Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

"Экс-президенттер бийликтен кетишинин себебин өздөрүнөн издеши керек"


"Акаевдин Израилде жасаган доклады жарыяланган эмес"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:16 0:00

"Акаевдин Израилде жасаган доклады жарыяланган эмес"

"Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу саясий илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев болду.

Ал маегинде кыргыз президенттеринин бийликке келиши, алардын демократиялык ниеттери, үй-бүлөлүк башкаруунун кесепеттери, ишке ашпаган конституциялык реформалардын түпкү максаттары, бийлик алмашууларга сырткы факторлордун таасири тууралуу суроолорго жооп берет.

- Орозбек агай, сиздин баамыңызда президент Акаевде чыныгы либералдык көз караш, демократиялык коом куруу ниети бар беле, же сырткы таасирлерден улам имитация жасачу беле?

- Аскар Акаев СССР таркар алдында союздук депутат болуп жүргөндө Андрей Сахаровдун тобуна кошулуп, “демократиялык коом курбасак болбойт” деген көз карашта болгону чын. А бирок, айткан сөздү иш жүзүнө ашыруу чоң маселе экен. 1993-жылы Акаев Израилге расмий иш сапары менен барганда сүйлөгөн сөзү бар. Ал эч жерде жарыяланган эмес, президенттин архивинен тапсаңар болот. Акаев ал жерде “тоталитардык замандан демократиялык коомго өтүүгө бизде шарт жок, анткени Кыргызстанда көп партиялуулук жок, жеке менчик өнүгө элек” деген кыязда айтканы бар. Анын дагы бир сөзүндө "күчтүү башкаруу бийлиги аркылуу демокартияны алып келсе болот, элди ошого көндүрсө болот" дегени бар. "Күч органдарынын кубатын арттыруу зарыл" деген ойлорду айткан.

-2005-жылы Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп турганда кызы Бермет менен уулу Айдардын Жогорку Кеңешке депутат болушун кандай баалайсыз? Анын себебин, түпкү максаты эмнеде деп ойлойсуз?

- Эгер Аскар Акаев демократияны туу туткан адам болгондо "мен Конституцияны буза албайм, кийинки мөөнөткө бара албайм" демек. Анте алган жок, улам-улам Конституцияны өзгөртүп, 15 жыл президент болду. Анан парламентке кызын алып келип, бара-бара аны президент кылмак деген божомолдор чыкты. Анткени кошуна мамлекеттерде да ошондой тенденция болуп жаткан. Баласын дагы таасирдүү жерге отургузмак. Кыскасы, кызы менен баласын жөн жерден эле бийликке аралаштырган эмес.

- Орозбек агай, экинчи президент Бакиев реформаларга шылтоолоп, баласы Максимди эмне үчүн мурдагы Өнүгүү жана инвестиция боюнча башкы агенттиктин башына алып келген деп ойлойсуз? Бул демилге кимге таандык, сырткы күчтөр таасир берген деп калышат...

- Биринчиден, Өнүгүү жана инвестиция боюнча башкы агенттик (ЦАРИИ) жана катчылык деген органдар Конституцияда жок, демек мыйзамсыз түзүлгөн. Реформаларды ишке ашыра турган өкмөт турса, анын үстүнөн карай турган дагы бир органдын түзүлүшү канчалык зарыл эле? Накта бийлик өкмөттө эмес, Максимде болуп калды, чечимди ал кабыл алып жаткандан кийин, ага кезекке тура башташты. Эл буга нааразы боло баштады. Аталган агенттик - сырттан келген бизнес долбоор. Максат майлуу-сүттүү жерлерди менчиктештирип алып, бир топ байып, пайда көрүш керек болду.

- Эгер Бакиев агенттиктин башына Максимди эмес, башка бирөөнү алып келгенде төңкөрүш болмок эмес дегендер бар. Сиздин оюңуз?

- Инвестиция тартуу, ал аркылуу өнүгүү агенттигин түзүү идеясы жакшы болгон. Анын жетекчилигине Максимди эмес, ошондой эле алдыңкы, мыкты кадрлардан тандап келип койгондо, элде анчалык нааразычылык болмок эмес. Анын үстүнө агенттиктин ишине АКШда, Италияда, Балтика мамлекеттеринде эл аралык бизнесте иштеген, айрымдары кылмыш иштери козголуп, издөөдө жүрүшкөн Максимдин достору келишти. Бул дагы элдин кыжырын кайнатты.​

- Бакиевдин бийликтен кулашына сырткы фактордун таасири болгон деп айтылат. Сиздин көз карашыңыз?

- Биздин бардык президенттер бийликтен кетишинин себептерин өздөрүнөн издебей, сырткы факторлорго шылтап, “мени бул мамлекет кетирди” келатышат. Эгер Бакиевди Орусия кулатса, Путин менен ысык мамилеси бар Лукашенко Беларустан башпаанек берет беле деген суроо туулат. Бакиевдин тагдырын Путин, Назарбаев, Лукашенко үчөө кеңешип туруп чечишкен.​

- Орозбек агай, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмне үчүн Атамбаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүшкөн? Акчасы болгон үчүнбү, же башкы да себеби барбы?

- Биринчиден, Атамбаев көп жылдар бою саясатта жүрдү, депутат болду, премьер-министр болду, президенттикке талапкер болуп күрөшүп көргөн адам эле. Ушул аргументтер негизги себеп болду окшойт. Экинчиден, жаңы Конституция кабыл алынып, негизги бийлик президенттен парламентке өтүп калган эле, Атамбаев ага да макул болсо керек. Бийлиги кыскаргандан кийин президент болом деген негизги талапкерлер андан баш тартышкан болуш керек. Үчүнчүдөн, Атамбаев Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө караганда акчасы бар адам эле.

- Ошентип бийлик Атамбаевдин колуна тийди, бирок кечээги санаалаштары болуп жүргөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кызмат берген жок, тескерисинче Отунбаеваны баш кылып сындап чыкты. Эмне үчүн?

- Атамбаев президенттик шайлоо учурунда кызмат берем деп убада кылган адамдарды да бийликке алып келген жок. Анын үстүнө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө башында эле демократиялык баалуулуктар менен баш кошкон бирдиктүү идея болгон эмес. Жөн эле убактылуу чогула калган саясий топ болчу. Атамбаев алар каалагандай кызматтарды бере албайт болчу. Анткени, чоң кызматтарды Жогорку Кеңеш сунуш кылып, алар чечип калган. Анан Атамбаевдин өзүндө аларга карата жеке таарынычы, терс мамилеси да болсо керек.

- Атамбаев эмне үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке сүрөгөн деп ойлойсуз?

- Атамбаев “эгер мен бийликке келсем, ажыдаар болбойм” деп көп айтчу. Ал убадасын бул жолу бузду. Бийликтен кетерде президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, премьер-министрдикин көбөйтүүгө жетишти. Ал жерге Сапар Исаковду алып барды. Жээнбеков экөө 20 жылдан ашуун дос болуп жүрүштү. КСДП партиясынын чыңдалышына түштүктөн чоң салым кошкон Жээнбеков болучу. Дайыма угуп жүргөн досу президент болгондон кийин да угат деп ойлосо керек. Ошентип баарын өзү башкаргысы келди.​

- Орозбек агай, 2020-жылы октябрдагы тополоңдо Жээнбеков бийликтен кетпейм деди эле, түштөн кийин арыз жазууга аргасыз болду. Ага кандай жагдай, ким, кайсы мамлекет таасир берди деп ойлойсуз?

- Кайсы бир мамлекеттин таасири жок. Тополоңдун биринчи күндөрү Орусиянын президентинин өкүлү Козак келип, Жээнбековду колдоп, бийликтен кетпей турган убадасын алып кеткен. Андан кийин кыргыз саясатындагы таасирдүү адамдар Жээнбековго киришип, “кетпеңиз” деп көндүрүп чыгышкан. Өзү да “кетпейм” деп айтты деген маалыматтар чыкканын билебиз. Түштөн кийин Жээнбековдун “бийликтен кетем” деп моюн сунганына Кыргызстандагы башка күчтөр таасир берип койду. “Күч атасын да тааныбайт” деген кыргызда накыл бар. Дүйнөлүк тарыхта бийликти күч менен, байлык менен, анан эң акыркысында билим менен алган учурлар бар. 2020-жылдагы бийлик алмашууда күч менен басым болгону көрүнүп эле турат. Бир убакыт келет, чындыкты Жээнбеков өзү айтат деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG