Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Атамбаевдин «сырдуу өнөгү» кармалды


Субихи Пархати экени айтылган, социалдык тармактагы баракчадан көчүрүлгөн сүрөт.
Субихи Пархати экени айтылган, социалдык тармактагы баракчадан көчүрүлгөн сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бизнестеги өнөгү катары сөз болгон Субихи Пархати кармалды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында саясатчыдан «Медиа Форум» ишканасын сатып алганы кеп болгон Субихи Пархати кармалганы 14-октябрда белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын аныктап, андан эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алганын аталган соттун расмий өкүлү Асел Равшанбекова билдирди:

- Соттун токтому менен эч жакка кетпөө тууралуу тилкат түрүндө бөгөт чарасы тандалды. Ага карата ушундай бөгөт чарасын тандоону тергөө сунуш кылган.

Маалыматка караганда, Субихи Пархатини Аскер прокуратурасы кармаган. Бул боюнча Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.

28 жаштагы Субихи Пархати жөнүндө ачык булактарда көп деле маалымат жок. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июнда Субихи Пархати 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргыз экенин билдирген. Башка булактар ал Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту уйгур, жарандыгы кыргыз экенин айтышкан.

Аты-жөнү коомчулукка белгисиз бул табышмактуу адам жөнүндө алгач 2018-жылдын башында коомдук ишмер, азыр Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеп жаткан Эдил Байсалов «Атамбаевдин 11 досу» аттуу иликтөөсүндө айтып чыккан эле. Анда Пархати мурдагы президент менен бизнес-өнөктөш болуп, Атамбаев ээлик кылып келген «Форум» ишканасы ушул адамга катталганы айтылган болчу.

Ал кезде Алмазбек Атамбаев бул маалыматтары боюнча «ак же көк» деп комментарий берген эмес. Бирок быйыл жайында Атамбаевден экс-президент деген макамды алуу боюнча депутаттык комиссиянын териштирүүсүндө Субихи Пархатинин аты кайрадан аталган. Анда комиссиянын төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев Пархати Атамбаевден «Форумду» 54 миллион сомго сатып алганын жана бул шектенүү жаратарын билдирген болчу:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- 2017-жыл үчүн Атамбаевдин декларациясында (Субихи) Пархатиден 54 млн. сом өлчөмүндө киреше чагылдырылгандыгы, башкача айтканда Пархати Атамбаевден «Форум» ЖЧКсын сатып алгандыгы көрсөтүлгөн. Бул боюнча өтө талаш-тартыш болду. Себеби, декларация маселеси өтө оор кылмышка кирбейт. Бирок биздин юристтер бир нече жолу далилдеп беришти. Түпкүлүгүндө бул чүмбөттөлгөн (аффилированный). Ушул үч-төрт фирманы, «АКА Инвест», «Терек-Сай жаштары», «Хуасиндин» чүмбөтүн алып салсак чыныгы адамы көрүнөт. Себеби Кыргызстанда 26 жашында Пархати деген адам миллионер болуптур. Биз ал баланы да чакырып көрөлү. Шектенүүгө негиз бар.

Кийинчерээк Субихи Пархатиге байланыштуу сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да козголгон кылмыш ишинде сөз болгон.

Башкы прокуратуранын август айында берген маалыматы боюнча, 2015-жылы «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдө коррупциялык иштерге жол берилген. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати жана кытайлык Чжай Хунвей ээлик кылат. Ошондон кийин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Пархатиге издөө жарыяланганын билдирген эле.

Бул маалыматтар ачыкка чыккан соң «28 жаштагы, буга чейин ишкерлик менен алектенбеген адам кантип мурдагы президенттин өнөгү болуп калган?» деген суроо талкуу жараткан эле.

Учурда Субихи Пархатинин кайдан жана кандай жагдайда кармалганы белгисиз. Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Пархатинин кармалышы боюнча эч кандай маалыматы жок экенин билдиришти. Бирок бул сырдуу адамдын кармалып, дароо үй камагына бошотулушунан улам айрымдар ал тергөө менен кызматташууга бардыбы деген божомолдорун айтышты.

Анткени акыркы убакта Кыргызстанда кайсы бир иш боюнча шек саналгандар тергөө менен кызматташкан учурда үй камагына бошотулушу кеңир жайылган көрүнүшкө айланды. Жарандык активист, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Адил Турдукулов Пархати кармалган соң күч түзүмдөрү андан Атамбаев боюнча көрсөтмө алышы мүмкүн деген пикирде.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Пархати жөнүндө буга чейин уккан эмесмин, - деди ал. - Бирок азыркы козголгон кылмыш иштери саясий өңүттө болуп жатканы ачык көрүнүп калбадыбы. «Жаңы Жазык кодексине ылайык иликтөө органдары менен кызматташкан адамдарга жеңилдик берилет» деп алар менен алдын-ала сүйлөшүп, тапшырма аткарууга жол ачкандай болду. Ушул жагынан алганда ««Форумду» мыйзамсыз сатып алды» деген айыптоолордун негизинде Пархатини жабыштырып жатпайбы. Ошондуктан бул жерде анын үй камагына чыкканынан улам алдын-ала кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берери ачыкка чыгып калды окшойт.

Быйыл 8-августта камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев шек саналган айыптардын арасында «Форум» ишканасын мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыш иши бар.

Буга байланыштуу Атамбаев камакка алынган соң «Медиа Форум» имараты камакка алынып, андагы КСДПнын жана «Апрель» телеканалынын редакциясынын иштешине тыюу салынган. Мурдагы президенттин тарапкерлери мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып жүрүшөт.

Атамбаев Бишкекте жайгашкан «Форум» ишканасына 1990-жылдардын башынан бери ээлик кыларын айтып келген. Бирок ал кандай жагдайда ишкананы Субихи Пархатиге сатканы боюнча эч кандай ачык маалымат берген эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG