Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

БШК өз мүчөсүн орун басарлыктан алды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кызматынан алынды. Мындай чечим БШКнын 8-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Абдрахматова өзү муну “саясий куугунтук катары” бааласа, кесиптештери бул аракетти “орун алмаштыруу” деп түшүндүрүүдө. “Республика-Ата-Журт” партиясынан БШКга көрсөтүлгөн кадрдын кызматтан алынышы түрдүү пикирлерге жем таштады.

Ачык айкындуулукту, бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасашыбыз керек дегеним үчүн да жаман көрүнүп бүткөм. Ошон үчүн азыр саясий куугунтук катары ушундай чечим кабыл алып коюшту.
Атыр Абдрахматова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу тууралуу БШКнын 8-декабрдагы жыйынында комиссиянын мүчөсү Алмаз Асаналиев демилге көтөрүп, анын сунушун БШКнын 12 мүчөсүнүн сегизи колдоп добуш берген. Алар Абдрахматова шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген деп жүйө келтиришүүдө.

- Бул чечимге “Атыр Абдрахматова өз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарган жок”,“мамлекеттик кызматтын этикасын бузду” деген сыяктуу бир нече жүйөлүү себептер негиз болду. Экинчи жагынан ар бир мамлекеттик органдын мыйзамдык нормаларга таянган регламенти болот. Ошого жараша кээ бир кызмат орундарындагы кадрлар алмашып турушу керек. Башкача айтканда, муну ротация, орун алмашуу катары да эсептесе болот. Бир киши эле бир кызматта олтура бергени туура эмес. Мен деле убакыт келгенде орун басарлык кызматты башкага өткөрүп беришим мүмкүн. Ошондуктан бул чечимдин артында эч кандай саясат жок, - деди БШКнын мүчөсү, төрайымдын башка орун басары Абдыжапар Бегматов.

Абдыжапар Бегматов.
Абдыжапар Бегматов.

Бегматов ошондой эле Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча сунуштар президенттик шайлоонун алдында да көтөрүлгөнүн, бирок түкшүмөл ойлорду жаратпаш үчүн БШК мүчөлөрү бул маселени кийинкиге калтырып келишкенин кошумчалады.

Атыр Абдрахматова өзү бул чечимди “түздөн-түз саясий буйруктун” жыйынтыгы деп эсептеп, ири саясий жараяндардын жүрүшүндө мыйзам бузуу тууралуу ачык айтып, сындаганы үчүн кесиптештерине жакпай калганын белгилейт:

- Мен былтыр, быйыл айыл өкмөттөрдү, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоолордо одоно мыйзам бузуу фактылары болгонун ачык айтып, сындап келдим. Кечээги президенттик шайлоодо болсо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, добуш берүүдө жана БШКнын ишмердигинде мыйзам бузуу өтө көп болгонун айткам. Бул аракеттерим коллегаларыма жакпай турганы белгилүү эле иш да. Ачык-айкындыкты талап кылып, "бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылышыбыз керек" дегеним үчүн да жаман көрүнүп бүткөм. Ошон үчүн азыр саясий куугунтук катары ушундай чечим кабыл алып коюшту.

Атыр Абдрахматова БШКнын мүчөлүгүнө былтыр Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынан көрсөтүлүп, шайланган. БШКнын биринчи жыйынында эле ал төрайым Нуржан Шайлдабекованын орун басары болуп дайындалган. Кийин төрайымдын жана башка кесиптештеринин чечимдерине карата көп сын-пикирлерин айтып келген.

Абдрахматова эң чуулуу иштердин бири катары айтылып жүргөн, камакка алынган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын алууга да макулдук берген эмес.

Кийин “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоодо жарыштан четтетүү тууралуу маселе козголгондо да Абдырахматова комиссиянын үч мүчөсү менен чогуу буга каршы добуш берген. Кийин президенттик шайлоонун жыйынтыгына да каршы добуш берип, шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн жарыялаган.

Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова Абдрахматованын кызматтан алынышын келерки шайлоолор менен да байланыштырууда:

- Атыр Абдрахматова президенттик шайлоодо “мындай болуп жатат, тигиндей маселелер чыкты” деп конструктивдүү сын-пикирлерди айтып жатканы бийликке жаккан жок. "Эми келерки шайлоолордо дагы ошентип чекебизге чыккан чыйкан болбосун, шайлоону шайма-шай өткөрүп алалы" деп ушундай чечим кабыл алышты деп ойлойм. Бул бийлик сынга, анча-мынча сын-пикирлерге таптакыр чыдамсыз болуп калды. Буларга "баары жайында" деп эле мактап турган кишилер керек окшойт. Экинчи жагынан “Бабановдун кадрларын тазалап жатат" деген ойлорго да кошулам.

Буга чейин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кеткен болчу. Ага чейин учурда чет өлкөдө жүргөн фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов өзү да фракция жетекчилигин тапшырып берген эле. Алар бул кадамдарга өз ыктыяры менен барганын айтышкан.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

“Республика-Ата-Журт” партиясынын депутаттарына жана анын тарапкерлерине байланыштуу соңку окуялар коомчулукта талкууга түшүп жатканы менен, ага саясий боёк сүртүүгө негиз жок деген да көз караштар бар. Эксперт Чынара Эсенгул буларга токтолду:

- Буга баа берүү кайсы алкактан караганыңа көз каранды да. Вице-спикерликтен кетип жатабы, БШКнын жетекчи орун басарлыгынан кетип жатабы, кайсы кызмат болбосун анын өзүнүн бир негизи бар. Ошол негизин талдап көрүп жыйынтык чыгарса болот. Ошондуктан кээ бирлер муну саясий куугунтук катары да чечмелеп жатышат. Бирок менимче антип айтууга эртерээк го, ага негиз жок. Мындай эмоциясыз эле сырттан карай турган болсок, азыр жаңы президент келип өз командасын түзүп жатат. Ошон үчүн кээ бир тармактагы кадрларды мурдагы каталары үчүн төмөнүрөөк позицияга түшүрүү аракети болуп жатат деп бааласак болот.

Атыр Абдрахматова мындан ары да Боршайкомдун мүчөсү катары өз ишин уланта берет. 2016-жылы шайланган БШКнын азыркы курамы 2021-жылга чейин иштейт. Анын 12 мүчөсү бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG