Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Орусия өткөрбөй койгон жүк шек жаратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Тиешелүү документтери жок" деп Новосибирскиден артка кайтарылганы айтылып жаткан азык-түлүк боюнча Кыргызстан Орусияга кат жиберди.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция жараксыз деп табылган товарлар Кыргызстанга таандык экенинен күмөн санап жатат.

Орус өкмөтү быйыл декабрдын алгачкы жумасында 76 тоннадан ашуун жер-жемишти Новосибирск аймагындагы "Карасук" көзөмөл бекетинен кармап, андан ары өткөрбөй койду.

Бир бөлүгү жүк токтотулган жерде жок кылынды. Товардын көбү Кыргызстанга тиешелүү экени тууралуу маалымат "Россельхознадзор" федералдык кызматынын расмий сайтына 5-декабрда чыкты.

Азык-түлүктө маркировка жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына дал келген сертификаттар болгон эмес. Жемиштер канча унаага жүктөлгөнү тууралуу да маалымат жок.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов товар Кыргызстандан чыкканынан күмөн санап жатканын белгилеп, Орусияга кат жөнөтүлгөнүн билдирди:

Калысбек Жумаканов.
Калысбек Жумаканов.

- "Коштомо документтери жок" деп жазып атышпайбы. Кантип өтүп кеткенин биз кайдан билебиз? Бизден текшерүүдөн өтпөстөн, өзүн өзү билип эле ташылып кеткен жүк болсо, Орусияга чейин кантип жетти? Жөн эле "Кыргызстандыкы" деп койгондур. Балким Казакстандан баргандыр. Документи жок болсо, "Кыргызстандан келатабыз" деп жооп беришкендир. Кызматтык иликтөө жүргүзөбүз.

Жумакановдун айтымында, кыргыз тараптан сыртка жүк ташуу боюнча 39 ишканага уруксат берилип, Евразия экономикалык биримдигинин реестрине киргизилген. Инспекциянын кепилдик кагазы менен алар ташыган жүк ашыкча текшерилбеши керек.

Кыргызстандык ишкерлер ташыган азык-түлүк лабораториялык текшерүүнүн туура эместигинен жана сертификат маселесинен улам буга чейин да Орусиянын же Казакстандын чек арасынан далай жолу артка кайткан.

Астана менен Бишкектин ортосунда быйыл 2-декабрда кол коюлган “Жол картасында” да бул маселе камтылганы кабарланган. Комплекстүү чечиле турган 50 иш-чаранын ичинде фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл да белгиленген.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы, экономика боюнча серепчи Темирбек Ажыкулов "Жол картасына" кирген эрежелерди ишкерлер билбей тургандыгын, ушундан улам жүктү артка кайтаруу сыяктуу маселелер мындан кийин да чыга бериши мүмкүн экендигин белгиледи:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Маселенин баары кыргыз ишкерлеринин ошол талаптарга канчалык даяр экенинде. "Жол картасын" көрө элекпиз. Андагы талаптар жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык жазылган жок. Товарды чет өлкөгө экспорт кылкысы келген ишкер өзү даярданышы керек, документтер менен таанышуусу зарыл. Бул жерде бардык айыпты мамлекетке оодара бергенибиз да дурус эмес. Ишкерлер өздөрү да эрежелерди карап чыгууга тийиш. Экономика министрлиги, фитосанитария, ветеринария багытында иштеген ишкерлер менен тыгыз кызматташып, ар түрдүү түшүндүрүү иштери өткөрүлүшү зарыл.

Ажыкулов айткан түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүнү Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Абдумажит Юсуров да колдойт. Анын пикиринде, чек арадан бажы кызматкерлерин алып салуу да ар кандай түшүнбөстүктөргө негиз болуп жатат:

"Эгер бажычылар ошол жерде болсо, Кыргызстандан чыгып бараткан товар ээлерине кемчиликтерин айтып, аны оңдоого жардам беришмек".

- Азыр чек арада бажы кызматкерлери жок. Чек арачылар гана турат эмеспи. Эгер бажычылар да ошол жерде болсо, Кыргызстандан чыгып бараткан товар ээлерине кемчиликтерин айтып, аны оңдоого жардам беришмек. Ошондо ишкерлер башка мамлекеттин чек арасына барганда кыйынчылыкка кабылбайт эле. Биздин комитеттин мүчөлөрү акыркы кездери фитосанитардык эрежелерден, лабораториялык текшерүүлөрдөн улам чыгып жаткан маселелерди тез-тез талкууга алып жатабыз. Өкмөттүн иш планында чекилик деле жок. Болгону аткаруу иштери талапка жооп бериши керек.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Уюмдун эрежелерине ылайык чек ара көзөмөл пункттарынан бажычылар алынып ташталган. Курамына Казакстан, Армения, Орусия жана Беларус мамлекеттери кирген биримдиктин баштапкы максаттары боюнча ортодо товар ташууда маселе чыкпашы керек эле. Бирок лабораториялык текшерүүлөр уюмда эң көп талкуу жараткан мүшкүл бойдон кала берүүдө.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, өлкөдө азыр Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берген 19 лаборатория иштеп жатат. Анын экөө улуттук макамда.

Инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун айтымында, Орусия өкмөтү Кыргызстандагы лабораториялардын абалын дагы жакшыртуу үчүн 61 түрдүү жабдуу жөнөтүшү керек. Бирок ал азырынча кармалып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG