анда дарыланбай койсо болот. Эгерде ит өлүп калса анда дарыланыш керек. Бул бала да дарыгерге бир айдан кийин болсо да кайрылганда аман калмак.

Студенттин өлүмүнөн кийин Ош шаарын бийлиги жыйын өткөрүп, оорунун алдын алуу, жолбун иттерди жок кылуу өнөктүгүн баштады.

“Ош тазалык" ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөновдун айтымында, күн сайын шаар аймагынан жыйырмадай жолбун ит атылып жатат.

- Быйыл сегиз айда 3176 ит аттык. Алар көчөдө жүргөн иттер. Атылган жаныбарлардын денесин шаар четиндеги атайын жайга жеткиришип, дарылап, анан жок кылышат. Ал жерде атайын кызматкерлер бар. Биз "каргысы жок иттерди жок көчөгө чыгарбагыла" деп элге дайыма айтып турабыз. Кээ бир адамдар көчөгө агытып жиберишет. Аларды адамдарга, окуучуларга зыяны тийбесин деп биз атып салабыз.

Ош.
Ош.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Орозбек Ибраимовдун айтымында, Кыргызстанда иштеп жаткан “DOGS” системасына ээси бар иттер да киргизилген.

Анын негизинде ар бир ит бир жылда бир жолу кутурмага каршы дарылоодон өтөт. Бул жылы Ош шаарында 2 миңге жакын итти дарылашкан. Ошого карабай иттен кутурма оорусу чыгып жатканын кошумчалады.

- Өткөн жылы күчүктөн кутурма чыкканын аныктаганбыз. Шаарда түшүнүктүү адамдар көп. Алар өздөрү билип дарылатышат. Ошол эле учурда дарылатпай таштап койгондор да бар. Аларды биз дарылайбыз. Быйыл Оштун четиндеги Арек айылынан эки айлык музоо кутурма менен ооруганын аныктап чыктык.

Адистер үй жаныбарларын убагында дарылатып, эгерде башка жандыктарда да кутурманын белгилери болсо, дароо ветеринарга кайрылуусу керектигин эскертишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG