Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

"Раим миллиондун" бажыдагы доору бүттүбү?


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Бажы кызматынын төрага орун басарынын дарегине буга чейин далай сын айтылып келген. Матраимов президент Алмазбек Атамбаев кызматын тапшырарга бир күн калганда иштен алынды.

Өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, Райымбек Матраимовду Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Ал өз чечимин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна негиздеген. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда” деп жазылып турат.

Бирок кыргыз өкмөтү Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кайсы иши үчүн бул берене менен кызматынан бошотулуп жатканын ачык айткан жок.

Чек арадагы текшерүү
Чек арадагы текшерүү

Кызматтан алынган Райымбек Матраимов менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек.

Анын бир тууган агасы, бийликтеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов инисинин кызматтан алынганын Интернеттен окуганын айтып, анын себебин билбей турганын белгиледи. Ал инисин мыкты кызматкер катары сыпаттады:

- Кайсы берене менен алынганын көрө элекмин. Иним 20-25 жылдан бери бажы тармагында. Ар дайым өз ишин абийирдүүлүк менен аткарып келе жатат. Жөнөкөй инспектордон Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейин жетти. Мен ал өтө жакшы иштеди деп ойлойм.

Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына 2015-жылы августта дайындалган. Ага чейин Ош бажысын жетектеген. Ал Ошто иштеп жүргөн кезде Бажы кызматынын азыркы төрагасы Азамат Сулайманов бир жарым жылдай Раимбек Матримовдун орун басары болгон.

Матраимов коомчулукта бай адам катары саналып келет. Ошондуктан өмүр бою мамлекеттик кызматта иштесе, мынча байлыкты кайда топтоду деген сын пикирлер Жогорку Кеңеште жана коомчулукта айтылып келген. Ошондой эле аны бажы тармагындагы коррупция үчүн айыптагандар да болгон.

Бирок Матраимов бардык дооматтарды четке каккан.

Бир тууган Матраимовдор 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду сүрөөгө кол кабыш кылышканы маалым.

Раимбек Матраимовдун иштен бошотулушу президент Алмазбек Атамбаев кызматын тапшырганга бир күн калган учурга туш келди. Коомдук ишмер Эдил Байсалов анын кызматтан алынышын мындайча баалады:

- Муну Сапар Исаковдун премьер-министр катары өз алдынча саясат жүргүзүү аракети катары көрсөк болот. Менимче, Сапар Исаков бул чечимди, албетте, Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кабыл алды. Керек болсо Сооронбай Жээнбековдун макулдугу менен болду деп ойлойм. Ошон үчүн ал президент болоруна бир күн калганда кабыл алынып жатат.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

Байсаловдун пикиринде, бул чечимди коомчулук көптөн бери күтүп келе жаткан:

- Бул сөзсүз кабыл алынчу чечим болчу. Анткени президенттик шайлоо учурунда "Раим миллион", анын үй-бүлөсү жана байлыгы дебаттардын да темасы болгон. Анан албетте эл аралык өңүттө, мисалы, ЕАЭБ, Казакстан менен болуп жаткан иште да чоң маселеге айланган. Ошондуктан бул чечим эртеби-кечпи кабыл алынышы керек болчу. Анын бүгүн кабыл алынып жатканы Сапар Исаковго упай алып келди деген ойдомун.

Бажыдагы жемкорлук

Кыргызстандын бажы тармагындагы алешемдиктер көп жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан темалардын бири. Быйыл ал Астана менен Бишкектин чек ара тирешинде да көтөрүлдү.

Казакстандын өкмөт башчысы 10-октябрдан берки кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнүн күчөтүлүшүн бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан Кыргызстандагы аткезчилик агымына каршы күрөш менен түшүндүргөн. Бул өз кезегинде чек ара бекеттеринде кезек күткөн автоунаалардын тыгынын жаратууда. Чек ара кызматынын 22-ноябрдагы маалыматы боюнча кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында топтолуп турган унаалар 600дөн ашкан.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Казакстандын өкмөт башчысынын сынынан кийин Кыргызстандагы жарандык активисттер бийликтен бажыдагы жемкорлукту иликтөөнү талап кылып, атайын топ да түзүшкөн. Анын мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова кызматтан бошотуу аркылуу Матраимовду жоопкерчиликтен куткарып жатышат деген ойдо:

- Мамлекеттин коопсуздугуна, ЕАЭБдин кызыкчылыгына каршы келген өтө жаман иш болуп жатат. Бирок ошонун түбүнө жетип, ачыкка чыгаргандын ордуна булар "ушуга ыраазы болгула" дегенсип жатат. Менимче, бул убактылуу. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал башка кызматка дайындалат. Жон эле аны жоопкерчиликтен куткарышууда.

Буга чейин Бажы кызматы "бул тармакта коррупция бар" деген маалыматты четке кагып, Казакстан айтып жаткан сандардагы айырмачылыкты Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсүн эсепке алган усулдардын айырмасы менен түшүндүргөн.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Ошто абдан белгилүү. Искендер Матраимов Социал-демократтар партиясынын тизмесинде депутат болсо, Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими.

Жети жыл мурдагы кайым айтышуу

Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздылып алынган телефондогу кайым айтышуусу дал ушул Раимбек Матраимовдун айынан чыкканы айтылган. Аны кийинчерээк Азимбек Бекназаров да "Азаттыкка” ырастап, ошол сүйлөшүүнүн таржымалын “айтып берген:

- Аны Бажы кызматынан революционерлер, азыркы губернатор Сооронбай Жээнбеков кууп чыгыптыр. Ордуна башка баланы коюптур. Анан алар мага “биз ушул баланы койсок, Матраимов Бишкекке барып 400 же 700 миң доллар берип, кайра буйрук чыгартып алыптыр, бул эмне кылганыңар?” деп арызданып, Сооронбай ыйлаган. Мен анан Атамбаевге чалып, "Сооронбай ыйлап атат, мындай болбойт да" дегем. Ошол боюнча эле анан иштеп калбады, эми бул жакка орун басар болуп келди. Албетте, мунун баары акчанын күчү менен. Кийинчерээк ал баланы бир жолу көрдүм. Бою кичинекей эле бала экен. Ал бала өмүр бою эле “капчык” болуп, пул менен ишин бүтүргөн неме экен.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбеков эртең, 24-ноябрда ант берет. Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев кызматына 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.

Бул жылдар аралыгында Матраимовдор бийликке өтө жакын адамдардан болуп келишти. Жогоруда белгиленгендей, быйылкы президенттик шайлоодо да алар Сооронбай Жээнбековду сүрөшкөн.​ Алардын кичи мекени саналган Кара-Сууда Жээнбеков көп добуш алганы белгиленген.

Бажыдагы миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG