Палоонун түрүн даңазалаган фестивал шаардагы "Мээрим" паркында өттү. Концерт менен коштолгон иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандан да ашты мыкты баскан ашпозчулар келишкен. Жергиликтүү тургундар, шаардын коноктору жана фестивалдын катышуучулары ар түрдүү ыкма менен бышырылган аштарын шаар тургундарына сунушташты.