Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Крым, өзөктүк курал: Лукашенконун жаңы жүрүштөрү


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Александр Лукашенко аннексияланган Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааный турганын билдирди.

Ал ошондой эле Беларуска Орусиянын өзөктүк куралын жайгаштырууну сунуштады. Киев Минскинин сөзүн эмес, чыныгы иш-аракетин баалай турганын белгилеген. "Эгерде ал чын эле Крымды Орусияныкы деп тааныса, анда анын кесепеттери Беларус үчүн оор болорун" эскертти. Бул арада Беларусттун аймагында массалык тинтүүлөр жүрүп, бир топ журналисттер, укук коргоочулар жана блогерлер кармалганы кабарланууда.

Крым менен ойногон саясат

Орусиялык үгүтчү Дмитрий Киселев менен болгон маегинде Александр Лукашенко Украинага караштуу Крым жарым аралын "Орусиянын аймагы катары карай турганын" билдирди. Ал ошондой эле Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары таануу белгиси катары жакында Севастополго иш-сапары менен барарын кошумчалаган.

"Крым де-факто Орусиянын Крымы. Мен муну мурда да айткам. Ал кезде референдум өттү беле же жокпу, азыр менин эсимде жок. Бирок, мына ошол референдумдан кийин Крым де-юре да Орусияныкы болду", - дейт Александр Лукашенко.

Бирок Крымдын Орусияга таандык экенин де-факто же де-юре таануу боюнча сөз 2014-жылы Жарым аралды Орусия күч менен каратып алгандан бери Лукашенконун оозунан биринчи жолу чыкты.

Ошол эле кезде Минск расмий түрдө Крым жарым аралына Орусиянын юрисдикциялык ээлигин тааный элек. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ушул күнгө чейин бир дагы мамлекет Крымды Орусиянын аннексиялап алуусун тааныган эмес.

Ошондуктан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Лукашенконун айтканын олуттуу кабыл албастыгын, бирок чынында эле Минск Орусиянын Крымдагы мыйзамсыз оккупациясын тааный турган болсо, анда анын беларус-украин мамилеси үчүн кесепеттери оор болорун билдирди. Кулеба Крым бул жөн эле калбай турган маселе экенин эскертти.

Өзөктүк куралды жайгаштыруу сунушу

Ошол эле кезде Александр Лукашенко Батыштын кысым күчөгөн шартта Орусиянын өзөктүк куралын Беларуска жайгаштырууну сунуштай турганын айтты.

"Анда мен Путинге Беларуска өзөктүк куралды кайтарууну сунуштайм. Биз мынтип тийишкен учурда өзөктүк куралдын кайсы түрү натыйжалуу болорун макулдашабыз. Биз Беларустун аймагында буга даярбыз. Мен сарамжал кожоюн катары эч нерсесин бузбайым. Бизде бардык сарайлар ордунда сакталып турат", - деди Лукашенко.

Жапырт тинтүүлөр

Ошол эле кезде 1-декбарда Беларустун аймагында жарандык активисттердин, журналисттердин, блогерлердин жана укук коргоочулардын үйлөрү менен кеңселерин массалык тинтүүлөр жүрдү.

Бул тууралуу "Вясна" укук коргоо борбору билдирди. Куралдуу атайын топтор беткап менен батирлерге кирип барып, жарандарды кылмышка шектүүлөр катары кармап, жеринен суракка алып, айрымдарын милиция бөлүмдөрүнө алып кетти.

Борбордун маалыматы боюнча, компьютер, ноутбук, флешка, мобилдик телефон, плакат, китеп жана гезит-журнал сыяктуу жеке буюм-тайымдарды алган.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская Евробиримдикти Лукашенкону эсине келтирүү үчүн ага каршы катаал чараларды көрүүгө чакырды.

"Менин түз айтканымды кечириңиздер, бирок айтууга туура келет. Кеч болуп калды. 2020-жылдын августунан бери жөн эле жаңсоолор жана тилектештик билдирүүлөр болду. Белорустарды демократияга умтулуусу жана адамдык ар-намыс, өз тагдыры үчүн күрөшкөнүн макташты. Ошол баалуулуктарга берилгендигин европалыктар иш-аракеттери менен көрсөтүш керекпи? Бүтүндөй Европа азыр чечкиндүү кадамдарга барууга батына алабы же дагы бир жыл күтөбүзбү?".

Жарандык активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды тинтүү.
Жарандык активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды тинтүү.

Беларустун күч түзүмдөрү 1-декбарда Минскиде жана аймактардагы журналисттер Валерия Лепешеваны, Надежда Витинаны, Сергей Неровнону, жарандык активисттер Владимир Кийко, Николай Кочурц жана укук коргоочу Владимиру Телепуну кармаганы кабарланды. Жалпысынан ондон ашуун активисттер, блогерлер жана журналисттер кармалып, суракка алынганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG