Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Былтыр «ити чөп жеген» ишкер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ишкерликтин мамлекет менен тил табышы оңой эмес, айрыкча ишин жаңы баштап жаткандар (стартап) үчүн. Анткен менен ишти жаңыдан баштап жаткандардын баары бирдей эмес экен.

ОсОО.KG сервисинин жардамы менен 2018-жылы катталган компанияларды, болгондо да алгачкы жылы эле мамлекеттен ойго келбес 1 000 000 сомдон ашуун акча тапкандарын издеп атып таптым.

«ОсОО.KG» — Кыргызстандагы мамлекеттик маалымат базаларын топтогон сервис. Бул жерде: Юстиция министрлигинин укуктук жактары, Финансы министрлигинин «Ачык бюджети», ошондой эле Мамлекеттик сатып алуу порталынын маалыматтары бар. Орусиялык «СПАРК-Интерфакс» жана «Контур.Фокус» Кыргызстандагы аналогу.

«Ити чөп жегендер»

«Иши эң мыкты жүрүшкөн стартаптарды» иргеп алуунун чен-өлчөмдөрү жөп-жөнөкөй:

Уюм 2018-жылы Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалымдамасында катталган.

Уюштуруу-укуктук формасы — Жоопкерчилиги чектелген коом.

Компания бир жыл ичинде бюджеттен 999 999 сомдон ашуун акча алган.

Базадагы маалыматтарга киргизилген 116 миңден ашуун компаниянын ичинен ОсОО.KG сервисинен 143 компанияны таптым. Бул компаниялардын пайдасына чегерилген бюджеттик чыгымдар 453 639 957 сомду түзөт. «Стартаптар» үчүн анчалык деле жаман жыйынтык эмес.

CSV форматында комапниялардын тизмесин ушул жерден көчүрүп алсаңыз болот.

2018-жылы Кыргызстанда алдыңкы үчтүккө кирген стартаптардын 3 топ башы мындай.

ageev
ageev

Баарынан кызыгы, «Экспорт профи» ЖЧК (ИНН 00608201810240) менен «Аманат профи» ЖЧК компаниясы (ИНН 00608201810238) бир күндө - 2018-жылдын 6-августунда катталган, анан да экөө тең бир гана кишиге - Кадышов Алишер Мелисбековичке таандык.

Ушул эле адамга 2018-жылдын жыйынтыгы менен «мыкты стартаптар тизмесине» кирбей калган дагы бир уюм тиешелүү - «Норд экспорт» ЖЧК (ИНН 01312201710084). 2018-жылы компания бюджеттен 8 млн. 587 миң 82 сом алган. Компания алгач 2017-жылдын 13-декабрында катталган, ал эми 2018-жылдын майында Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөн (негиздөөчүсү алмашылган).

«Норд экспорт» компаниясынын ОсОО.KG профайлы
«Норд экспорт» компаниясынын ОсОО.KG профайлы

2018-жылы Кадышов Алишер Мелисбековичке таандык компаниялар жалпысынан бюджеттен 38 млн. 859 миң 187 сом алган.

Алардын аткара турган жумушу, иштей турган аймагы аябай эле кеңири: Бакай-Атада жолго шагыл төшөйт, Үч-Теректе имараттарды оңдойт, Ош облустук мамлекеттик архивине эмеректерди жеткирет, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна компьютер жабдууларынан тартып чакасына чейин камсыз кылат, ал түгүл Бишкектеги Раззаков атындагы КМТУга лабораториялык изилдөөлөргө керектүү заттарды таап келет.

2018-жылдын 12-декабрында «Экспорт профи» ЖЧК ишенимден кеткен өнөктөштөрдүн тизмесине киргизилген.

Компанияларга берилген бюджеттик каражаттардын сарпталышынын толук маалыматын Кыргызстандын Финансы министрлигинин «Ачык бюджет» сервисиндеги тизмеден ушул шилтемеден таап аласыз.

Уюмдун ИННин издөө талаасына киргизебиз да аталышын таап жыйынтыгын билебиз.

Михаил Агеев

Редакциянын кошумчасы. БШКнын маалымат базасында «Кадышов Алишер Мелисбекович» деген аты-жөнү менен бир гана киши бар. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №7099 шайлоо участогуна бекитилген. Бирок, https://shailoo.srs.kg сайтынан алынган скриншотто көрүнүп тургандай, 2017-жылдын 5-сентябрында ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын имаратында жайгашкан башка, №1065 участкалык шайлоо комиссиясына арыз (Форма 2) берип катталган.

Кадышов Алишер Мелисбекович Кыргызстандын президентин шайлоодо 15-октябрда №1065 шайлоо комиссиясында добуш берген. Тиешелүү түрдө ал манжаларынын тагы боюнча өздүгү такталган. Жалпыга ачык турган шайлоочулар тизмесинде ал тууралуу маалыматтар бар. Аларга ылайык аты-жөнү үч эң ийгиликтүү стартаптын экөөнүн юридикалык ээсине туура келген Кадышов Алишер Мелисбекович бир айдан кийин гана 21 жашка чыгат.

(Маалымат булагы: www.osoo.kg)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG