Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Ош: сот аткаруучуга жолтоо болгон аял


Ош шаары.
Ош шаары.

Сот аткаруучуга акарат келтирген аялдын иши Жоруктар кодексинин 119-беренеси боюнча («Майда бейбаштык») сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Социалдык тармактарда тараган тасмада орто жаштан өткөн аял формачан адамды түрткүлөп, анын колунан сотко чакыруу кагазын албай, эшигин жаап, үйүнө кирип кеткени тартылган.

Бул тасма коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, андагы формачан адамга - сот аткаруучуга акарат келтирген аялды сындаган да, жактаган да пикирлер айтылды.

Облустук ички иштер башкармалыгы 6-июлда тараткан маалыматка ылайык, тасмадагы аял Ош шаарынын тургуну Мохидилхан Эргешова болуп чыккан.

Ал Кара-Суу райондук сотунун сот аткаруучусу Мелис Касымалиевге тил тийгизип, жулкулдатканга аракет кылып, түрткүлөп, дарбазасын жаап кирип кеткен. Эргешованын бул аракети Жоруктар кодексинин 119-беренеси боюнча («Майда бейбаштык») сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирдиктүү реестрге катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Азаттыкка» билдиргени боюнча тасмадагы түртүшүү аялдын кошунасынын арызынын негизинде Кара-Суу райондук сотунун чечимин аткаруу учурунда болгон.

Аялдын кошунасы Эргешованын үстүнөн «дарбазасын белгиленген чектен өткөрүп, менин короомо куруп алды» деп сотко кайрылган:

Бекзат Осмонкулов.
Бекзат Осмонкулов.

«​Райондук сот 18-июнда бул ишти карап, Мохидилхан Эргешованын кылганын туура эмес деп таап, аны дарбазасын жылдырууга өкүм кылган. 20-июнда бул иш Кара-Суу райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук аткаруучусу Мелис Касымалиевдин өндүрүшүнө түшкөн. Ал доогерди өз ыктыяры менен аталган чечимди аткаруусун эскерткени барган кезде жоопкер Эргешова сот аткаруучуну ар кандай жаман сөздөр менен урушуп, мыйзам бузууларга жол берген».

Мыйзамга орой мамилеге жумшак беренеби?

Тасмага түшүрүлгөн окуя кызуу талкууга жем таштап, бийлик менен жарандардын ортосундагы мамилеге, мыйзамга мамилеге таандык көйгөйдү күн тартибине чыгарды.

Ош шаарынын тургуну, юрист Максатбек Жорокулов тасмада мамлекеттик кызматкерди, мыйзам өкүлүн сыйлабастык көрүнүп турганын айтып, мындай учурда сот аткаруучуга акарат келтирген аялдын ишин Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча кароо туура эмес деген пикирин билдирди:

«"Майда бейбаштык" деп атап жатышыптыр. Бирок бул берене менен коомдук жайларда жалпыга жат көрүнүш жасаган кишини айыптаса болмок. Бул жерде аял мамлекеттик кызмат адамынын ишине жолтоо болуп, мыйзам өкүлүнө, мамлекеттик кызматкерге акарат келтирип жатат. Бул жерде башка берене менен квалификациялоо мүмкүнчүлүгү бар болчу».

Көп өтпөй социалдык тармактарда сот аткаруучу Мелис Касымалиев менен аны түрткүлөгөн Мохидилхан Эргешова «тынч жол менен келишип алышыптыр» деген маалымат менен кошо аларга окшош адамдардын чогуу отурган сүрөтү жана тасма таратылды.

Бирок алардын келишип кеткени тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев четке какты:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Видеодо аял «келишип алдык» деп айтып жатат. Бирок бул иш бизде Бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Сот аткаруучу аялдын өзүнө акарат келтиргени тууралуу арыз менен кайрылып, иш козголгон. Эми ал кайра тосмо арыз жаза албайт. Иш аягына чейин тергелип, сотко ашырылат».

Мамлекет жүктөгөн ишин аткарууга жолтоо кылган учурда тараптар келише албайт деген пикирин юрист Максатбек Жорокулов да айтты. Анын сөзү боюнча, сот аткаруучу мамлекеттин атынан чечим чыгара албайт.

«Эгер эки адам өз ара чатакташып, анан кайра келишип алса болот, - деди ал. - Бирок кызмат адамы мамлекеттин атынан «кечирдим» деп айтууга укугу жок. Мамлекеттик кызматкерди сыйлабай, мыйзам өкүлүнө акарат келтиргени – бул мамлекеттин жүзүнө урулган сокку болуп жатат. Бул жерде ал өзүнө мамлекет жүктөгөн ишин аткарып жаткан учурда аялдын орой мамилесине кабылып отурат. Эгер кызматтан сырткаркы учурда болсо, бир жөн эле».

Сот аткаруучуга өз ишин аткаруусуна жолтоо болуп акарат келтирген Мохидилхан Эргешованын иши боюнча учурда тергөө жүрүп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, сотко чейинки өндүрүш учурунда иш башка беренеге да квалификацияланышы ыктымал.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG