Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Полициячынын өлүмү боюнча Нурланга айып тагылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип камакка алынган кыргызстандык Нурлан Муратовдун жакындары ага коюлган дооматка ишенбей турушат.

3-сентябрга караган түнү Москванын "Курская" метросунда полиция кызматкери, 23 жаштагы Андрей Райскийдин сөөгү табылган. Ал башына атылган октон каза тапканы аныкталды.

Москва шаарынын Тергөө комитети кылмышка шектелип кармалган 43 жаштагы Нурлан Муратовго айып тагылганын кабарлады.

Кылмыш кодексинин 317-беренеси ("Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу") боюнча иш козголгон.

Теги кыргызстандык Муратов камакка алынганда 2-сентябрда түнү метронун ичинен полиция кызматкери документин текшерүүгө токтотконун, кийин кабинетине кирип кеткенде атылган октун үнүн гана укканын айтып берген.

"Мага "кабинеттин тышында күтүп тур" деген. Полициячы бөлмөгө кирип кеткен. Мен октун үнүн сырттан уктум. Мен аны аткан жокмун. Ким атканын да билбейм", - дейт Муратов Интернетте тараган сурактын видеосунда.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары Москвада аялы жана бир туугандары менен бирге турушкан.

14 жана 12 жаштагы балдары Кыргызстанда энесинин колунда тарбияланат.

Аялы Айнура жолдошу камакка алынган соң батирде тинтүү болуп, кайнилери менен суракка алынганын айтты:

- Ошол күнү достору менен жолуккан. Мен да ал жакка баргам. Чогуу келатып эле метродон эки башка жакка кеткенбиз. Анан түнү келип, жатып алган. Эртеси күнү камакка алып жатышпайбы. Бирөөнү өлтүрсө кийими кан болуп келмек да. Андайы жок. Азгырык болуп, жөн жерден эле кабылып жатат. Аны кармагандан кийин эле бизди да батирден алып кетишти. Бардыгын тинтишти. Бизди алып барып, кысым көрсөтүп, "өлтүрдүм деп айтканга көндүргүлө" дешти. Күбөлөрү болсо, так далилдери болсо, үйгө канжалап келсе өзү күнөөлүү дейт элек. Ак болсо, кантебиз?! Адвокаттар болсо 1 миллион рубль сурап жатышат. 12 жылдан бери Орусияда иштейбиз. Балдарды чоңойттук, үй алдык, жакшы эле жашап жатканбыз. Ушунча бирге жашап, мага кол көтөргөн эмес. Өзү шоколад чыгарган фабрикада иштейт, мен кафеде ашпозчумун.

Иниси Эдиктин айтымында, Нурлан Муратов аскердик кызмат өтөгөн эмес, айрым маалымат каражаттары маалымдагандай Баткен коогалаңына да катышкан эмес.

- Баткен коогалаңына катышкан деген маалымат жалган. Ал аскерге да барган эмес. Бир колунда мандем бар. Мурда манжалары сынган, жакшы кыймылга келбейт. Бирөө менен мушташып, тапанча кармап атканга жарабайт. Орусиянын жарандыгын алганда да аскерге жараксыз деп жазылган кагазы болгон. Кыргызстанда кылмыш жазасына тартылган эмес. Психикалык, баңгилик оорусу жок. Келгенде короо шыпырчу, жарандык алгандан кийин жакшы жумушка кирип, фабрикада иштеп жаткан. Кыргызстанда калган апам рак менен ооруйт. Энебиздин дарылануусу үчүн баарыбыз ушул жакта иштеп жүрөбүз. Жакында эле өзү барып келген.

Москванын Тергөө комитети айыпталуучу күбөлөр менен беттештирилгенин, бир катар экспертизалар дайындалганын кабарлайт. Ошондой эле тергөө айыпталуучуга кылмыш жазасын аныктоого сотко кайрылаары маалымдалат.

Метродогу кылмыш: шектүүгө айып тагылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG