Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 8-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 07:15

Назарбаеванын Австрияда каткан акчасы


Дарига Назарбаева жана анын мурунку күйөөсү, маркум Рахат Алиев. 4-декабрь, 2005-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дариганын Австриядагы банк эсептеринде бир кезде миллиондогон доллар болгону «Евразия демократиялык демилгелери» жарыялаган кеңири баяндамада айтылат.

Андагы маалыматка караганда, Дарига Назарбаева бул эсептерди мурдагы күйөөсү Рахат Алиев менен жашап жүргөндө ачкан.

Президенттин кызынын эсептери маркум Рахат Алиевдин арам акчаны адалдаштыруу боюнча схемасын иликтөө маалында капысынан ачыкка чыккан.

Баяндамада Дарига Назарбаева Алиев менен кошо Австриядагы банк эсептерин ачууда «Дарига Алиева» деген ысымга берилген паспортту колдонгону айтылат. Ошондой эле ал документтин көчүрмөсү да тиркелген.

Дарига Назарбаева Казакстандагы эң бай адамдардын катарына кирген

«Forbes» журналы 2013-жылы жарыялаган казакстандык байлардын тизмесинде Дарига Назарбаева 595 миллион доллар байлыгы менен 13-орунга илинген. «Евразия демократиялык демилгелери» өз баяндамасында бул байлыктын көпчүлүк бөлүгүн ал мурдагы күйөөсү Рахат Алиев менен чогуу тапканын жазат.

Алиев Казакстандын Коопсуздук комитетинде жана Салык комитетинде жетекчилик кызматтарды ээлеген учурда бир катар ишканаларды мыйзамсыз басып алганы айтылып жүрөт. Оппозициячыл ишмер Серик Медетбековдун айтымында, Алиев башкалардын бизнесин коркутуп-үркүтүү менен тартып алууга көнгөн. Медетбеков өзү да убагында президенттин күйөө баласынын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен. Ал телерадикомпаниясын тарттырып жибергенин буга чейин бир катар маалымат каражаттарындагы маектеринде айткан.

«Евразия демократиялык демилгелери» уюму Рахат Алиев жубайы Дарига менен кошо 1998-жылы «Караван» медиакомпаниясын сатып алганы, кийинчерээк өлкөдөгү башкы телеканалдардын бири болгон «Хабар» акционердик коомунун тең кожоюну болгонун жазууда.

Баяндамада жазылгандай, Алиевге «Нурбанктын» акцияларынын жарымы таандык эле. Ал эми анын тун уулу Нурали аталган банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Нурали ал кезде 22 жашта гана болчу.

2007-жылы Рахат Алиев кайнатасы, тагыраагы казак президенти менен чырлашкан соң банктагы акцияларынын көпчүлүгү Даригага жана уулу Нуралиге өткөн. Дарига ошондой эле «Шекер борбору» деп аталган уюмдун акцияларын ээлеп калып, кийин сатып жиберген. Кийин Нурали Алиев 2004-жылы анын президенти болуп калган.

Дарига Назарбаева уулу экөө бүткүл Казакстанда Интернет кызматын көрсөткөн жана кабелдик телекөрсөтүү менен камсыз кылган «Alma TV» телекомпаниясын да сатып алышкан.

Чиеленген банк эсептери

Кийин Рахат Алиев менен президент Назарбаевдин пикир келишпестиги күчөп, ал кайнатасын катуу сынга алганда өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошондон кийин ал Дарига менен расмий түрдө ажырашты. Анан албетте, бардык дипломатиялык кызматтан кол жууду.

Рахат Алиев.
Рахат Алиев.

Көп өтпөй казак соту аны адам уурдоо, мамлекетке чыккынчылык кылуу жана төңкөрүш аракети боюнча айыптуу деп таап, 40 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Бирок Рахат Алиевдин Казакстанда кылмышкер болуп табылганы президенттин кызынын мүлкүнө таасирин тийгизген эмес. Тактап айтканда, Алиев менен ажырашкандан кийин деле Дарига Назарбаева мурунку күйөөсүнүн активдеринин ээси бойдон кала берген.

Рахат Алиев Казакстандан чыгып кеткенден кийин ал топтогон байлыктын булактарын иликтөөгө үч мамлекеттин: Австриянын, Германиянын жана Мальтанын укук коргоо органдары киришкен. Ал эми Австриянын бийлиги Рахат Алиевге карата арам акчаны адалдаштыруу боюнча иликтөөсүн 2005-жылы эле, ал Назарбаева менен ажыраша электе баштаган.

Иликтөөлөр бир нече жылга созулган. Кылмышты иликтөө менен алектенген органдар 2007-жылы тиешелүү мекемелерге Алиевдин Австриядагы банк эсептери тууралуу маалымат сурап, кат жөнөтүшкөн.

Ал катка келген жоопто Венадагы «Privatinvest Bank AG» банкында Рахат Алиевдин өзүнө түз же ага байланыштуу 28 эсеп бар экени, анын үчөө Дарига менен кошо 2003-жылы 25-июнда ачылганы белгиленген.

Ошол эле жылы 16-июньда «Kathrein & Co» банкында да жубайлар үч эсеп ачышкан. Ал эсептерде ошол кезде жети миллион доллар жана 946 миң еврого барабар баалуу кагаздар сакталып турган.

Баяндамада «Privatinvest Bank AG» банкында ачылган экөөнүн жалпы эсептерине 2005-жылы 13 миллион евро жана төрт миллиондон ашуун доллар түшкөнү жазылат. Анын авторлору бул эсептердеги акча тууралуу Дарига кабарсыз болсо да анын юридикалык жактан жоопкерчилиги болгонун белгилешет. Анткени казак президентинин кызы эсептерди ачыш үчүн Дарига Алиева деген ысымга берилген паспортту колдонгон.

Баяндаманын авторлору Дарига расмий түрдө күйөөсүнүн фамилиясына эч качан өтпөгөндүктөн, бул паспортту ал мыйзам бузуу менен алганын белгилешет.

55 жаштагы Дарига Назарбаева - азыр Казакстан парламентинин депутаты. Рахат Алиевдин сөөгү 2017-жылы Австриянын Йозефштадт түрмөсүндөгү бир кишилик камерада жаткан жеринен табылган. Ошол кездеги маалыматтарда ал өз жанын кыйган болушу мүмкүн экени айтылган, бирок анын табышмактуу өлүмү боюнча суроолор арбын. Алынган анализдер анын организминде барбитурат дарысы табылганын көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG