Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Католик чиркөөсү жана педофилия чуусу


Ремигюш Кальски.
Ремигюш Кальски.

Ушул айдын башында АКШнын Пенсильвания штатында католик чиркөөсүндөгү жыныстык зомбулук боюнча атайын иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык Пенсильвания штатындагы католик чиркөөлөрүндө 70 жылдын ичинде 300дөн ашык католик диниятчысы миңдеген балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн же зордуктаган.

Католик чиркөөсү бул кинелерге кандай жооп берет? Эмне себептен католик диниятчылар мындай кылмышка барууда? Кыргызстандагы католик чиркөөсү балдар менен иш алып барабы?

Сокулуктагы католик чиркөөсүнүн жетекчиси Ремигюш Кальски "Азаттык" менен маектешти.

"Азаттык": Ремюгиш мырза, мындай актуалдуу маселе боюнча биз менен ачык маектешүүгө макул болгонуңуз үчүн сизге ыраазычылыгымды билдирем. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кандай кызматты аркалайсыз, кандай жумуштар менен алексиз?

Ремигюш Кальски: Мен Сокулуктагы католик чиркөөсүнүн жетекчисимин. Бул жерде өзүбүздүн жамаатыбыз бар. Бишкектеги епархиябызга барып да кол кабыш кылып турам. Буга кошумча оорукчан балдарды, аракечтик сыяктуу жаман адаттарга чалдыккан жарандарыбызды реабилитациялоочу борборду жетектейм. Кайрымдуулук иштерин да уюштуруп, ишке ашырам. Ысык-Көлдөгү балдар лагерине да жоопкермин. Жыл сайын майып балдар үчүн Ысык-Көлдө жайгы лагерлерди уюштурабыз.

Мындан сырткары, математика, химия, биология сыяктуу илимдер боюнча жаштарды жогорку окуу жайларына даярдоочу курстарды уюштурабыз.

Кыскача айта турган болсок, Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү социалдык жана билим берүүчү иш-чараларга жооптуумун. Бирок эң негизги милдетим - жогоруда айтып өткөндөй Сокулуктагы католик чиркөөсүнүн жетекчисимин.

"Азаттык": Эми негизги суроолорго өтсөк. Педофилия жана балдарды зордуктоо деген нерсе католик чиркөөсүндө болуп жаткан нерсеби же мунун баары жомокпу?

Ремигюш Кальски: Чындыгында католик чиркөөсү миңдеген башка маселелер менен алек болот. Ишеним менен акыл-эстин байланышы, жашоонун маңызы сыяктуу нерселерди адам баласына жеткирүүнү максат кылат. Бирок эң өкүнүчтүүсү - азыркы учурда католик чиркөөсүнүн айланасында педофилияга байланышкан ызы-чуу болуп жатат. Андан да өкүнүчтүүсү - педофилияны биз чоң күнөө жана жаман нерсе деп эсептегенибиз менен бул нерсе католик чиркөөлөрүндө болуп жатат.

Мен 20 жылдан бери католик чиркөөсүндө иштейм. Буга чейин чиркөөнүн ичинде бир да жолу педофилди же болбосо жыныстык зомбулукка кабылган жаранды учуратпадым. Мен андайларды жолуктурбаганым менен бул боюнча көтөрүлгөн маселелерди, атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрдү көргөндөн кийин "бул нерсе бар экен" деген жыйынтыкка келдим.

АКШда жарыяланган отчетту жана ал отчетто жабыркагандардын саны боюнча айтылгандарды угуп аябай таң калдым. Демек чиркөө миңдеген башка маселелер менен алек болсо да бул маселеге көңүл бөлүп, муну менен күрөшүүсү керек деп эсептейм. Бул маселе католик чиркөөсүндө бар.

Сокулуктагы католик чиркөөсү.
Сокулуктагы католик чиркөөсү.

XXI кылымдын башында чиркөө бул маселеге көңүл бөлүп, педофил диниятчыларга кечирим болбой турганын айта баштагандан кийин бул жаман иштердин саны бир аз азайды. Бирок акыркы жолу АКШда жарыяланган отчетту караганыбызда 80-жылдары бул өнөкөт аябай күч алганын байкоого болот. Бул аябай жаман нерсе жана биз мындай нерселер католик чиркөөсүндө болгону үчүн аябай өкүнөбүз. Бул ызы-чуу чиркөөгө болгон ишенимдин азайышына алып келди жана католик динине, чиркөөнүн ишине аябай терс таасирин тийгизди.

"Азаттык": Католик чиркөөсүнө караштуу кызматкерлердин педофилияга жана жыныстык зомбулукка аралашкан учурлары Кыргызстанда болдубу?

Ремигюш Кальски: Жок, Кыргызстанда мындай учурлар катталган жок. Андай нерселер бизде болбойт деп ишенем. Биздин реабилитациялык борборубузга жыл сайын миңдеген майып балдар келишет. Тогуз жылдан бери бул иш уланып келатат. Тиешелүү мамлекеттик органдардан, бизге келип дарыланып кеткен балдардан бул маселени сурап көрсөңөр болот. Милиция деген бар, балдарды коргоо уюмдары бар. Тогуз жылдан бери тогуз миңден ашык бала биздин бул борбордо дарыланды, бирок бир да жолу педофилия боюнча даттануу болгон жок. Мен ал борбордун жетекчисимин. Андай нерсе болгон жок деп ишенем. Мен билбеген же укпаган учурлар болсо - алар жөнүндө эч нерсе дей албайм, бирок менин билишимче андай учурлар катталган жок. Болсо билмекмин.

Анын үстүнө чиркөөбүздү аңдып, чиркөөнүн турмушун акмалап тургандар көп эмеспи. Алар ушундай учурлар катталса дароо эле көтөрүп чыгышмак. "Педофилия!" деп ызы-чуу чыгарышмак. Тогуз жылдан бери борборубуз иштеп келе жатат. Бул убакыттын ичинде эч ким эч нерсе айтпаса - демек болгон жок да? Кыргызстанда аз эле католик дин кызматкери иштейт. Ал эми катардагы католиктердин арасында буга окшогон нерселер барбы-жокпу, аны уккан жокмун.

"Азаттык": Голландияда жүргүзүлгөн бир иликтөөнүн жыйынтыгында ал өлкөдө 10 миңден 20 миңге жакын бала католик диниятчыларынын жыныстык зомбулугунан жабыркаганы жөнүндө айтылган экен...

Ремигюш Кальски: Билбейм. "Голландияда даярдалды" деген отчетту билбейт экенмин. Кошмо Штаттарда акыркы убакта жарыяланган отчетто миңдин айланасында бала жабыркаганы жөнүндө кеп болуп жатат. Канчалык бул маалыматтарды текшере албасак да, отчетто жазылгандар чын болушу мүмкүн. Чындыгында бул сандар деле аябай көп. Отчеттун даярдалышына күч органдары да катышкан да. Айтылгандарга ишенем. Ал эми сиз айткан Голландияда жарыяланган отчеттогу сандар боюнча күмөнүм бар...

"Азаттык": Отчеттор демекчи, католик чиркөөсү өзү диниятчылардын жыныстык кылмыштары боюнча иликтөө жүргүзгөн учурлары болгонбу?

Ремигюш Кальски: Мындан 5-6 жыл мурда биз жетекчиликтен атайын көрсөтмөлөрдү алганбыз. Ал көрсөтмөлөргө ылайык ар бир католик дин кызматкери кандайдыр жыныстык кылмышка күбө болсо же кандайдыр күмөндүү жагдайларды көрсө же укса, анда дароо укук коргоо органдарына кайрылышы керек экендиги жазылган. Биздин күч органдары менен кызматташуу милдеттерибиз жөнүндө айтылган. Чын эле биз чоң кишилердин балдарга жаман ниети менен жакындаган, тийишкен учурларын көрсөк, анда дароо милицияга айтышыбыз керек. Бул католик чиркөөсү үчүн жаңжал, ызы-чуу болушу мүмкүн, бирок эртели-кеч бул нерсе ачыкка чыгат да. Андан көрө ызы-чуу болсо да азыр териштирилип, маселе азыр чечилсин дейбиз.

Америкадагы окуялар бизге сабак болду, эч качан мындай нерсеге көз жуумп койбош керек экен. Убакыт өтүп кеткенден кийин, 20-30 жылдан кийин кандайдыр бир нерсени далилдеш да кыйын болуп калат. Ошондуктан, менин билишимче, бул маселелер католик чиркөөлөрүндө дароо чечилүүдө. 30 жыл мурда бул нерселерди иликтеш кыйын болчу жана өкүнүчтүүсү - епископтор педофилияга байланыштуу айтылгандар боюнча эч нерсе кылышчу эмес жана бул маселе менен алектенишчү эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык": Ооба, 2017-жылдын сентябрь айында папа Франциск католик чиркөөсүнүн ичиндеги жыныстык зомбулук менен кеч күрөшө башташканын мойнуна албады беле... Бирок сурайын дегеним - католик чиркөөсүнүн педофилия менен күрөшүү боюнча атайын программасы же кандайдыр планы барбы?

Ремигюш Кальски: Ооба, кээ бир жол-жоболор бар. Мисалы, балдар менен кандай иштөө керек экенин көрсөткөн жол-жоболор. Биз "эрежелерди аткарабыз" деп кол коюп бергенбиз. Ал эрежелерге ылайык, мисалы, диниятчы жашы жете элек бала менен жалгыз машинеде жүрө албайт, ээн бөлмөдө жекеме-жеке кала албайт, жеке мамиле түзө албайт. Бала менен динаятчынын жанында башка бирөө сөзсүз болушу зарыл жана динаятчы бала менен болгон аралыкты сакташы керек. Диниятчы жашы жете элек баланы кучактай албайт, аны менен жыныстык маселелерди сүйлөшө албайт, баланын денесине тийе албайт. Кыскасы дин кызматкеринин бала менен жекеме-жеке, жалгыз калышына, күмөн жараткан жүрүм-турумда болушуна тыюу салынат. Негизи эле ал жоболордо католик диниятчысы коомдо өзүн кандай алып жүрүшү керек экени айтылган. Биз бул эрежелерди аткарышыбыз керек. Мунун баары жазылган.

"Азаттык": "Папа Бенедикт XVIнын кызматтан кетишинин себеби дал ушул католик чиркөөсүндөгү педофилия ызы-чуусу болду" деген пикирлерге эмне дейсиз? Чын эле чиркөөдөгү жыныстык ызы-чуу папанын кызматтан кетишине алып бардыбы?

Ремигюш Кальски: Бул жөнүндө таптакыр маалыматым жок. Жеке оюмда папа Бенедикт XVI мунун айынан кызматтан кеткен жок. Менимче папа ден соолугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алган. Мен 2005-жылы аны менен жолукканмын. Ошондо эле ден соолугу начар экенин байкагам. Араң басып жүргөн. Анын мындай чечими туура чечим болгон деп эсептейм. Себеби, бул жоопкерчиликтүү ишти аткарыш үчүн анын күч-кубаты жетишсиз эле. Так себебин билбесем да "жыныстык зомбулукка байланыштуу кызматтан кетти" дегенге ишенбейм.

"Азаттык": Айрым дин таануучулардын ою боюнча, католик чиркөөсүндөгү жыныстык зомбулуктун себеби католицизмдеги целибат (кечилдик) принциби, башкача айтканда католик динаятчыларынын үйлөнүшүнө тыюу салынганы себеп болууда. Мындай пикирге кошуласызбы? Католик дин кызматкерлеринин үйлөнүшүнө уруксат берүү маселени чечеби?

Ремигюш Кальски: Мен бул эки нерсени бири-бири менен байланыштырбайт элем. Дин кызматкерлеринин арасындагы жыныстык зомбулуктун себеби - бул начар дуба, чала ишеним жана чала сыйынуу. Динаятчылар өздөрүн толугу менен Кудайга арнабай, үмүтүн Кудайга байлабай жаткандыктан ушул нерсе болуп атат. Болбосо Кудай католик чиркөөсүндө кызмат өтөөгө күчүн жана мүмкүнчүлүгүн бергенден кийин целибатка чыдаш үчүн да жетиштүү күч-кудуретти берет. Эгерде дин кызматкеринин ишеними чала болсо, чала сыйынса - анда целибат да, башка нерсе да жардам бербейт. Ошол учурда жалаң эле жыныстык маселе эмес, башка мүшкүлдөр да пайда болот.

Рим папасы Дублин аэропортунда.
Рим папасы Дублин аэропортунда.

Башка жагынан алып караганда, целибатка тиешеси жок башка кесиптеги адамдардын арасында деле педофилдер чыгып жатпайбы. Болгону католик диниятчылар адеп-ахлак, уят-сыйыт жөнүндө айтышканы үчүн, Кудайдын жолуна чакырышканы үчүн алардын арасынан чыккан педофилдерди коомчулук көбүрөөк талкуулап жатат. Болбосо башка кесиптин адамдары деле жыныстык зордук-зомбулукка барып жатышат да. Ал эми диниятчылар бул ишти ушундай жоопкерчиликке ээ болуп туруп жасаганы үчүн чоң күнөөгө батууда.

Ошондуктан мен целибат менен жыныстык зордук-зомбулукту байланыштырбайт элем. Целибат принциби болбогон протестант чиркөөлөрүндө деле педофилияны учуратууга болот. Негизи бул мүшкүл бардык жерде эле бар. Бул кылмыш - Кудайга болгон ишениминде, аны менен байланышында, сыйынуусунда бир мандеми бар кишилердин колунан келчү иш.

"Азаттык": Эми католик чиркөөсү тарабынан жыныстык зомбулукка дуушар болгон жарандарга төлөнүп берилип жаткан кенемтелер жөнүндө сүйлөшсөк. Мисалы, католик чиркөөсүнүн Бостондогу епархиясы эки миллиард доллар төлөгөнү белгилүү. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча католик чиркөөсү жыныстык зомбулук боюнча жабыркагандарга канча акча төлөдү?

Ремигюш Кальски: Мен бул маселе менен эч качан алектенген жокмун. Болгону кенемте төлөнгөнүн билем. Мындан сырткары ар бир окуя соттук тартипте иликтениши керек деп эсептейм. "Кандайдыр жыныстык зомбулук болду" деп айтыш оңой, бирок аны далилдеш оңой эмес. Ар нерсе болушу мүмкүн. Мисалы, кенемте алыш үчүн диниятчыны жок жерден күнөөлөп жаткан болушу да мүмкүн. Аябагандай чоң суммадагы кенемтелер төлөнгөнүн билем. Мындан башка эч нерсе айта албайм, себеби бул маселеге кызыккан эмесмин. Бирок ушундай нерсе болгону үчүн өкүнөм.

"Азаттык": Жыныстык зомбулукка байланыштуу болгон бул нерселер католицизмге, католик чиркөөсүнө кандай таасир этүүдө? Сиздердин жолуңуздарды жолдогон динчилдердин, чиркөөгө каттаган элдин санына таасирин тийгиздиби?

Ремигюш Кальски: Католик чиркөөсү өзүн акыйкатты билген, акыйкатка ээ болгон чиркөөмүн деп эсептейт. Өзүнүн ишеним системасы, окуусу, диний баалуулуктары бар. Католицизмдин окуусунда ката бар экенин далилдеш оңой эмес. Ошондуктан "чиркөөнүн таасирин азайтыш үчүн анын кадыр-баркын кетириш керек" дегендер, башынан эле биздин бир жылчыгыбызды издегендер аз эмес. Ал эми диниятчыларыбыздын өздөрүнүн напсисин ээрчип жанагындай жаман жолго түшүп жатканы, педофилияга байланыштуу ызы-чуулар чиркөөнүн кадыр-баркынын азайышына жол ачып койду. Натыйжада азыр католик чиркөөсүнүн абалы өзүнүн окуусун жарандарга жеткирүүгө жетпей калды. Диниятчылардын айткан нерселерине эл ишенбей калды.

Кыскасы, бул ызы-чуунун баары чиркөөнүн турмушуна аябай чоң таасир этти. Кыргызстанда католик чиркөөсү кичине эле жана бул жерде көп деле байкалбайт. Бирок АКШда жана Европа мамлекеттеринде мунун таасирин даана көрүп турам. Таасир чоң эле болду жана чиркөөнүн окуусуна да тикелей таасир этти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG