Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Кыргыз-түрк мамилесинин "жаңы барагы"


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы “гүленчилер” маселесине кайра кайрылып, аны күн тартибинен биротоло алып салуу үчүн расмий Бишкек ага кылдат көңүл бурат деген ниетин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз жарандары кыянатчылыкка барбастыгын айтып, Анкара доомат койгон “Сапат” билим берүү мекемелери учурда мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Саясат талдоочулар Анкаранын бул боюнча туруму өзгөрбөгөнү менен, өз эркин таңуулап келген мурдагы риторикасы бир топ жумшарып калганын белгилешүүдө. Саясат таануучулар муну аймактагы жаңы геосаясий жагдай менен байланыштырышты.

Президент: "Сапат" мамлекеттин көзөмөлүндө

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы “гүленчилер” маселеси буга чейин кыргыз-түрк мамилесине шек келтиргенин айтып, расмий Анкаранын эскертүүлөрүн эске салды. Бирок саясат талдоочулардын баамында Эрдоган бул ирет Гүлендин тарапкерлери негиздеген Кыргызстандагы мектептерди жабуу, аларга таандык деп саналган башка менчик мекемелерди текшерүү жана Түркия сураган адамдарды өткөрүп берүү сыяктуу талаптарын кайталаган жок.

Бул жолу саясат талдоочулардын айтымында, анын расмий Бишкекке таңуулаган риторикасы бир аз жумшарып, Режеп Тайып Эрдоган эки ортодогу бул маселени күн тартибинен алып салуу үчүн аны биротоло чечүү жагын сунуштады:

- Бүгүнкү жолугушууда ФЕТО менен күрөш жаатында жасалчу кадамдарды сүйлөштүк. Эгер чынында эле тууган болсок, биз башыбыздан өткөргөндөрдү туугандарыбыз да көрүшүн каалабайбыз. Бизде болгон төңкөрүш аракети Кыргызстанда болбосун. Булар аскер, полиция жана мамлекеттин бардык тармактарына кирип төңкөрүш кылат. Бир тараптан бул террордук уюм менен күрөшүп жатып Кыргызстан да ФЕТОну актуалдуу темалардын катарынан чыгарып, башка позитивдүү темаларга басым жасайт деп ишенем. Тажрыйбабызды ар дайым кыргыз туугандар менен бөлүшүп турабыз. Бул жагдайда “Маариф” фонду абдан маанилүү.

Буга чейин расмий Анкара “Сапат” болуп өзгөргөн мурдагы “Себат” мектептерин жаап, анын мүлктөрүн толугу менен Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүүнү талап кылган. Анткени буга чейин түрк бийлиги Түндүк Африкада "Себат" билим берүү мекемелерин жаптырууга жетишип, алардын ордуна “Маариф” корунун окуу жайлары ачылган.

Азербайжанда жана Түркмөнстанда да ошондой аракеттер ишке ашкан. Казакстандын бийлиги болсо казак-түрк лицейлеринин аталышын өзгөртүп, бирок анын түпкү маңызын сактап калган.

Эрдоган "Сапаттын" ордуна "Маарифти" сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Кыргызстандын өкмөтү буга чейин “Маариф” фондунун мектептерин ачууга уруксат берүүгө даяр экенин, бирок “Сапат” мектептери жабылбай турганын ишарат кылган. Президент Сооронбай Жээнбеков ал мектептер мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айтып, жооп узатты:

- Урматтуу президент мырза менен Анкарада жолукканда да бул маселе көтөрүлгөн. Азыр дагы бул маселени талкууладык. Биз бул боюнча аябагандай көп иштерди алып бардык. “Себатты” “Сапатка” айландырдык. "Сапат" мектептери мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Биздин Билим берүү жана илим министрлиги бул мектептерди уюштуруунун курамына кирген. Андагы окуу жараяндары толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Мен дагы айтып кетишим керек, биз боордош өлкөлөрбүз. Биздин жарандар Түркия мамлекетине кыянатчылык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетирчү аракеттер болсо андай адамдар катуу жоопко тартылышат.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда кызматташтык боюнча кол коюлган меморандумга ылайык, анын билим берүү мекемелерин ачууга уруксат берүү парламентте иштелип чыга турган атайын макулдашуу менен бекитилет. Ошол эле кезде ал мекемелер “Сапат” мектептерине альтернатива катары түзүлүп, окутуунун шарттары атайын келишим менен жөнгө салына турганы документте көрсөтүлгөн.

Анкаранын көксөгөнү эмне?

Саясат талдоочулар түрк бийлигинин “Сапат” билим берүү мекемелери боюнча дооматын анын Кыргызстандагы саясатташкан диний жаңы идеологиялык саясаты менен байланыштырышат. Ошондуктан талдоочулар арасында бул жагдай кыргыз коомундагы жамааттардын көбөйүшүнө жана алардын ортосундагы социалдык ажырымдын күчөшүнө алып келбейби деген да кооптонуулар бар.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Педагог жана саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Түркия Кыргызстандагы таасирин күчөтүү үчүн өзүнүн ички идеологиялык маселесин Кыргызстанга алып өтүүнү көздөп жатат деп эсептейт:

- Муну менен биз Түркиянын өзүнүн ички көйгөйүн Кыргызстанга “импорттоп” жатабыз. Бул анын өзүнүн ички маселеси болуп калышы керек эле. Бирок ал өзүнүн ички маселесин Кыргызстан менен тышкы мамилеси менен байланыштырып, тышкы саясатка чыгарып жатканы өзү туура эмес. Анан мына ошол маселени улам эле кайталап, такап, доомат кылып, шарт коюп жатышынын өзү Түркиядай бизге жакын мамлекеттин президентинин айта турган сөзү болбошу керек эле. Бул жерде “Маарифти” киргизүүнүн артында эмне болушу мүмкүн? Мында ал альтернативалуу негизде киргизилсе, анда “Маариф” өзүнчө, “Сапат” өзүнчө болот. Булардын ортосунда билим берүүнүн сапаты боюнча эле атаандаштык болсо, анда ал жакшы. Бирок ал атаандаштык билим берүүдөн сырткары чыгып кеткени кооптуу. Анткени мындай жагдай коомубузда ансыз дагы бөлүнүп- жаруучулук жогору болуп турган чакта чоң ажырымга алып келет. Эгерде билим берүү боюнча эле атаандаштык болуп, “Сапат” беш мектеп салса, “Маариф” он мектеп салып, билим берүүнүн жогорку усулдарын жайылтуу менен гана чектелсе, анда бул биздин коом үчүн пайдалуу болмок.

Чоң саясаттын "оюндары"

Ошол эле кезде башка бир саясат таануучулар Түркия Борбор Азиядагы геосаясий оюнчулардын бири экенин эске алуу менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн биримдигин чыңдоонун аркасы менен Анкара өзүн чөлкөмдө Орусия менен Кытайдын таасирин жайылтууга чектөөчү күч катары көргөзүүгө умтуларын белгилешти.

Саясат таануучу Марс Сариев бул жагдайда “гүленчилер” маселеси жакынкы келечекте Эрдоган үчүн өзүнөн өзү актуалдуулугун жоготушу мүмкүн деген ойдо:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Учурда Түркиянын Батыш менен мамилеси бузулуп, экономикасы да начарлап турат. Бирок чоң геосаясатта Батыш аны колдойт. АКШ расмий Анкара менен соңку мезгилде мамилеси сууп бара жаткандай элес калтырганы менен, эгерде Түркия Борбор Азияда катуу активдеше баштаса, анда Орусиянын чөлкөмдөгү позициясына чоң сокку урулары белгилүү. Ошондуктан Түркия бул чоң геосаясий оюнда Батыштын ишенимдүү таянычы. Түркия үчүн дагы бул чөлкөмдө өзүн көргөзүп, чоң геосаясий оюнчу катары ишмердигин далилдей алса, анда анын Батышта да кадыры өсөт. Аны менен эсептеше башташат. Ошондуктан бул саясат расмий Анкара үчүн азыр аябай маанилүү. Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келген учурдагы азыркы риторикасы дагы жалпы түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигин чыңдоого багытталган чоң дипломатияга байланыштуу. Бул жерде түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчылары өз ара тил табышып, биригүүгө карата "чоң саясат" жатканын бардыгы түшүнүп турушат. Буга чейин Режеп Тайып Эрдоган катуу талап менен Кыргызстандагы "гүленчилер" маселесин көтөрүп келсе, эми анын бул кадамы басаңдайт. Муну анын соңку риторикасынан деле байкаса болот. Эми буга окшогон маселелер боюнча өз ара тил табышып, алар көшөгөнүн ичинде гана жөнгө салына турган маселеге айланат.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары учурунда эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин жыйынтыгы менен 12 документке кол коюлду. Анын ичинде аскерий-финансы кызматташтыгы тууралуу протокол, аба каттамдары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу, өкмөт аралык бажы комитетин түзүү боюнча меморандум жана “Маариф” кору менен кызматташтык тууралуу меморандум сыяктуу документтер бар.

Түркия президенти Бишкектеги ишкер форумга катышып, түрк ишкерлерин Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция салууга үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG