Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Даниил Урицкийге айланган Данияр Үсөнов


Даниил Урицкийге айланган Данияр Үсөнов
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Беларустар Даниил Урицкий, кыргыздар Данияр Үсөнов деп тааныган адам 2016-жылы беларус жарандыгын алганы белгилүү болду. Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Маалыматтарда Данияр Үсөнов - Даниил Урицкий ушул мекеменин башчысы.

XS
SM
MD
LG