Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Р.Отунбаеванын Париж сапары


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Парижде Франциянын тышкы иштер министри Ален Жуппе менен эки өлкөнүн өз ара алакалары тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Француз ТИМинин расмий интернет барагы. 2011-жылдын 3-марты.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Парижде Франциянын тышкы иштер министри Ален Жуппе менен эки өлкөнүн өз ара алакалары тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Француз ТИМинин расмий интернет барагы. 2011-жылдын 3-марты.

Францияга иш сапар менен барган Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 2-3-марттарда Парижде бир катар олуттуу жолугушуулар өткөрдү.


Париждеги француз бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар

Кыргызстан президенти Роза Отунбаева Франциядагы сапарын улантууда. 3-мартта ал Франциянын Мамлекеттик министри, тышкы иштер мекемесинин башчысы Ален Жүппе менен жолугушту.

Ален Жүппе Кыргызстанга жардам берүү боюнча бардык маселелер Европа биримдигинде карала тургандыгын билдирди.

Франция тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, Париж былтыр июнда гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 1 миллион евродон ашуун каражат бөлгөн, франциялык судья Кильюнен жетектеген эл аралык комиссиянын курамына кирген, 16-июлда болсо Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери Кыргызстанга барып кетишкен.

Ален Жүппе региондо биринчи болуп парламенттик демократияны орнотууга жана саясий кырдаалды турукташтырууга жетишкен кыргыз президентин Франция колдоорун кайталады.

Быйыл Франция Чоң сегиз жана Чоң жыйырмага төрагалык кылат. Президент менен министрдин жолугушуусу Франциянын төрагалык алкагындагы долбоорлорунда Кыргызстандын ордун аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт, - деп айтылат француз тышкы мекемесинин маалыматында.

Ошол эле күнү президент Роза Отунбаева Франциянын Улуттук Жыйынынын (парламенттин төмөнкү үйүнүн) төрагасы Бернар Акуайе менен жолугушту.

Акуайе Кыргызстандын демократиялык коомду куруудагы жолу маанилүү экендигин айтып, Франциянын мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчы Отунбаева Франциянын отун-кубат (энергетика) тармагындагы мол тажрыйбасын эске алуу менен ушул чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга болоорун белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз парламентинин депутаттар тобун Францияга парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө үчүн жөнөтүү туурасында макулдашты.


Президент Р.Отунбаева Францияда

x
Президент Р.Отунбаева Францияда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00
Түз линк
Президент Отунбаева Улуттук Жыйындын (парламенттин төмөнкү үйүнүн) тышкы байланыштар комиссиясында сөз сүйлөп, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Президент Отунбаева француз тилин бир кездери Франциянын Авинйон (Avignon) шаарында окуганын французча айтып өттү эле, залда жандануу пайда болду.

Кыргыз президенти өз өлкөсүндөгү былтыркы элдик ыңкылап жана парламенттик шайлоо, өлкөдөгү соңку кырдаал жөнүндө кеңири баяндап берди.

Парламент мүчөлөрү президент Отунбаевадан жаңы конституция, 2010-жылдын июнундагы Ош окуялары, улуттук азчылыктардын интеграциясы, Манастагы америкалык аскер аба базасы, Ага-Хан корунун ишмердиги, кыргыз бийлигинин Ливиядагы соңку кырдаалга көз карашы тууралуу сурап, аялзаттын өкүлү катары планетанын келечеги жөнүндө ойлоруна кызыгышты.

2-мартта болсо президент Отунбаева Франциянын парламентинин жогорку үйүнүн – Сенатынын төрагасы Жерар Ларше менен жолуккан.

Ларше мырза үстүбүздөгү жылдын 19-24-апрелинде “Франция-Кыргызстан” достук коомуна мүчө депутаттар Кыргызстанда сапарда болооорун, мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүүнүн жолдорун жеринен талкуу кылышаарын билдирген.


Маданий маселелер жаатындагы башка жолугушуулар

ЮНЕСКО жана Кыргызстан

Кыргызстандын президенти Р.Отунбаева 3-мартта Париждеги иш сапарынын алкагында ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде болуп, ЮНЕСКОнун Башкы директору Ирина Бокова жана ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин төрайымы Элеонора Митрофанова менен жолугушту.

Тараптар мындан аркы маданий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыктын урунттуу маселелеорин талкуулашты.

1986-жылы ыраматылык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген эл аралык “Ысык-Көл шеринесинин” ишин кайра жандандыруу тууралуу сөз болуп, тараптар бул жаатта чогуу кызматташууга ниетин билдиришти.


Чыгыш таануучулар менен спортчуларда конокто

Президент Отунбаева айым, ошондой эле, 3-мартта Париждеги Чыгыш тилдери жана цивилизациялары институнун иши менен да таанышты. Бул илимий институттагы кыргыз таануучулар ага кыргыз тилинде кайрылышты.

Франциядагы белгилүү кыргыз таануучулардын арасында профессор Реми Дор бар.

Дор мырза тээ 1970-жылдары оогандык кыргыздардын тилин, каада-салтын жана этнографиясын иликтеген жана Рахманкул Хан менен кезиккен.

Мамлекет башчысы спорт, анын ичинде футбол да элдердин ортосундагы мамилелерди бекемдей турган маанилүү фактор болуп санала тургандыгын Франциянын Футбол федерациясынын президенти Фернан Дүшосуа (Дюшосуа) менен жолугушууда белгиледи.

Отунбаева Фернан Дүшосуа мырзаны Кыргызстанга келип, жергиликтүү футбол клубдары менен таанышып, алар менен кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөдө массалык футболду өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого чакырды.

Ф.Дүшосуа Франция бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты

Жума күнү (Бишкек убактысы боюнча ишембиге – 5-мартка караган түнкү саат 02:45те) Евроньюс (Euronews) сыналгы каналы президент Роза Отунбаева менен маекти обого чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG