Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду


Меркел парламенттин жаңы курамы эмки канцлерди шайлагандан кийин гана бийликтен кетет.
Меркел парламенттин жаңы курамы эмки канцлерди шайлагандан кийин гана бийликтен кетет.

Германиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары борборчул Социал-демократтар партиясы бийликтеги консервативдүү блокту жеңгенин көргөзгөнү менен өкмөттү ким башкарат деген суроо ачык бойдон калууда.

Аналитиктердин эсебинде, кабинетти түзүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы көпкө созулуп, Ангела Меркел канцлердин милдетин аткаруучу болуп турат. Кеңири коалицияга үч партия кириши ыктымал.

Германиянын Федералдык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматына ылайык, Бундестаг же парламентин төмөнкү палатасына шайлоодо вице-канцлер, финансы министри Олаф Шолцтун Социал-демократтар партиясы (SPD) добуштардын 25,7% алды. 2017-жылдагы шайлоого караганда аларга 5% көбүрөк добуш тийди.

Шайлоонун эртеси, 27-сентябрда Шолц добуш берүүчүлөр консерваторлор оппозицияга кетиш керек деп так айтышканын билдирди.

"Шайлоочулар эмки өкмөттү ким түзүшү керектигин так айтышты. Алар үч партияны – Социал-демократтарды, Жашылдарды жана Эркин демократиялык партияны (FDP) колдошту. Өлкө жарандары берген мандат мына ушундай. Бул үч партия эмки өкмөттү жетектөөгө тийиш".

16 жыл же төрт мөөнөткө канцлер кызматын аркалап келген Меркелдин чоң саясаттан кетип жатышы менен анын 76 жыл илгери түптөлгөн партиясы өз тарыхындагы эң начар жыйынтык көргөздү. Христиан-демократтар биримдиги менен Христиан-социалдык биримдигинин блогу (CDU/CSU) добуштардын 24,1% гана алды. 2017-жылкы шайлоо менен салыштырганда, бул 8% аз.

Мурда Меркел жетектеп келген Христиан-демократтар биримдигинин төрагасы Армин Лашет добуш берүүнүн жыйынтыгы өкүндүргөнү менен эмки кабинет курууга аракет көрөрүн билдирди.

"Азыркы сандардан баамдасак, биринчи жолу үч партиядан куралган коалиция болот. Биз, консерваторлор шайлоочулардан мандат алдык. Консерваторлорго көргөзүлгөн колдоо – солчулдар жетектеген өкмөткө каршы добуш дегенди билдирет".

Социал-демократтар партиясынын тарапкерлери. Берлин, 26-сентябрь 2021-жыл.
Социал-демократтар партиясынын тарапкерлери. Берлин, 26-сентябрь 2021-жыл.

Ушу тапта SPD жана консерваторлор башкаруудагы коалицияга киришет. Алардын өкмөтү жаңысы түзүлмөйүнчө өз милдетин аткарууну улантып, Меркел парламенттин жаңы курамы эмки канцлерди шайлагандан кийин гана бийликтен кетет.

“Жашылдар” партиясы 15% добуш менен буга чейин болуп көрбөгөндөй кийгиликке жетти. Ал эми Эркин демократиялык партия, алдын ала жыйынтыктарга караганда, 11,5% алды.

Белгилей кетчү жагдай, 30 жашка чейинки шайлоочулар жашылдарга артыкчылык беришти. Эксперттер бул ирет эко-активисттер буга чейинки мандаттарын дээрлик эки эсеге көбөйтүп алышканына басым жасашат.

Жекшемби күнкү шайлоого катышкан дагы эки партиянын жаңы өкмөткө кирүү ыктымалдыгы жокко эсе. Ашынган оңчулдардын Германия үчүн алтернатива (AfD) партиясы 10,3% добуш алып, парламентке өткөнү менен алдынкы партиялар алар менен коалицияга баруу мүмкүнчүлүгүн четке кагышты.

Лашет да, Шолц да Жашылдар жана Эркин демократтар партиялары менен сүйлөшүүгө барышы ыктымал. Сөз болгон эки партия салык, социалдык программа, климаттагы өзгөрүүлөр саясатында эки башка пикирди карманышат.

Шайлоо кампаниясында дал ушул маселелер үстөмдүк кылып келди. Андан тышкары талапкерлер билим берүү, медициналык тейлөө, миграцияга кайрылып, тышкы саясат ички көйгөйлөрдүн көлөкөсүндө калгандай.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG