Азербайжандын баш калаасында полиция кызматкерлерин көздөй таштанды толгон баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү ыргыткан 11 адам кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, карантин шарттарын бузган адамды кармоо үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн бирине 7-июнда барган полицияга тургундар терезелеринен таштанды ыргыта башташкан.
Көп өтпөй кошумча күч келип, тартип бузган жашоочулардын көбүн кармаган.
Turan.az. басылмасы “Полициячылар батирлерге кирип барып, тургундардын колун кайрып, рецидивисттердей алып чыгышты” деп жазды.
Азербайжанда коронавируска чалдыккандардын саны жети жарым миңден ашты. Токсонго чукул киши көз жумду.