Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

"Мариянын" кеч такталган кесепети


Пуэрто-Рико. 21-сентябрь, 2017-жыл.
Пуэрто-Рико. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Кариб деңизинин Пуэрто-Рико аралындагы "Мария" шамалынын курмандыктары буга чейин айтылып келгенден элүү эсе көп экени ачыкка чыкты. Жергиликтүү бийлик табият кырсыгынын кесепетинен 64 эмес, 2975 киши өлгөнүн моюнга алды.

- Алдын-ала эсеп болсо да айта кетейин, биз сандарды расмий өзгөртөбүз – алдын-ала маалыматка караганда «Мариянын» кесепетинен өлгөндөр 2975 адам болду, – деди Пуэрто-Риконун губернатору Рикардо Росселло. Демек, бул сан дагы такталып, өзгөрүшү ыктымал.

Бүгүнкү кабардан кийин буга чейинки, "ураганда 64 киши өлгөн" деген расмий маалымат жокко чыкты. Адистер башынан эле кырсыктын курмандыктары алда канча көп экенин айтып келишкен.

Маселен, Гарвард университети 4 645, ал эми Пенсильвания университетинин изилдөөчүлөрү миңге жакын адам өлгөн деп тыянак чыгарган эле. Аралдын бийлиги эми гана Жорж Вашингтон жана Пуэрто-Рико университетинин иликтөөсүнүн жыйынтыгын тааныды.

"Биерде апаат курмандыктарынын саны атайылап жашырылып атат, артында саясий мүдөө бар" деген сын-пикирлер, дооматтар айтылып келген. Губернатор Росселло аны четке какса да өз күнөөсүн жашырган жок.

- Ооба, мен ката кетирдим. Муну башкача кылсак болмок, моюнга алам. Бирок "бул кандайдыр саясий ниетке байланыштуу" деген пикирлерди четке кагам. Менин жападан-жалгыз ниетим – пуэрто-риколуктардын жыргалчылыгы. Максатым - эң жеткиликтүү жана чынчыл маалымат алуу болгон. Ооба, ката кетирдим.

"Башкача" дегени - эсеп жүргүзүүнү айтып жатканы. Адамдардын көбү табият кырсыгынан кийин жумалап суусуз, электрсиз калган. Дары-дармек жана медициналык жардам жетишсиз болгон. Ошондо былтыркы сентябрдан быйылкы февралга чейин көбү жарааты ырбап өлгөнү айтылып жүрөт. Бийлик бороон болгон күндөрдө мерт болгондорду гана эсептегенин айтып актанганы бар.

Дагы бир катачылык катары губернатор бардык коммуникация, энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, жолдор бөгөлгөн жагдайды эске салып, демек "кырсыктын кесепетин алдын-ала эсептеп чыга алган эмеспиз" деп жатат. "Башынан так эсептелгенде балким куткаруу иштери убагында жүргүзүлүп, көп адам аман калмак" деген сын айтылып келатат.

"Мария" шамалы 2017-жылдын 16-сентябрында башталып, 6-октябрда токтогон. Саатына 240-260 чакырым ылдамдыкта согуп, кубаты эң жогорку - 5-категорияга киргизилген. Шамал Пуэрто-Рикодон тышкары Кариб деңизиндеги Доминика, Доминикан Республикасы, Гаити сыяктуу өлкөлөрдү жана калктуу аймактарды каптап, адамдар өлгөн.

Бак-дарактар тамыры менен жулунуп, инфраструктура кыйраган. Көчөлөргө деңиз суусу толгон. Бул аймакта акыркы 90 жылдагы эң кубаттуу куюн экени белгиленген.

Пуэрто-Рико АКШнын башкаруусунда, бирок кайсы бир штатынын бөлүгү деп эсептелбейт. 3,3 млн. тургуну бар.

Кырсыктан кийин жергиликтүү тургундарга акчалай жардам берилген. Андан көбүрөөк жардамдын зарылдыгы тууралуу сөздөргө президент Дональд Трамп "аралдагылар өз арабасын өзү тартышы керек" экенин айтып жооп кайтарган эле. Шамал Пуэрто-Рико аралына кеминде 90 млрд. доллар чыгым алып келгени эсептелген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG