"Азаттыктын" жаңылыктары, 19-январь
Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогунун группалык тандоодогу акыркы беттешинде Сауд Аравиянын командасын утуп, плей-оффко жолдомо алды. Пакистанда француздардын “Шарли Эбдо” сатирикалык журналына каршы акциялар уланууда. Ооганстандын түштүгүндөгү террактан үч полиция кызматкери жан берди.