Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:01

Токтобай акенин бу жалганды таштап кеткенин анын жанындай көргөн ини-досу Ырысбек Өмүрзаковдун соцжелеге илип койгон төрт сабынан кийин билдим.

Армандуу дүйнө деген ушул, жаңылбасам өткөн жылы Токтобай аке менен Ырысбекти чогуу үйдүн жанынан көргөм. Жол боюнда машине күтүп турсам келип токтоп, бир топко сүйлөшүп турганбыз. Анда Токтобай акенин ооруп жүргөнүн билген эмесмин. Азыраак сүйлөшүп туруп алар өз жолу менен кетишти, мен да көздөгөн жагыма жол уладым. Акыркы көрүшкөнүбүз ошол болду.

Токтобай аке менен көзү тирүүсүндө көп эле жолугуштум, бир да жолу кабагы чытылып, капаланып, нааразы болгонун көрбөдүм. Качан көрбө кабагы ачык, кебин тамаша менен баштап, жанындагы адамынын көңүлүн улай аскиянын катыгын берген маңдайы жарык бу кишинин жарыкчылыкты эрте таштап кетери кимдин оюна келиптир? Мен деле оюма албагам, дайым ушинтип жаркылдап жүрө берчүдөй көргөм. Токтобай акенин катуу ооруга чалдыкканын, абалы оор экенин кийин уктум. Анан минтип Ырысбектин кабары...

Токтобай акени касиеттүү Кетмен-Төбөгө түбөлүк жайына тапшырып келгенден кийин Бишкекте ал кишинин арбагына багыштап куран окулду. Ошол жерде бир тууган иниси Токтаалы кайгы дегенди, оору дегенди деле билбегендей жайдары жүрчү Токоң айыкпас дарттын азабын кандай тартканын, чет элдик мыкты деген дарыгерлерге, ооруканаларга кайрылышканын, бирок да алардын бир да бирөө айыгып кетерин ачык айта албаганын, алышкан оорунун алдында алсыздык кылганын айтып күрсүнүп отурду. Ошентип Токтобай аке бир тууган агасы Токтогул акенин артынан бу жалганды чанып кеткенине ишенип-ишенбей тарадык. Артында көз жашын төгүп жары, балдары калды.

Аны менен чогуу иштөө майрам эле

Жакшы адам менен чогуу иштеп, жанында чогуу жүрүштүн өзү өлчөөсүз бакыт экенин пенде баласы убагында байкабайт деле экен. Аны мен Токтобай акеден улам эстеп отурам. Эми ойлоп көрсөм Токтобай аке менен эки жылдан ашуун чогуу иштеппиз. Кыргызстан демократиясы, Акаевди жактырбаган оппозициянын ишенген басылмасы болуп калган “Республика” гезитинин кыргызча санын 1996-жылдын августунан чогуу чыгарышып, анын кубанычын да, түйшүгүн да, узакка созулган соттук териштирүүлөрүн бирге тартышып, Токтобай акенин бийик адамгерчилигин, башкаларга жакшылык кылуудан башканы ойлобогон айкөлдүгүн, бул турмуштун жакшы-жаманы аралашып калган көйгөйүн жумшак юмор, көңүл көтөргөн аския-тамаша менен ороп-чулгап, бир келген өмүрдү таза - бийик жашап өтүүгө бел байлаган адам экенине ынангам. Ошол эки жылдан ашуун убакыт ичинде биз бир да жолу урушуп-талашкан жокпуз. Мунун баары Токтобай акенин мырзалыгынан, бийик адамгерчилигинен улам болду окшойт. Токтобай аке менен чогуу иштештин өзү майрам эле.

“Республикага” чейин гезит чыгаруунун түйшүгүнөн алыс элем, анын жан жыргаткан жыргалы менен көз майыңы жеген майда жумушунан кабарсыз, номурга туштап макала жазуунун кыныгын ала элек кез. Күндөрдүн биринде түбөлүк зыңгырап турчудай социализм “күп” этип кулап түшөрү капарга кире элек, Илимдер академиясынын китепканасынан чыкпай, адабият тарыхынын түйшүгү менен алпурушуп, өкмөт бекер берчү үйүн он жылдап күтүп, анан дача кезегине туруп, азыраак акча чогулса машине алмайды эстеп, канчалаган кайран өмүрдү коммунисттик заман ошентип күттүртүп атып “жеп” кетти окшойт. А кезде Токтобай аке барандуу гезитте иштеп, социализмдин көп эле жакшылыктарын көрүптүр. Жалаң журналистикага гана байланбай аңгеме, повесть жазып, китеп чыгарып, эки өнөрдү эриш-аркак ала жүргөн кезинде заман алмашып отурбайбы. А бирок өткөндү эңсеп, коммунизмди көз жаш кылбай жаңы заманды жактырып, жаңыдан каз-каз тура баштаган Кыргызстан демократиялык кыймылына кошулуп, жаңылыкка жакын ак көңүл жан Замира Сыдыкованын өтүнүчү менен “Республика” гезитине келип отурбайбы.

Басылма эки тилде чыга баштагандан аз өтпөй соттошуу деген балакет жармашып, кыйла убакыт-саатыбызды аягы көрүнбөгөн сурактар, бир суроону он кайталаган соттук териштирүүлөр алды. Токтобай аке мунун баарына кабелтең карачу, капа болгонун билдирбей, калбаатынан жазбай, сот десе сотуна барып, калган убактысын гезит түйшүгү менен өткөрдү. Жанындай жакшы көргөн ини-досу Ырысбек Өмүрзаковдун улам-улам сотко чакырылганына, абакка жатканына ичтен сызып, аны дайыма колдоп, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылчу. Ал эми редакциядагы тамашалашчу кишиси Жума Мамбетов болчу. Жумакең ыр жазган, айтылган ар бир кепти түз кабыл алган, куулук-шумдуктан алыс, баладай баёо, ачык жан. Анын ушул касиетинен Токтобай аке толгон-токой тамаша кептерди тапчу. Редакцияда Токтобай Мүлкүбатов, Ырысбек Өмүрзаков, Садырбек Жигитеков, Жума Мамбетов, Александр Алянчиков, Тамара Слащева, Замира Сыдыкова, Бермет Букашева, Марина Сивашева, Надежда Горохова сындуу бийик адамгерчиликтүү, мыкты журналисттер менен чогуу иштешкениме ушу азырга чейин ыраазы болуп кетем. Өкүнүчкө, республикачылар катарынан Александр Алянчиков, мына эми анын артынан Токтобай Мүлкүбатов түбөлүк жайга эртелеп кетип калышты.

“Республиканын” кыргыз редакциясы деп аталганы менен экөөбүз, кийин Жумакем кошулуп үркөрдөй үч киши гана гезит чыгарып жүрдүк. Анан Бермет Түмөнбаева кошулду. Айтса, Аскар Акаевдин бийлигинде азыркыдай амал-айлалуу административдик ресурс деле жок экен. Эгемендиктин алгачкы жылдары Ак үй алды ачык, жарыбаган пенсияга жаалы кайнагандар кашык-табагын көтөрүп алып аткаминерлер алдында кыйкырып турушчу. Ак үй алдына каз-катар тизилип, сестүү талаптарды коюу, ачкалык жарыялоо жөрөлгөсү эгемендиктин алгачкы жылы чоң үйдүн эшигинин алдында башталган. “Табыш экөөбүз ачкалык кармагандар катарына турганыбызда Акаев шайланып, токтолуп калбадыбы”, - деп калчу Токтобай аке 90-жылдардагы окуяларды эстегенде. Мына эми ал кездеги жаны бирге досу Табылды Эгембердиевдин артынан Токоң да кете берди.

Токтобай аке кыска кабарларды, көлөмдүү макалаларды кыйналбай эле жазып салчу, гезиттин түгөнбөс түйшүгүнө жедеп бышып, ар кандай ишти ыкчам чечип ийиши таң калтырчу. Анан да ал иш бүткөн соң чогуу иштегендер менен чер жазыша сүйлөшүп отурганды, тамаша кептерди жакшы көрчү. Журналисттик иштин аркасы менен Кыргызстандын кыйла жерин кыдырганын, ал жерде көргөн-билгенин кызыктуу кылып айтып берчү. Ошондонбу Токтобай акеге жолукканы, аны менен тамашалашып кеткени же жөн эле убактысын өлтүргөнү редакцияга жазуучу-акындар, эриккенин баскысы келгендердин баки-жогу көп келишчү. Андайда азил-тамашалар айтылып, гезит түйшүгү сыртта калып журналисттерге той түшүп эле калчу. Кээде редактор өзү баш болуп ойдо жок жерден эле отуруштар башталып кетчү. Анын аягына чейин отургандарды жети түндө үйгө жеткирүү милдети да Токтобай акеге жүктөлчү. Редакцияда Токтобай аке менен Замира Сыдыкованын гана машинеси бар, калганыбыз жөө жүрсөк - башка айла жок, шаардын ал бурчунан бул бурчуна ташымай башталат да.

Токтобай аке жумушка келгенибизде сөзсүз же Жумакеңдин же Ырысбектин жоруктарын айтып, баарыбызды бир сыйра күлдүрүп алгандан кийин ишти баштачу. Гезит даярдалып, бир жумалык түйшүктөн азыноолок бошой калганда деле редакцияга келе берчүбүз. Замира ижарага алган үч бөлмө үйдүн ичи ошентип тамаша, азилге толуп, кийинки номурдун түйшүгү башталгыча калам менен кагазга күч келбей, Токтобай акенин “жалгыз театрына” жан жыргап күлүп, чыгармачылык чөйрөнүн “тегирменинен” чыкпай жүрө берчүбүз. Жаз келип күн жылымдаганы бош убактарда жамаатыбыз менен Замиранын атасынын дачасына барып, Аламүдүн дарыясынын жээгинде таза абадан кере жутуп, эс алып келмейибиз бар эле. Айтса, ал жерде Топчукенин ( Топчубек Тургуналиев) да дачасы бар болчу, айтылуу демократ жерге калганда чарчоо дегенди билбеген иштемчил экенин ошол Арашандан көрдүм.

Токтобай аке бизден жашы улуу болгону менен баарыбыз менен теңтуштай бирге жүрчү. Журналисттер арасынан анын өзгөчө жакын адамы Ырысбек Өмүрзаков болчу. “Ой мен муну ким болду экен деп жүрсөм өзүмдүн саяк тууганым тура” деп койчу. Тууганы да Токтобай акенин жанынан чыкпай, колу бошосо эле жанында шынаарлап, ал кишинин тамашаларына жаны жыргап күлүп жүрө берчү. Бир топ жыл гезиттерде иштеп, андан басма ишине өтүп, аркыл кишилерге жолугуп, ар кыл жагдайларга кабылган сөзмөр кишиде “даяр сюжеттер” толтура болот тура. Ошондой сөз куржундарынын келебин ачып, жазуучу-журналисттер журтунун арасында болчу окуяларды кынаптап, кызыгын чыгарып айтчу Токтобай аке эми жок. Ушул арман болуп калды.

Маданият дегенде күйүп-жанып кетчү

Кийин мен “Азаттыкка” келгенден кийин бир нече ирет Токтобай акени чакырып кепке тарттым. Ошондой аңгемелешүүлөрдүн экөөн ушул жерде эскере кетсемби деп турам. Биринчиси, 2009-жылы Токтобай акени белгилүү жазуучу, куйкум сөздүн устаты Илгиз Талип экөөн чакырып кыйын абалга кабылып калган улуттук адабияттын абалын кеп кылдык эле. Ошондо Токтобай аке минтип айткан: “Азыр деле адабиятта мурдагы кылымдын 70-жылдарындагыдай дымып калуунун үстүндө олтурабыз. Азыр деле чыгармалар чыгып жатат. Бирок алар кокту-колот баатырларын мактап жазмай, ыр китептерин түзмөйдөн өйдө көтөрүлбөй жатат. Жакшы чыгармалар жазылып жаткандыр, бирок алар элге жеткиче жакшы боло албайт. Ар нерсе өзүнүн идеологиясы менен өнүгүп келген. Токтогул баш болуп эл шайырлары элге сөз өнөрүн тараткан. Эл ошолордун сөзүн, ырын угуп сөз кадырын бийик тутушкан. Анан мезгилине жараша Павлик Морозов чыкса, кыргыз адабиятында ал Кычан Жакыпов менен түгөлдөнгөн. Мына азыр бизде эмне үчүн Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгы, Төлөгөн Касымбековдун сыйлыгы белгиленбейт? Поэзия боюнча эмне үчүн Сүйүнбай Эралиевдин сыйлыгын уюштурганга болбосун? Көзү тирүүсүндө эле жарыялаш керек”.

Экинчи маек 2010-жылы жазылды эле. “Материалдык байлык менен руханий байлык тең болгондо, эриш-аркак жүргөн өлкөдө жетишкендик болот. Ири тарыхчы аалымдар демократия кенен жайылган жерде искусство менен маданияттын өсүшү кыйын экенин белгилеп кетишкен жайы бар. Өнөргө мамлекет башчылары, жетекчилери көңүл бурган жерде өсүш болот. Бизде саясат алдыга кетип, адабиятка көңүл бурулбай артта калып калды. Биздин коңшу өлкөлөрдө, мисалы Тажикстан менен Өзбекстанда маданиятка абдан көңүл бурулат. Маданиятты колдобой, жалаң саясатка ооп алганыбыз туура эмес. Бирдеме десең эле бизде каражат жоктугун айтып алакан жайып туруп калабыз. Жоктун түбү жокко алып барат. Аны чечиш керек. Маданиятка колдоо көрсөтүүнүн мамлекетте биртоп мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми бийликтин маданиятка көңүл буруп, көркөм өнөр адамдарына таянбай жатышы алардын ачуу чындыкты айтып коебу деп коркуп жатышынан да болууда”.

Экинчи ыңкылаптан кийин биртоп жыл жогорку окуу жайында окутуучулук, телетармагында сайт барагын жакшыртуу жаатында алек болуп, кайра “Азаттыкка” келгенден кийин Токтобай аке менен акыркы ирет үй жанынан көрүшүп, ошону менен көңүлү сүйгөн адамга колундагысынын баарын беришке даяр, ак көңүл алпейим адамдын бу жалганды чанып кеткенин угуп, убакты-саатын келтире албай жүрүп мына ушул кыска эскерүүнү жаздым. “Республикадан” кийин Токтобай аке Евразия жазуучулар биримдигин уюштуруп, биртоп китептерди чыгарып, кийин көңүлүнө жакын “Манас” темасына кайрылып, Топчубек Тургуналиевдин айтылуу институтунда жаштарга билим берип жүрүптүр. Алышкан оору аны ушул жерден таап, жакшы кишини арабыздан алып кетти.

Токтобай Мүлкүбатов 2017-жылы 6-майда каза тапты. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Кетмен-Төбөдө жерге берилди. "Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG