Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Депутаттар Жерүйдөгү абалды жеринде көрүштү


Көчмө жыйындагы депутаттар.
Көчмө жыйындагы депутаттар.

"Жерүй" алтын кен ишканасын пайдаланууга берүү белгиленген мөөнөттөн создуктурулушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Жерүй алтын кен аймагында өткөн көчмө жыйынында ушундай божомол айтылды.

Жерүйдү ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн создуктурулушу мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев алтын казыла турган аймак менен жеринен таанышкан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал кошумчалагандай, инвестор, тактап айтканда "Альянс Алтын" ишканасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди белгиленген убакыттан кеч аткарып жатат.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- "Жумуш кызуу жүрүп жатат" деп айта албайбыз. Булар негизинен инфраструктурага көңүл буруп атышат. Инвестор милдетин бир аз кечигүү менен аткарып жатат. Эгер мындай боло берсе биздин лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн ар бир айга айып төлөшү керек. Аны биздин өкмөт моюнга коюшу керек.

"Жерүй" ишканасы макулдашууларга ылайык келерки жылдын 28-февралында толугу менен бүткөрүлүп, ишке киргизилиши керек. Макулдашуу аткарылбаса инвестор кечиктирилген ар бир ай үчүн мамлекетке 100 миң доллар төлөшү керек болот.

Кенди иштетүү укугун алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясынын алдында түзүлгөн "Альянс Алтын" ишканасынын башкы директору Михаил Шубиндин ишендиргенине караганда, компания комбинатты ишке киргизүү планынан кечикпейт:

- Биз алтын иргөөчү фабриканы 2019-жылдын 1-мартында ишке киргизишибиз керек. Биз ушул план менен эле кетип жатабыз.

Буга чейин Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитет ЗИФ көмөк чордонуна байланыштуу "Альянс Алтынга" 500 миң доллар айып салганы кабарланган. Михаил Шубиндин айтымында, курулуш башталгандыгына жана каржылоо толук жүрүп жатканына байланыштуу компания айыппулду кайра кароо боюнча мамлекеттик тиешелүү мекемелерге кайрылган.

Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Уланбек Рыскулов курулуштун башталбай жатканы тууралуу катты чакыртып алды. Ал компаниянын кайрылуусун жакында комиссия карап чыгаарын айтты:

- Андан кийин "Альянс Алтын" кайрылды. Бул туура эмес, биз сала баштаганбыз. "ЗИФ бул комплекс, анын имараттары көп" дедик. "Тигил ишкананы баштадык, мунун баштадык" дешти. Эми биз комиссия менен айыппул салуу маселесин кайра карап чыгабыз.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Жерүй алтын кени жайгашкан аймакта өткөргөн көчмө жыйынында өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев социалдык пакет тууралуу кеп козгоду:

Марат Мураталиев.
Марат Мураталиев.

- Жыл сайын Жерүйдөн Талас облусуна 100 миллион сом берилип турат экен. 70 пайызы банк аркылуу, 30 пайызы социалдык иштерге жумшалат. Мен 50 пайызын эле банк аркылуу насыяга берип, калган 50 пайыз акчаны облустун инфраструктурасына жумшайлы деп жатам. Булар "маселени Москва чечет" дешчү. Бирок бүгүнкү жыйында ушул маселени өз ара чечүү боюнча сүйлөшмөй болдук.

2015-жылы кенди иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясы тендердин шартына ылайык өкмөткө 100 млн. доллар төлөгөн. Анын эсебинен өкмөт 170 млн. сомду Талас облусуна, 170 млн. сомду Талас районуна, 170 млн. сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары «Бакубат Талас» фонду түзүлүп, ага алты жылга 100 миллион сом берилген. Анын 70 млн. сому орто жана чакан бизнести өнүктүрүш үчүн сегиз пайыз үстөгү менен берилип жатса, ал эми 30 млн. сом кайтарымсыз шартта социалдык долбоорлор үчүн бөлүнүүдө.

Жерүй кени.
Жерүй кени.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Таластын Бекмолдо айылында жайгашкан Жерүй алтын кенин иштетүүгө 2010-жылга чейин бир катар чет элдик компаниялар лицензия алып, анын арты соттук териштирүүгө жеткен жана элдин нааразылыгына түрткү болгон.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Алмаз Жутанов, Исланбек Сарсеитов, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG