Ал тургай: “Мугалимиңе айт, мен да барайын. Тарыхчы эжейиңер барабы?” деп бир топ ирет кайрылдым. Этибар алган эмес. Көңүлдүү кеткен, кечинде суз кайтты. Күткөнү көргөнүнөн башкача болуп чыкканын дароо билдим, кооптонгонум бекер болбоптур. Бир аз коркуп да калыптыр. Ал жай тууралуу ага чейин айтып эле берчүбүз. Бирок көргөн башка да. Алган таасири, байкаган жат көрүнүштөрүн кеп кылып отурду. Анын баяны мурдатан жазайын деп, бирок чыгына албай жүргөн маселени козгоого биротоло түрткү берди. Эмесе, кеп мындай.
Жалпыбыздын эс-акылыбызга сиңген мемориалдык комплекс деген макамынан, тарыхый жай деген аныктамасынан мурун бул жер - көрүстөн. Жөн көрүстөн эмес, улут келечеги үчүн өмүрүн сайып койгон, не бир трагедиялуу тагдыр күткөн аталар, ошол “Ата-Бейит” деген атты ыйгарып, кийин өзү да ал бейиттен жай тапкан даңазасы түбөлүктүү Чыңгыз ата, кечээги эле өлкөнү туңгуюкка жетелегендер менен куралсыз алышкан апрель каармандары – баары ушул жерде эмеспи. Анан да кыргыз тарыхындагы эң каргашалуу Үркүн окуясына арналган эстелик да, жогоруда айтылган аталар атылган жер да “Ата-Бейитте”. Түшүнгөн жанга кандай оор, сүрдүү жер!
Ал эми кыргыз эзелтен көрүстөнгө кылдат мамиле кылган. Эл ичинде мүрзөгө тиешелүү “кыз киши барбайт, жанынан каткырып-күлүп өтпөйт, отуруп ичимдик ичпейт, урушпайт, тынч барып, куран багыштап, кайра тартат” деген сыяктуу өз эрежелери сакталып калган. Мунун баарын кеменгер кыргыз жөн жерден чыгарган эмес да. Бул эрежелер сөз болуп аткан бейитте кынтыксыз сакталышы милдет!
Карындашымдын сөзүнө ишенсек, классы менен так жеткенде, баары камдап барган азыктарын (гамбургерлерин) жептир. Булардан кийин дагы бир башка мектептен келген топ ары жакта мугалим, окуучусу аралаш “Ак терек, көк терек” оюнун ызы-чуу көтөрө ойноп атканын көрүшүптүр. “Акыры кароолчу келип кууду” дейт! “Бизди алып барып, алып келген айдоочулар кыдыруу бүткөнчө оозго алгыс ыплас сөздөр менен сөгүнүп-сагынып атканын көрдүм, угуп аттым. Ал эми унаасынан жаман сөздөр бар реп жаңырып турду” деди. Айрым шумпай балдар Айтматовдун топурагына кол салууга жетишип жиберишиптир! “Тарыхчыбыз кыска эле маалымат берди” дегенинен улам, үйдөн кайра баарын айтып бердим...
Бул жерде күнөө балдарда эмес. Мектеп менен мугалимдерге да заар төкпөй кое туруңуз. Албетте, алардын бул жерде күнөөсү бар. Мектеп балдардын сезимин козгоону, ата жайын таанытып коюуну көздөйт. Болгону жогоруда атап өткөн эрежелерге ылайык, бейитке эркек балдарды гана алып барып, тарбия иштерин катуу көзөмөлдөп, гамбургерди мындай кой, тынч, үнсүз алып барып келиши керек болчу. Балдардын жоопкерчилигин алган айдоочуларынын жүрүм-турумуна дейре камдашы керек эле. Айыбы ушул. Мугалимдер өз кезегинде мындай жайга окуучуларды алып бараардан мурун бул темада класстык саат өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, даректүү тасмаларды, архивдик материалдарды көрсөтүп, канчалык ыйык жайга баруу алдында турушканын ар бир бала сезгидей деңгээлде иш алып барышы зарыл болчу. (Деги эле, 6-класстын окуучуларын бул жайга алып баруу эртелик кылат. Мен өзүм зор моралдык камылгадан кийин 10-классымда өзүм үчүн бир барып келгем). Мында мектеп бул ишке көңүл ачуучу экскурсия катары мамиле кылып койгону айкын жана өкүндүрөт. Бирок...
Бирок бир тараптуулуктан алыс болуп, мындай жагдайдын келип чыгышын андан ары карай турган болсок, түпкү күнөө түздөн-түз ата-энелерде! Ар бир бала - өз үйүнүн күзгүсү. Эмнеге үйдө аталар, апалар балдарына кыргыз тарыхын, кыргыз элине тиешелүү ырым-жырым, салт-санаа, түшүнүк, ишенимдер тууралуу айтып беришпейт? Мактаныч эмес, биздин үй-бүлөдө бул кадыресе көрүнүш. Болбосо карындашым тигинтип зээни кейип келип, мен минтип блог жазбайт элем. Бизди ата-энем (аман болушсун) улут уюткусуна сугарып тарбиялайт. Эмнеге башкалар антпейт?! Анда “улутту сактайлы” деп төш какканыбыз кайсы? Бирок жанагы реп уккан сөгүнчөөк айдоочу да - ата, өзү кошулуп “Ак терек, көк терек” ойногон башка мектептин мугалими да - эне. Алардын балдары “Ата-Бейиттин” жүгүн сезеринен күмөнүм бар. Үйдөн көрөңгөсү толбогон балага мугалим миң класстык саат өтпөсүн, пайдасыз. Эми “Келечек кайда баратат?” деп күйүп-бышып көргүлө!
Сөз соңун Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматованын Кыргыз радиосунун “Тарыхий инсан” уктуруусундагы маегинен үзүндү келтирүү менен чыгаргым келип турат:
“...Кечечек муундарга ушунун баарын түшүндүрсөк, биздин балдар мүмкүн башкача мамиле кылып калабы, кийинки турмушту ойлонуп калабы деп ойлойм. Келечекте ошондой ишке барбайт беле дейм...”
Нурболот Азаматов