Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Президентке сый жана камкордук


Иллюстрация
Иллюстрация

Жергиликтүү интернет-сайттарда экс-президенттин укуктары жана мамлекет тарабынан ага түзүлгөн камкордуктар жөнүндө талкуу жүрүп жатат.

Ал арада коомчулук өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттен экс-президентке каралган шарттардан гана пайдаланышы керектигин айтып чыгышты.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев мамлекеттик резиденциядагы президентке караштуу бөлмөлөр бошотулбай жатканы боюнча жергиликтүү бир нече интернет-сайттар жарыялаган маалыматты четке какты. Сооронбай Жээнбековго мыйзамда көрсөтүлгөн шарттар толук түзүлгөнүн билдирди.

Эл шайлаган президенттин ыйгарым шарттары

Мурдагы айыл чарба министри, саясат талдоочу Жумакадыр Акенеев жаңы президентке да, мурдагы президентке да камкордук көргөзүлгөндө мыйзам бузулбашы керек деген пикирде:​

Экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев (архивдик сүрөт)
Экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев (архивдик сүрөт)

- 24-ноябрдан кийин бизде жаңы президент кызматка киришти. Ал президентке тиешелүү үйдө жашашы керек. Президент отура турган машинеге отурушу керек. Президент иштөөчү кабинетте иштеши керек. Президент кандай жерде жашашы керек, аны кимдер кайтарышы керек? Кандай шартта жумушка барып-келиши керек? Мына ошонун баары тиешелүү мыйзамда аныкталган. Мына ошонун баары Конституцияга ылайык аткарылууга тийиш. Мисал үчүн, "президент мына ушул жерде эле жашап турат" дегенге болбойт. Себеби, президентти эл шайлады. Президент өзүнүн толук ыйгарым укугуна ээ болушу зарыл. Буга чейинки президент моралдык жактан дагы муну туура түшүнүп, резиденциядагы үйдү дагы, иш бөлмөсүн дагы, машинесин дагы өз убагында бошотуп берүүгө тийиш.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев болсо ​учурда экс-президент толугу менен мамлекеттик резиденциянын аймагындагы башка дачага көчүрүлгөнүн, жаңы президент иштей турган жана жашай турган турак жайлар буга чейин толугу менен ремонттон өткөрүлгөнүн билдирди:

- Экс-президент башка дачага көчүрүлгөн. Ар кандай ушактарга ишенбей эле койгула. Жаңы президенттин иш кеңсеси, жашай турган турак жайы - баары даяр. Буга чейин эми ал үйдө кичинекей ремонт иштери жүргүзүлдү. Негизинен баары жакшы эле жашап жатышат. Президент эки иш кеңсесинде тең иштеп жатат.

Турусбек Коёналиев мамлекеттик резиденциядагы президентке караштуу бөлмөлөрдү мурдагы президент бошотпой жатканы боюнча жергиликтүү интернет-сайттар жарыялаган маалыматты ушинтип төгүндөдү. ​

Мыйзамдын талабы кандай?

Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу мыйзамдын 10-беренесине ылайык, мамлекеттик резиденция режимдик объект катары президент жана жогорку кызмат адамдары үчүн убактылуу жашаганга ылайыкташкан. Анда негизинен президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери жана Жогорку Соттун төрагасы жайгашкан.

Ал мамлекеттик мүлк болуп саналат жана менчиктештирүүгө жатпайт. Ушул эле мыйзамдын 15-беренесинде экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга бериле турганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле ага президенттик маянасынан 75 пайыздан кем эмес өлчөмдө пенсия чегерилип, ал мамлекеттик күзөт, медициналык тейлөө жана өкмөттүк байланыш каражаттарынан акысыз пайдалана алат.

Эмил Каптагаев
Эмил Каптагаев

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев жагдайга төмөндөгүчө комментарий берди:

- Менин билишимче, мамлекеттик резиденциянын ичинде экс-президентке деп жаңы үй куруп жатышкан. Мына ошол үйдүн курулушу бүтөйүн деп калганын айтып жатышкан. Анан эми бул жагдай ал үйдүн бүтүшүн карап, оңдоп-түздөө жана көчүп-конуу сыяктуу техникалык себептерге байланыштуу болсо керек. Бул жерден мен өтө чоң деле чатакты же бир чоң маселени көрбөй турам. Азыр бизде эки экс-президент бар. Мыйзам боюнча экөөнө бирдей шарт түзүлүшү керек. Алардын жашоо шарттары жана мамлекет тарабынан берилчү мүмкүнчүлүктөр бирдей болушу зарыл. Себеби бирөөнө аз, экинчисине көп, бирөөнө начар, экинчисине жакшы шарт түзүү деген мыйзамда жок.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, экс-президентти мамлекеттик камсыздандыруудан башка, анын коомдук иш-аракети мамлекет тарабынан кепилденип, тажрыйбасы пайдаланылат. Мисалы, экс-президентти чоң иш-чараларга сөзсүз түрдө катыштыруу милдетин мамлекет өз моюнуна алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG