Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Мигрантты өлтүргөн улутчулга орус соту алты жыл берди


Маркум Мусулманкул Камбаралы уулу.
Маркум Мусулманкул Камбаралы уулу.

Москвада кыргызстандык мигрантты бычактап салган 17 жаштагы өспүрүм алты жарым жылга кесилди. Маркумдун туугандары сот өкүмүнө макул эмес.

Москва шаардык соту кыргызстандык мигрант Мусулманкул Камбаралы уулунун өлүмүнө күнөөлүү деп табылган тарапты маркумдун балдарына 500 миң рубль кенемте төлөөгө да милдеттендирди.

Киши колдуу болгон мигранттын туугандары кылмышкерге карата чыгарган өкүмгө нааразы болуп жатышат.

29 жаштагы Мусулманкул былтыр январда Орусияга иш издеп келгенине эки айга жетпей каза болгон. Ага дүкөндөн чыгып келе жатканда 17 жаштагы өспүрүм кол салып, сегиз жолу бычак сайган. Башынан, моюнунан жана желкесинен жараат алган жигит «Тез жардам» келгиче үзүлгөн.

Тергөө комитети бул окуяны улуттук жек көрүүчүлүк негизде жасалган кылмыш катары таанып, 105-берене (“Улутчулдук негизде адам өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоп, орусиялык жаранды камакка алган. Декабрда Москвадагы Гагарин аймактык соту 2001-жылы туулган Москва облусунун тургуну Николай Шакировду күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.

Сот өкүмүнө нааразы болгон маркумдун бир тууган иниси Исламбек Нурматов май айында Москва шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Ал шаардык соттун чыгарган өкүмүнө да макул эмес.

"Катаал жаза берилиши керек эле. Бир адамды өлтүрүп койду. Анын балдары жетим калды. Адилетсиздик болуп жатат. Биздин ишти мыйзамга ылайык так карабай, өз алдынча эле чечишип алышкандай. Анын үстүнө экинчи сотко мени да, адвокатты да чакырбай туруп, өздөрү чечим чыгарып коюшуптур. Бизге кабарланган жок. Ата-энемдин жаны ачып отурат".

Мусулманкулдун артында төрт баласы жетим калды. Ал былтыр августта төрөлгөн кенже чүрпөсүн көрбөй калды.

Кыргызстандын Орусиядагы кыргыз элчилиги маркумдун балдарына кенемте алуу үчүн Гагарин райондук сотуна доо арыз жазууга көмөктөшкөн. Сот жалгыз багуучусунан ажырап калган бул үй-бүлөгө 500 миң рубль кенемте чегерген.

Маркумдун бир тууганы Исламбек Нурматов тергөө, сот органдары кайдыгер мамиле жасап, ишти жаап коюу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.

"Кенемтенин деле төлөнүп берилиши күмөн болуп калды. Мыйзам иштебей жатат. Биз мигрант болгонубуз үчүн ушундай мамиле. Өз билгендерин кылышат. Орус жараны бөтөндөрдү көчөдөн эле бычактап, бир адам өлүп, башкалары араң аман калды. Ошого алты жыл берип койбодубу. Карантин маалында иш каралып жатканын да билген жокпуз. Ушул маалды колдонуп, өкүм чыгарып коюптур. Биз өзүбүз катышып, иштин жүрүшүн билип турсак, балким башка аракеттерди көрмөкпүз",- деди Исламбек.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык 105-берене (“Улутчулдук негизде адам өлтүрүү”) менен күнөөлүү деп табылгандар кеминде 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Вадим Захаряевдин айтымында, сот өкүмүн кылмышкердин жаш курагы, мурда соттолбогону, психикалык саламаттыгы менен негиздеген.

"Биз маркумдун төрт баласы жетим калганын, кылмышкер башка адамдарга да кол салганын белгилеп, катаал жаза суранганбыз. Гагарин райондук сотунун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко да кайрылдык. Жаза мөөнөтүн, балдарына кенемтени көбөйтүүнү өтүндүк. Тилекке каршы, Москва шаардык соту камак мөөнөтүн жарым жылга узартып, кенемтени көбөйтүүдөн баш тартты. Эми Конституциялык сотко, керек болсо Жогорку сотко чейин арыз менен кайрылганы турабыз. Мен өзүм адвокат жана адам катары мындай сот өкүмү адилетсиз деп эсептейм".

Быйыл араң 19га толгон Николай Шакиров орусиялык басылмаларда «Ореховодогу маньяк» деп таанылган. Ал Москва облусундагы Орехово-Зуево шаарында энеси менен жашап, экономикалык коллежде окуп жүргөн. Айрым булактарда Шакиров неонацисттик идеологиянын жактоочусу катары белгиленет.

Ал улуттук жана расалык жек көрүүчүлүктөн улам борбор азиялык мигранттарга кол салып жүргөнүн моюнга алган. Тергөөдө эки жабырлануучу мигрант аны таанып, каршы көрсөтмө беришкен. Шакировго «улутчулдук негизде адам өлтүрүү» жана «адамдын саламаттыгына оор залал келтирүү» деген беренелер менен айып тагылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG