Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Жерүй алтын кени жанданат


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Таластагы Жерүй кенинин инфраструктуралык курулушу апрель айынын ортосунан тарта башталат. Бул тууралуу 31-мартта кенди иштетүү боюнча жергиликтүү элдин катышуусунда өткөн талкууда айтылды.

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Жерүй алтын кенин иштетүүнү талкуулаган жыйынга 300гө жакын жергиликтүү тургун, облустагы өкмөттүн өкүлү Даир Кенекеев, өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, кенди иштетүүчү орусиялык "Орус платинасы" компаниясынын жана анын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Жыйын жергиликтүү элге кен иштетүүчү ишкана тууралуу маалымат берүү, Жерүй алтын кенин иштетүү пландарын тааныштыруу менен ачылды. Маалыматка ылайык, Жерүй алтын кенинин инфраструктуралык курулушу апрель айынын ортосунан тарта башталат.

Энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Жерүйдү иштетүүгө укук алган компания август айына чейин калдыктар сакталуучу жай менен алтын чыгаруучу ишкананын техникалык долбоорун иштеп чыгуусу керек:

- Эң негизги маселе - кайра эле экология болуп жатат. Экологиялык тобокелчиликтерди такыр эле жокко чыгарууга аракет кылышыбыз керек. Мамлекеттик органдар бул багытта кылдат иш кылып жатат. Ошон үчүн 6-7 долбоордун экөө боюнча он корутундуну бере элекпиз. Эң чоң долбоорлор - калдыктар сакталуучу жай жана фабрика боюнча августка чейин убакыт бердик. Зыян тийбеген эң алдыңкы технологияны колдонсун деп талап кылып жатабыз. Мен коомчулукту да ишендирип кетем, эч кандай зыян болбошу керек.

Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган Жерүйдү иштетүү боюнча лицензия аукциондун негизинде 2015-жылы 100 миллион долларга сатылган. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар деп эсептешкен.

Кенди иштетүү укугун орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясы алган эле. Анын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын башкы директору Михаил Шубин компаниянын ишмердүүлүгү боюнча мына буларга токтолду:

- Биз буга чейинки сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга ылайык сөздөн ишке өтөбүз. Апрель айынын 5-7леринде объекттин курулушуна киришебиз. Андан ары экологиялык коопсуздук боюнча тыкыр иштеп баштайбыз. Ал үчүн Кыргызстанга заманбап, кымбат баадагы технологияларды алып келебиз. Мындан тышкары, ушул жылдын сентябрь айынын башында дагы 100 миллион сом менен «Бакубат Талас» фондунун эсебин толуктайбыз. Аны социалдык муктаждыктар үчүн керектелүүчү долбоорлорго колдонсо болот.

Таластын Бекмолдо айылында жайгашкан Жерүй алтын кенин иштетүүгө 2010-жылга чейин бир катар чет элдик компаниялар лицензия алып, анын арты соттук териштирүүлөргө жеткен жана элдин нааразылыгын жараткан. Ошондуктан жергиликтүү калктын бир бөлүгү кенди иштетүүгө каршы болуп келе жатат.

Жума күнкү жыйынга катышкан 300гө чукул адамдын көпчүлүгү аны иштетүүгө макул экенин Бекмолдо айыл өкмөтүнө кирген Сасык-Булак айылынын тургуну Ильяс Туйгумбаев билдирди:

- Облуска, районго, Бекмолдо айыл өкмөтүнө берилген жардамдарды баса белгилеп, элдин көпчүлүгү кендин иштешине макул болуп жатат. Жумуш башталганда 70% кыргызстандыктар, ал эми иштеп баштаганда жумушчулардын 90% кыргыздар болмой болду. Элдин көпчүлүгүн ушул жумушсуздуктун айынан кендин келечегине ынангандай болду. Болгону кен үчүн которулган акчанын ачык-айкын сартталуусу боюнча маалымат берип турушса.

Жыйынга Жерүйдүн ачылышына буга чейин каршы болуп келген активисттер да катышып, аны иштетүүгө дале макул эмес экенин билдиришти. Мунун себебин "Талас эл ынтымагы" кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биз бери жагы он жылдан бери Жерүйдү ачтырбай келдик. Анткени казакстандык адистер ал кен иштетүүчү жер ишке кирсе коркунучтуу авариялык жагдай түзүлүп, зонада сейсмикалык активдүүлүк 8-9 баллга жетет деген тыянакка келишкен. Биз кенди иштетүүгө толугу менен каршыбыз.

Буга чейин Жерүйдү иштетүүгө каршы бир канча акциялар уюштурулган.
Буга чейин Жерүйдү иштетүүгө каршы бир канча акциялар уюштурулган.

2015-жылы кенди иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясы тендердин шартына ылайык, өкмөткө 100 млн доллар төлөгөн. Анын эсебинен өкмөт 170 млн сомду Талас облусуна, 170 млн сомду Талас районуна, 170 млн сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары, «Бакубат Талас» фонду түзүлүп, ага алты жылга 100 миллион сом берилген. Анын 70 млн сому орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн сегиз пайыз үстөгү менен берилип жатса, ал эми 30 млн сом кайтарымсыз шартта социалдык долбоорлор үчүн бөлүнүүдө.

Буга чейин Бекмолдого берилген каражаттын сарпталышы боюнча чыр чыгып, айыл өкмөт башчысына кылмыш ишин козгоого чейин жеткен. Мындан улам 31-марттагы жыйында жергиликтүү эл кенден түшкөн акчаны пайдаланууда ачыктыкты талап кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG