Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:50

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин күз мезгили тууралуу жазган ырлар түрмөгүн сунуштайбыз.

Жакага шашып күз жели,

Жай тартып үйлөр мүштөгүн.

Жалбырттап күйгөн аптаптын,

Жалбырак болуп түшкөнү.

Угулат, күндөр шуудурап,

Уй тоскон дөңдөн чуу жылат.

Булаңгыр баскан талаада

Буластап барат буурул ат.

Узун түн...кыска куюшкан,

Убакыт жазды унуткан.

Чакырып кышка жаткансып,

Чагылган учпайт булуттан.

Самандай аңыз сарала,

Сай бойлоп аккан араба.

Өчкөнү калган өмүрдүн

Өткөнү түшөт санаага.

Чөл окшоп өңдөн кыярган

Чөмөлө салган кыраңдар.

Чөп тарткан жолдо күз жатат,

Чөккөн төө мисал туралбай.

* * *

Учат сенин жүрөгүңө каргалар,

Шамал илкип барат аста аңыздан.

Көпкөк бойдон түшүп калган алмалар,

Көз жашыңдай эң акыркы агызган.

Талааңдын да баягыдай табы жок,

Тамды чертип жамгыр гана ыр ырдайт.

Эгин төккөн кампалардын жаны бош,

Бригадирдин тааныш үнү угулбайт.

Чатырына чыгып алып үйлөрдүн,

Тоону тиктейт кимди күтүп морулар?

Жалгыз бактын жанындагы жүргөн ким,

Жалбырагы кулап жерге колунан?

Сен белең күз, жалбырактан үзүлгөн,

Өңдөн азып, күттүң кимди мынчалык?

Борошолуу кыш кирдиби түшүңө,

Чана тарткан көрдүңбү аяз зыркаарын.

Бакыт, сүйүү, чарчоо сиңген жолуңа,

Баштагыдай жакпайт эми үптү Күн.

Аял өңдүү бошоп турган боюнан,

Аялуу да, аруу дагы Күз бүгүн!..

* * *

Кан жолдун какшып көздөрү,

Калыңдап булут чөккөнү.

Кар жаачу күндү кабарлайт

Карганын чуусу көктөгү.

Арыктап токой, тал жүдөп,

Агалбай жээкте сай жүрөт.

Агарган бейит үстүнө

Акырын токтоп Ай күйөт.

Саргарат аңыз, күндөр үп,

Сары кыр жондор сүйрөйүп.

Өтүктөн түшкөн чулгоодой

Жол жатат бутка сүйрөлүп.

Караган-чийден дөө жасап,

Караңдап күүгүм жөө басат.

Чөккөнүн кепшеп бейкапар,

Чөөгүнгө окшоп төө жатат.

Кан-сөлсүз асман сустайган,

Кабар жок кайтаар куштардан.

Кагаздай талаа, зым мамы,

Карандаш өңдүү учталган...

* * *

Күн күйүп жаткан булуңга

Күз жели келип урунду а.

Ийреңдеп кетти ат жолдор,

Ийигин ийрип булуңга.

Дөбөлөп салган баштыкка,

Дөнсөөлөр окшойт аштыкка.

Иши жок, ичип мас болуп,

Ишенбай жатат капшытта.

Эңиштеп төмөн кеч аккан,

Эшиктин алды, жепек там.

Күнөстө керме, жайган кир,

Күлгө оонап жаткан эшек чаң.

Буудайлуу талаа нур эзген,

Булуңдан чымчык “пур” эткен.

Далисти ачсаң челектен

Максымдын жыты бур эткен.

* * *

Жинди талдын чачы жерге төгүлүп,

Кыз төшүндөй дөбөлөрдү сылап таң.

Бир көрүнбөй кетип, кайра көрүнүп,

Шүүдүрүмдүн кучагынан турат таң.

Сүттүн жытын коштоп алып булаган,

Сүзөт түтүн аш үйлөрдүн морунан.

Кезүүсүнө уйлар, койлор чубаган,

Үзүлчүдөй ичкерүүдө жол улам.

Көйнөк кылып көлөкөсүн тыт бактын,

Көк ит жатат жалбыракты төшөнгөн.

Көр оокаттан арылбаган кыштактын

Чөп коруктан үнү чыгат жөтөлгөн.

Күздөгү ыр

Араба. Талаада кеч,

Араба талаа кезет.

Кыңылдап ырдайт, ырдайт,

Кыйшайган арабакеч.

“... Өзөндүн ташы калды,

Өмүрдүн азы калды.

О, Кудай чөп деп жүрүп,

Өмүрдү ташыгамбы?

Саманга салат келем,

Сабизге бала апкелем.

Сан кылым өткөн экен,

Санасам сары ат менен.

Жамандык, жакшылыкты,

Кылдымбы? Кимге, кимге?

Кылдымбы жашчылыкты,

Жашчылык... билбейм, билбейм.

Сүйдүмбү? Булуттагы

Жылдызды ойлободум.

Жашадым, урушпадым,

Жамгырда жолдо болдум.

Кыздарым сыйлашам деп,

Күйөөгө тие качкан.

Уулдарым жыргатам деп,

Калаага кире качкан.

Кемпирим... бейитине,

Кез-кезде куран окуп.

Саламды жер үстүндө,

Сайттардан турам окуп.

Арабам ашчу төштө,

Күндөрдү шыңгыратып.

Күн батар жакты көздөй,

Баратам кылдыратып...”

Араба талаа кезет,

Араба. Талаада кеч.

Кызарган Күн батаар жак,

Кыйшайган арабакеч...

* * *

(“Асаба” гезитиндеги бир ырдын сынагында биринчиликти жеңип алган ыр.)

Аңызды бойлоп түздөгү,

Ак чаңгыл кечтин сүзгөнү.

Талаалар, алтын талаалар,

Мен чуркап өткөн күздөгү.

Бададан чыккан үн калып,

Басканы торун түн жайып.

Балбылдап чуркап баратам,

Батканы калган Күндү алып.

Күн болсо күйбөй түбөлүк,

Күнсүгөн жолдор түгөнүп.

Күүгүмдөн качып баратам,

Күкүктөй отко сүйөнүп.

Айылга жакындаганда,

Жүрөгүм лакылдаганда.

Караган, чийлер, бейиттер,

Кар болуп лапылдаганда.

Капкара боёк сүйкөгөн,

Караңгы каптап чүмкөгөн.

Чымылдап чуркап баратам,

Мүрзөдөн качып, мүрзөдөн.

Балалык ырын бакыттын,

Мен кайда ырдап ашыктым?

Качам деп көрсө мүрзөдөн,

Мүрзөмө келе жатыпмын...

Кеч

Кеберсийт талаа. Чөккөн Күн,

Чөл сүйрөп келет аптабын.

Өрөөнгө түшкөн өрттөгү,

Өзөндүн онтойт таштары.

От жаккан мештей ысылап,

Үйлөр үп, үймөк чөп - жошо.

Кызыл ат кырга - кызыл от,

Төө өркөч тоого көз - бото.

Арыктын суусу жалбырттап,

Айыл тынч өткөн түндөрдөй.

Жалгыз бак-жалгыз балмуздак,

Жамгырсыз күндөр-күйгөн жер.

Коруктан тынбай кыйкырган,

Короздун үнү түгөнгөн.

Кол чалгы турат шылкыйган,

Короого башын сүйөнгөн.

Таранчы чоктой бүркүлгөн,

Жалбырттап жатат бул аңыз.

Ак түтүн болуп илкиген,

Жол гана алсыз чубалып...

Закымды жиреп унчукпай,

Желесин тартат зым мамы.

Учалбай турат чымчыктар,

Шишкебек окшоп зымдагы...

Таң

Кылаңгыр нурга жык толуп,

Булуттар булайт үлбүрөп.

Атка окшойт бул таң нык тоюп,

Акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып,

“Жылт” этет тоого төнүп жол.

Арчалар жерди таянып,

Адырлар чубайт өгүз жон.

Жээгинде мелт-калт шыкалып,

Жең болуп жерде агат сай.

Чала уйку көздөй кызарып,

Чарчаган чычырканактар.

Жашыл төр, жалбыз төгүлгөн,

Бел, бейит көзгө жай жылат.

Жылкылар түшөт эгинден,

Туяктар көктө шаңгырап.

Жалгыз там, бешик сырдалган,

Ээр-токум, жалгыз сарай тур.

Ашкана, керме кир жайган,

Аш үстөл, жаайт таранчы...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG