Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Электрондук капчыктарга тыюу салынабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы уюктук операторлорунун мобилдик капчыгын чектөө боюнча Жобонун долбоорун коомдук талкууга коюп, аларга тыюу салууну көздөп жатат. Уюктук операторлор болсо бул демилгеге каршы чыгып, муну мамлекет көздөгөн электрондук трансформация жүрүмүнө каршы келет дешүүдө.

23-январда Кыргызстандагы "Байланыш операторлор ассоциациясы" жана уюктук компаниялардын өкүлдөрү Улуттук банктын мобилдик капчыкты чектөө боюнча демилгесине каршы чыгышып, маалымат жыйын курушту.

Алардын айтымында, электрондук капчыкты жеке мобилдик номерге байлап коюуда эч кандай кооптуу жагдайлар жок. Электрондук капчыкты ишке киргизүүдө Улуттук банктын бардык талаптары эске алынганын айткан ишкерлер кызматты тыюу аракетин ашкере чара деп сыпаттоодо.

Кыргызстандын уюктук операторлор ассоциациясынын маалымат жыйыны. Бишкек, 23-январь 2018-жыл.
Кыргызстандын уюктук операторлор ассоциациясынын маалымат жыйыны. Бишкек, 23-январь 2018-жыл.

- Биздин оюбузда тыюу салууну көздөөнүн өзү Улуттук банктай жөндөөчү орган үчүн аргасыз чара. Мындай чаралар өлкө экономикасына же мамлекетке олуттуу бир коркунучтар же кооптуу жагдайлар пайда болгон учурда гана колдонулат. Биз башка колдонуучулардай эле мындан эч кандай коркунуч таба алган жокпуз. Бул, тескерисинче, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз, - деди Уюктук операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күренкеев.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева мындай демилгени кылмыштуу жол менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү, террорчулукту каржылоого бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо аракетине байланыштуу деп түшүндүрүүдө.

Анын айтымында, жаран банкка депозит салып жатканда, банк да, мамлекет да ага өз акчасын жоготпой тургандыгы тууралуу кепилдик берет. Ал эми уюктук операторлор колдонуучулардын акча каражатынын сактыгына банктардай болуп эч кандай кепилдик бере албайт.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

- Негизги себептер электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүнүн, аны чыгаруу жана сактоо тартибиндеги кооптуу жагдайларды жокко чыгаруу менен бардыгын бир тартипке салуу болуп саналат. Бүгүнкү маалымат жыйынында айтылган "Улуттук банк Конституциянын нормаларын бузуп жатат, нак эмес акчаны иштетүүгө бөгөт коюп жатат" деген сөздөр чындыкка жатпайт, - деди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров мобилдик амалдарды чектөөнүн ордуна, алар аркылуу кызматтарды кеңейтүү зарыл экенин айтып, бул багытта Жапониянын тажрыйбасын мисал келтирди.

Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров.
Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров.

- Банктардын филиалдары аймактарда жетиштүү эмес, ошондуктан мобилдик кызматтарга тыюу салгандын ордуна, аны бүт өлкө боюнча жайылтыш керек эле. Мисалы, Жапонияда электрондук коммерциянын баары чөнтөк телефон менен жасалат. Метрого киресиңби, кафеге акча төлөйсүңбү - ошонун баарын чөнтөк телефон менен төлөп, электрондук коммерция өнүгүп келе жатат. Ошондуктан мобилдик технологияларды өнүктүрүп, “Таза коом” электрондук трансформациясына чоң шарт түзүп берет деп ишенем.

"Мегаком" уюктук компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Жумгалбек Өмүркановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мобилдик операторлор ишке киргизген электрондук капчык кызматы тез аранын ичинде кеңири жайылып кеткени ага суроо-талап чоң экенинен кабар берет.

- Кыргызстанда электрондук капчыктар иштей баштаганына төрт жыл болсо, андан бери 300 миңден ашуун киши анын кызматынан пайдаланган. Ал эми биздин уюктук операторлор өздөрүнүн мобилдик капчыктарын ишке киргизгенден тартып үч ай ичинде жүз миңден ашуун киши бул капчыктын кызматынан пайдаланган.

Мобилдик капчыктын артыкчылыгы - кардарлар эч жакка барбай туруп эле чөнтөк телефону аркылуу төлөм кызматтарын жүргүзө алат.

Уюктук операторлордон тышкары Кыргызстанда “Элсом” жана "Qiwi" сыяктуу телефонго байланбаган Улуттук банктын лицензиясы менен иш алып барган электрондук капчыктар бар.

Кыргызстандын Улуттук банкынын “Электрондук акча жөнүндө жобонун долбоору” банктын расмий сайтында быйыл 12-январдан баштап жайгаштырылган. Мыйзамга ылайык бир айдын ичинде коомчулуктан келип түшкөн пикирлердин негизинде бардык сунуштар каралып, кооптуу жагдайлар эске алынып, андан соң Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат.

Уюктук капчыктарга тыюу салынабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG