Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Тилеков: Онкология институту жаңыланууга бет алды


Эрнис Тилеков
Эрнис Тилеков

Көп жылдардан бери директору улам алмашып, туруктуу башчысы жок келе жаткан Улуттук онкология институтуна профессор Эрнист Тилеков директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

"Азаттык": Улуттук онкология инсититуту менен гемотология борбору жакында эле бирикпедиби. Буга эмне негиз болду? Эми мындан ары бул мекемелер кандай иштешет?

Эрнис Тилеков: Буга чейин Улуттук онкология борбору жана Гемотология же илимий кан борбору деген юридикалык эки мекеме бар эле. Өкмөттүн буйругу менен эки борбор бириктирилди. Мындай кадамдын башкы максаты - оптимизация же экөөнүн ишин жакшыртуу. Мурунку гемотология борборунда кан ооруусу менен көп адамдар ооруп жатышат экен. Бирок керебеттердин саны аз болгон. Административдик башкаруучу кызматкерлердин саны бейтаптан көп эле. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу, ошондой эле ишти натыйжалуу кылыш үчүн реформа жасап, экөө бирикти. Бирок эки борбор тең мурдагыдай эле иштей берет. Дарыгерлер, бейтап жатуучу орун саны мурдагыдай эле тартипте калды. Бир гана аларды тейлеген көп сандагы административдик кызматкерлер кыскарып, мындан ары Улуттук онкология жана гемотология борбору деген атты алды.

"Азаттык": Көп жылдардан бери Улуттук онкология борбору ар түрдүү чырлардын чордону болуп келе жатат. Негизи эле залалдуу шишиктер оор дартка кирет эмеспи. Ага чалдыккандарды дарылоо да кыйын. Айыгып кеткендери да аз пайызда болуп жатат. Дарыгерлер арасында дагы чыр болуп, ички интригалар уланып келет. Ошол маселени чечүү үчүн мындан ары кандай реформалар жүрөт?

Эрнист Тилеков: 2009-жылдан бери Улуттук онкология борборунда анык милдетин аткаруучу директор шайлана элек экен. Беш директор алмашыптыр. Жарым жыл, эки жыл, кээде үч жыл иштегени болуптур. Устав боюнча директор шайлоо тартиби менен бекиле турган маселе экен. Шайлоого келгенде эле эмнегедир иштеп жаткан врачтар, анын ичинен сиз айткандай, бөлүнүп жарылышып, ар ким өзүнүн талапкерине добушун берип, анан жеткиликтүү добуш ала албай, жетиштүү добуш алса да анын аркасынан жазмай, жамандамай, шыбамай болуп, канча жылдан бери анык милдет аткаруучу директор жок болгон. Мындай нерсе ишке аябай тоскоол болот. Жетекчилик дагы өзүнүн оюн, реформасын алдыга жылдыра албайт.

Эки институт биригип, юридикалык жагы өзгөрүп, мени директордун милдетин аткаруучу кылып дайындашты. Көп жылдан бери Улуттук хирургия борборунда иштеген элем. Келгениме эки ай айдын жүзү болду. Иштерди жүргүзө баштадык. Эми бул жерде аттуу-баштуу, акылдуу, мыкты адамдар иштейт. Деги эле Улуттук онкология борборуна суктанса болчудай. Себеби бул жерде иштеп жаткан көпчүлүк дарыгерлердин билим деңгээли жогору, илимий даражасы бар профессорлор. Москвадагы Бүткүл союздук онкологиялык борбор деген дүйнөдөгү борбордун бири бар эле. Ошол жерден билим алып келгендер да иштейт. Мына ушундай колу алтын догдурларыбыз турат. Жанагындай шайлоонун шайтан азабынан, ынтымактын жоктугунан жамааттын мамилеси бузулуп, жумушка кедергисин тийгизе баштаптыр. Ооруулар бизди күтпөйт. Оорулууларды дарылашыбыз керек. Азыр эми иш акырындан калыбына келе баштады. Кесиптештеримдин маанайы жакшы.

Дарыкана.
Дарыкана.

"Азаттык": Биринчи барганда эле дароо кайсы кыйынчылыктарды байкадыңыз?

Эрнис Тилеков: Биринчи эле барганда чынын айтыш керек, тогуз жылдан бери бийлик талашып жатып кичине жумушчуга шарт түзүп берүү, дарылоону талдап, талкуулоо деген нерселерден аксап калган экен. Ар бир бөлүм өзүнчө бир хандыктай иштеп жатыптыр. Туруктуу директор жок болсо ошондой болот. Биз азыр жумуштарды оңдой баштадык. Дарыгерлердин маанайы жакшырып, ишке көңүлдүү келе башташты. Анан эми кемчиликтерине келсек, чындыгында нур менен терапия жүргүзүүчү жабдуулардын баары эскирген. 1960-70-жылдары же андан да мурда чыккан жабдыктар менен дарылашат экен. Биздеги ошол колу алтын адистер оңдоп-түзөп, сылап-сыйпап, иштетип келатышыптыр. Мындай эски жабдуулар залалдуу шишикти дарылабайт да. Ушундан улам аларды жаңыртуу талабы келип чыкты. Жакында Индиядан жардам катары "Бабатрон-2"аттуу нур жабдуусу келет. Ал буюрса, 2017-жылдын сентябрында ишке кирсе, заманбап нур менен дарылоо ыкмасына ээ болобуз. Экинчиден, линиялык тездетүүчү нур жабдуусунун жоктугу чоң көйгөй. Тегерегибиздеги кошуна мамлекеттердин баарында бар. Биздин эң башкы онкологиялык борбордо жок. Баасы кымбат экенине карабай, аны да алуу боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кендирди кескен дагы бир маселе - хирургиялык жабдыктардын эскилиги. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы кыпчыгычтар, кайчылар менен операция жасашат экен. Заманбап жабдыктар болсо биздин мыкты адистерибизге чоң көмөк түзүлмөк. Бизде ошондой жабдуулар жок. Ал жагынан да өкмөт жардам берерин убада кылды. Азыркы учурда республика боюнча 25 миң адам рак ооруусу менен каттоодо турат. Алардын 6 миңи Бишкекте. Жылына беш миндей адам алгач ирет онкологиялык диагноз менен кайрылат, алардын көпчүлүгү акыркы стадиядагылар. Айла жок, жардам бере албай калып жатабыз.

Себеби заманбап аныктоочу аппараттын жоктугунда. Жөнөкөй эле гастроскопияны алсак, анын жогорку сапаттагысы бар. Залалдуу шишикти ашказандан атайын майда жарыктары менен көрсөтүп берет. Мына ушундай жабдыктар жок. Бронхоскоп, колоноскоп сыяктуу көп аппараттар жок.

"Азаттык": Онкологиялык оорулууларга психологиялык акыбалы, үй-бүлөсүнө жардам, анан акыркы стадиядагыларга терминалдык жардам деген нерселер да аксап жаткандай? Бул багытта кандай иштер жүрөт?

Эрнис Тилеков: Мен аны келерим менен эле байкадым. Элестетсениз, сен раксың деп айтканда адам кандай абалда болот? Анан буга кошумча дарыланайын деп барган жери үрөйдү учуруп кир, анысы аз келгенсип дарыгерлердин мамилеси адамгерчиликсиз болсо, ал бейтапты биротоло өлтүргөнгө барабар эмеспи. Институтта бир психологдун кабинети бар экен. Буга кошумча мен коомдук фонддорго да ыраазычылык айткым келип жатат. "Балдарга жардам берүү" уюму, Динара Аляеванын "Жардамдашуу оңой" кайрымдуулук фонду, Таалайгүл Сабырбекова жетектеген "Эргене" коомдук фондуна терең ыраазычылык билдирем. Ушундай фонддор аркылуу жардам көрсөтө турган мектептерди ачып коюшуптур, биздикилер болсо психолог беришиптир. Мына ошолор жардам берип жатат. Бейтаптарга жана жакындарына аз болсо да психологиялык көмөк берилет экен. Быйыл биздин борборду оңдоп түзөөгө өкмөт эки миллион доллардай каражат бөлүүнү пландоодо. Ошондо биринчи кезекте терминалдык, рактын акыркы стадиясындагы бейтаптар жаткан бөлүмдү оңдойбуз. Мындан тышкары Балдар бөлүмү бар. Ал жактагы бардык дарылар жана дарылануу мындан ары бекер болот. Буга кошумча дартты аныктоочу жана амбулатордук дарылоочу бейтапканага жылына 40 миңге чукул киши кайрылат экен. Дагы бир көйгөй - бейтаптардын чуру-чуу түшүп кезек күтүүсү болчу. Маселен, маммолог же гинекологго кириш үчүн аялдар таңкы саат төрттөн тарта кезекке туруп, ал бөлүмдөгү кезек талаш Куликов согуш талаасын элестетчү. Себеби дарыгерлер түштөн кийин бейтаптарды кабыл алчу эмес. Мындан ары эми бул эки багыттагы дарыгерлер ооруларды кечке чейин кабыл алат. Бейтаптарга түштөн кийин да көрүнгөнү келгиле демекчимин.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG