Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Тажияга барбай, гольф ойногон Трамп


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-август - 3-сентябрь).

"Newsweek" журналы АКШ сенатору Жон Маккейндин бир жумадан бери өтүп жаткан тажиясына катышпай, гольф ойногон президент Дональд Трампка жааган сындарды топтоду. Ал тургай Америкада Трамптын сөлөкөтү түшүрүлгөн үйлөмө шарды көтөрүп, каршылык акциясына чыккандар да болду.

Вашингтондо өткөн тажияга экс-президенттер Билл Клинтон, Жорж Буш, Барак Обама катышып, Маккейндин Америка тарыхындагы зор ролу, таасири тууралуу сөз сүйлөштү. Бирок азыркы президент Дональд Трамп тажияга чакырылган эмес. Себеби Маккейн көзү тирүүсүндө Трампты катуу сындаган саясатчылардан болгон.

Вьетнам согушунун ардагери, 36 жыл Конресстин эң салмактуу мүчөсү болгон саясатчы менен коштошуу жыйындары өтүп жаткан маалда Трамп Виржиния штатындагы президенттик гольф талаасында оюн салып убакыт өткөргөнү аныкталды.

Тажияда Маккейндин кызы Меган: "Жон Маккейндин Америкасы абдан айкөл жана баарына кучагын ачат. Коопсуз жана ресурстарга бай. Жоопкерчиликтүү жана кубаттуу. Кайрадан улуу Американы курууга кажет жок, анткени ал ар дайым эле улуу мамлекет болгон", - деп Трамптын башкы ураанына чакырык таштаганын белгилейт "Newsweek".

Көчмөндөр оюндарына түшкөн көлөкө

Дүйнөлүк басма сөздө узаган аптада Кыргызстанда башталган үчүнчү Көчмөндөр оюндары, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын иш сапары бир нече макалаларда чагылдырылды. ​

"Eurasinet" онлайн-журналы Көчмөндөр оюндарына экс-президенттер чакырылганы менен бир топ убакыттан бери Сооронбай Жээнбековго "далысын салган" Алмазбек Атамбаев барбай турганын, ошентсе да экс-президент Роза Отунбаева оюндардын ачылыш салтанатында Жээнбековдун жанында турарын жазат.

"Евразиядагы олимпиадага тете болгон оюндар эми түрк тилдүү мамлекеттер арасында шерине болуп, биринен экинчисине өтмөй болду. Саясий ички тирешүүлөргө карабай, бир апталык убакыттын ичинде кыргыз жергесинин кооз табияты, улуттук өзгөчөлүктөрү дүйнөнүн көңүл борборунда болоору шексиз", - деп баяндайт "Eurasinet".

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга иш сапары тууралуу жазган "Business Insider" басылмасы Эрдоган кыргыз бийлигин дагы бир ирет "гүленчилерге" каршы чара көрүүгө чакырганын, бирок буга Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык тилде "Кимде ким Түркиянын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирсе, мыйзам алдында тиешелүү жообун алат", - деп жооп кайтарганын жазат.

"The Daily Sabah" гезити Эрдоган бул иш сапарын эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө арнарын жазган. "ФЕТО Түркияда эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө да коркунуч жаратат. Андыктан биз алар менен өлкө ичинде жана чет жакта да күрөшө беребиз", - деди түрк лидери.

БУУ Кытайды лагерлерди жабууга чакырды

Узап бараткан жумада Бириккен улуттар уюму Кытай бийлигинин уйгур тектүүлөргө жүргүзгөн саясатын сындап, жазалоочу жана кайра тарбиялоочу лагерлерди жабууга чакырды. Бул тууралуу Британияда чыккан "The Guardian" гезити жана "Bloomberg" агенттиги жазып чыгышты.

БУУнун расалык дискриминацияны токтотуу комитети Шиңжаңдагы "кайра тарбиялоочу" лагерлерде миллионго чукул уйгур тектүүлөр кармалып турганын билдирип, бул жазалоочу жайларды жабууга чакырды. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду негизсиз деп, өлкөдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобунун аракеттерин алдын алуу максатында гана айрым профилактикалык иштер жүрүп жатканын билдирди.

Ал арада АКШнын айрым мыйзам чыгаруучулары Дональд Трамптын администрациясына Шиңжаңдагы "адам укугуна байланыштуу көйгөйгө" назар салып, Кытайга санкцияларды киргизүүнү сунуштап чыгышты.

"Bloomberg" агенттиги "Кытайдагы уйгурларга карата зомбулукка эмнеге мусулман дүйнөсү баш көтөрбөйт?" деген собол таштады. Улуттар уюму Шиңжаңдагы зомбулук тууралуу айтып чыккандан бери үч апта өтсө да Малазия, Пакистан, Сауд Арабиясы сыяктуу мусулман өлкөлөр буга таптакыр кайдыгер кароодо. Эч кандай расмий билдирүү жасашпады. "Балким алар Кытай менен соода алакасын үзүп алуудан коркушат. Бирок уйгурларга карата кайдыгерлик Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын көйгөйүнө окшош кырдаал жаратууда", - деп жазды "Bloomberg".

"Таттуу жашоонун" кесепеттери

Чай, кофе, таттуу суусундук - ар бир орусиялык күн сайын орто эсеп менен 140 грамм шекер керектейт. ​Буга кошумча сансыз момпосуйлар, шекерге чыланган мөмө жемиштер, татарлардын балга чыланган чак-чагы, кавказдыктардын жаңгак жана жүзүм ширесине шекер уютулган таттуусу сыяктуу миңдеген шекер кошулган таттуулар Орусияда көп экенин германиялык "Handelsblatt" гезити жазат.

Орусиянын тамак-аш өнөр жайы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрү боюнча иш алып барбайт. Жаш кезинде арыкчырай келген орустар улгайганда тез эле салмак кошуусунун себеби да ушул шекерде болсо керек.

Кант диабети Орусияда абдан кеңири жайылган оору. Андан улам азыр Батыштын айрым өлкөлөрү Орусияга бараткан атуулдарына күн сайын керектелчү шекердин өлчөмүнө сак болууну эскерте баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG