Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Текебаев операцияга уруксат бере элек


Ооруканада дарыланып жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев онкологдордун калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алуу сунушуна макулдугун бере элек.

Бул тууралуу айткан анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова бир жарым жыл бою абакта тийиштүү деңгээлде дарылана албай келген Өмүрбек Текебаев саламаттыгын чыңдап алган соң операцияга макулдук берүү же андан баш тартуу боюнча чечим кабыл аларын билдирди.

Жазаларды аткаруу кызматынын расмий өкүлү азыр анын кенен дарылануусуна тоскоолдук жок экенин белгиледи. Саясий чөйрөдө Текебаевдин саламаттыгына көңүл бөлүп, анын сакайып кетишин камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

Калкан безинин шишиги

Быйыл 31-июлда абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу №47 абак жайынан Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна чыгарылган.

Жакында ал жактагы дарылануусу аяктап, дарыгерлердин консилиуму менен республикалык неврология бөлүмүнө которулган. Ал жерден жалпы медициналык текшерүүдөн өткөн Текебаевге биринчи жолу 2015-жылы аныкталган калкан безиндеги шишикти алдыруу сунушу берилген.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова ал азыр шишикти алдыруу боюнча онколог дарыгерлердин сунушуна жооп бере электигин билдирди:

- Ал онкологиядан текшерүүдөн өткөндө "шишик залалдуу" же "залалдуу эмес" деген так жооп болбоду. Дарыгерлер мурдагыдай эле "аны алып салуу керек" деген сунушун өзгөртүшкөн жок. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Чиркешовичтен “мен азыр барып операция жасатам” деген да, “жасатпайм” деген да жооп боло элек. Бир жыл бою анын ден соолугун күчтүү медикаменттер менен кармап турушту. Дарыланып алгандан кийин абалына жараша бир чечимге келет болуш керек.

"Ата Мекен" фракциясынын мурдагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин калкан бези жакта шишик бар экени 2015-жылы аныкталып, жергиликтүү дарыгерлерден аны "алдырыш керек” деген талап коюлган. Кийин шишик бар экени Түркиядагы клиникалардын биринде да ырасталып, бирок анын анчалык кооптуу эместиги, жарым жыл сайын текшерүүдөн өтүп туруу зарылдыгы боюнча сунуш берилген.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Саясатчы 2017-жылы камакка алынгандан бери онкологдорго көрүнө албай жүрүп, ал жакында гана Улуттук онкология борборунда текшерилди. Жергиликтүү дарыгерлер мурдагы диагнозун жана "операция жасатып, шишикти алдыруу керек" деген сунушун кайталап, бирок шишик залалдуубу же айыгып кете турганбы, так айта алышкан эмес.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Эленора Сабатарова Текебаевдин операция жасатуусуна тоскоолдук жоктугун айтып, шишиктин өтүшүп кетүү мүмкүндүгүн алдын алуу тууралуу мурда эле дарыгерлер тарабынан кеңеш берилгенин айтты:

- Биздин маалыматтар боюнча дарыгерлер мурда эле ага мына ошону операция жасатуу боюнча кеңеш беришкен. Бирок ошондо эле Текебаев өзү ага жооп бере элек болчу. Анан бул жерде Текебаевдин операциясы жасатуусуна биз тараптан эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Болгону ал өзү дарыгерлерге макулдугун бере элек болчу. Өзүнүн айтымында, анда мурда эле шишиги бар экен. Анан ар алты ай сайын дарыланып туруптур. Дарыгерлер текшергенде ал шишикти залалдуу шишикке өтүп кетиши мүмкүн деген эскертүү беришкен экен.

"Кыйналганын байкатпаган өжөр саясатчы"

Ошол эле кезде саясий чөйрөдө "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулгандан бери анын абалын сурап барган саясатчылардын агымы көбөйгөнү сөз боло баштады. Буга чейин апрель айында белгилүү саясатчылар Феликс Кулов жана Темир Сариев баштаган саясатчылар Текебаевдин абактан сырткары ооруканада дарылануусун камсыздоо өтүнүчү менен бийликке кайрылуу жасашкан. Ошондон эки айдан кийин ал абактан ооруканага чыгарылган.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев саясатчынын саламаттыгы биринчи кезекте азыркы бийликтин көңүл борборунда болушу кажет деп эсептейт:

- Өмүрбек Текебаев абакта отурган кезде бир нече жолу кирип, кабар алып чыгып жаттым. Анын саламаттыгы Атамбаев президент болуп турган мезгилде бир топ эле начарлап кеткен. Мен ага абакка киргенде бир жолу анын буту шишип, жүрөгү кысылып, ооруп жаткан экен. Бирок ал анысын байкатпаганга аракет кылды. Мен таң калганым, Өмүрбек Текебаев оор абалда болгон учурда дагы оорусуна даттанып, "менин абалым начар, сырттан дарыланайын" деп өзү бир дагы жолу суранган жок. Азыр эми дарыгерлер анын дартын толук аныктаса, анда азыркы бийлик анын коопсуз дарылануусун камсыздашы керек. Бул абдан маанилүү маселе. Кандай медициналык жардам талап кылынса, ошонун баары жасалышы зарыл. Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары абактан чыккандан кийин дагы чоң саясатка кайтып келип, ишмердигин жүргүзүү ниетин билдирип келет.

“Ата Мекен” партиясынын жол башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген шек менен ага "Коррупция" боюнча айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Сот 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бул саясатчылардын тарапкерлери аларды буга чейинки бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы катары сыпаттап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG