Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кечээ эле жайдак айыл болчу...


Жаз – жарыш...
Жаз – жарыш...

Журналист жана жазуучу Кочкор Борбугуловдун “Багбан” аңгемесинде көпчүлүк кыргыз айылдарына мүнөздүү олуттуу социалдык көйгөй козголгон.  Адабиятчы Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.

"Чү" дегенде эле Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Сузак аймагынан чыккан жазуучу жана журналист Кочкор Борбугуловдун элетти ойготкон багбан тууралуу аңгемесинин "сөңгөгүнө" өтөлүк.

Жазуучу жана журналист Кочкор Борбугулов.
Жазуучу жана журналист Кочкор Борбугулов.

Мал-жан менен алек болуп, бак-шакка анча көңүл бурбаган айылга жаңы туугандын келиши чоң жаңылыкка айланды. Ал багбанчылыкты жакшы көргөн, ак көңүл мээнеткеч адам экен.

Жайлоо-күздөө

Тоо боорундагы кыштактын эли багбанчылык менен анча жумушу жок эле. Арыда токой, жапайы мөмө-жемиш төгүлүп жатса бак тигип, аны кой-эчкиге кажытпай жакшылап караштан эринген айыл эли негедир мына ушул ишке көңүл бурушпаптыр. Бирөөлөр тигип койгон бирин-экин тал-теректер болбосо айыл ичи кыйла кунарсыз, жайдак болчу. Элеттиктер аны деле анча элес алышпай, жаз келгени жайлоого көчүп, күз айылга келгени менен кийинки жайлоого чейин айылдагы коноктой эле жашап келатышыптыр. Жайкысын малга деп чөбүн чаап алышып, айрым камбылдары таруу эгип, аны чымчыктан коруп жыйнап алгандан кийин кышты күтүп калышчу. Кыш бою көбүк черткен сапсары бозодон эки-үч керден тартып алып алагүү болуп атын ары-бери чапканды жакшы көрүшчү.

Улакчы атын бапестегендер арпа, жүгөрү эгип, айыл өзүнүн калыпка салынган турмушу менен жашап жаткан. Анан ал жерге Мамытбек аке тууган издеп көчүп келди. Айылдыктар кыйла жыл ыраактап, жатыркап калган тууганын бар тамагын коюп жакшы тосуп алышты. Үйүн салып алганга жер бөлүп беришти. Ошону менен жаңы туугандын бары-жогу деле билинбей, айылдыктардын бири болуп калды.

Жаңы туугандын аты Мамытбек экен. Айыл негедир анын көзүнө ысык көрүнүп, андагы ар-бир адам жакын тууганындай сезилип, өзүнчө эле толкунданып жүрдү. Күзгө тарта айылдыктар эшик алдындагы эгин-тегинин жыйнап, жайлоодон мал түшүп, короолор менен сарайларга жакын жерге үйүлгөн чөп бул жердегилер малга ынак экенин көрсөтүп турчу.

Мамытбекке бул жердин кара топурагы аябай жакты. Колуна уучтай кармап, бирин-серин тал-теректен башка эч дарагы жок жайдак айылды аягансып карап койду. Тоолуктардын эндекей турмушу ага биралдын таңкалыштуу эле. Ушундай сонун жер турса, майлуу топурак, суусу кенен, жери жакшы иштетилбей жатса топуракка жакын өскөн адамга жерге кайдыгерлик катуу тиери бышык го.

Жаңы туугандын топуракты уучтай калып жыттап, ойлуу туруп калганы айылдагы Алтымыш деген адамга калаты, кызык көрүндү. Эмнеге өзүнчө эле күбүр-шыбыр болуп атат, бир балээси жокпу деген кыязда, экинчи жагынан билгиси келип Мамытбектин жанына басып келди. Жаңы тууган ичтеги сырын жашырбай ачыкка чыгарды.

“ – Жердин көркү бак-дарак Алтымыш, ушундай күз мезгилинде мөмөлөр ийилип турса бала-чакага жакшы. Мына элиңер сонун, жериңер асыл, а бирок бак-даракка көңүл бурбаганыңар түзүк эмес. Кыштактагы карыялар колго алган эмес экен.”

Алтымыш эмне демек. Согушка катышып, майданда бир бутунан ажырап келген. Кыйла жер көрдү, кагылды-согулду. Ал өзү деле муну ойлогон эмес экен. Багбандыктын баркын билген Мамытбектен ойлонтчу кеп угуп, буга чейин бул ишке эмнеге маани беришпегенине таң калды. Кыйын деле жумуш эмес го. Төмөн түшкөндө көчөт апкелип отургузуп койсо чоңоё берет да.

Мамытбек көчөттү отургузуп коюш иштин башталышы экенин, ага арык тартып суу коюш керектигин, мал-сал кажып кууратып койбошу үчүн эшик алдындагы короону кашаалап тосуу зарылдыгын, анан көчөттү карап турбаса андан жакшы түшүм алуу мүмкүн эместигин айтты.

О кокуй, мунун деле билинбегени менен кыйла түйшүгү бар тура. Ага караганда биртке малды айдап алып жаз келгени жайлоого чыгып кеткен жакшы экен. Кымыз ичип, эт жеп күзгө чейин жакшылап эс алып кел. Жайлоонун жыргалына жетеби. Көчөтүм кантти экен, сугарылыппы, мал-сал кажып кетпедиби деп баш оорутмай жок. Мамытбектин кебин жактырбагандар да чыгышты.

“ – О койчу, багбан болсо эле айылыбыз алма, өрүккө тунуп калмак беле.

Бак-дарак деген жыйырма-отуз жылда анан барып мөмө берет дешкендер да болушту.

Ушундай сөздөр Мамытбектин өзүнө да жетпей койгон жок. Бирок башынан көптү өткөргөн адам аларды элес албады. Адистигинин артынан түшүүнүн жана болжолун чектеп, иштин боло турган жагын көздөдү.”

Мамытбек ишти кыштактын төр жагындагы Чоң-Күңгөйдүн жанындагы ойдуңдан баштамай болду. Ошол жерден кичине жылтырап суу чыгып төмөн жактагы камышка сиңип жок болуп кетет.

Чоң-Күңгөй

Чоң-Күңгөй болсо таштак жер, алыстан бийик көрүнүп, айылдын көркү болуп турат. Керемет жер, кар ала-телек болуп көктөм биринчи ушул жерге келчү. Байчечекей муз алдынан көрүнүп, бир күнү эле бийик дөң сапсары болуп калчу. Кышы менен кол карап көктү самап калган мал биринчи мына ушул боордун чөбүн оттоп, күн ысыганда эле саргайып, күңгөй беттин кейпи кетип калчу. Чоң-Күңгөйгө улай кеткен Ой-Алчадагы жазында жылтылдап суусу чыгып, жайкысын бары-жогу билинбей калчу жерге бир жолу атайын токтоп, суунун дайынын билди.

“Ал эртеси таң азандан ошол жерге чыкты. Суу жайылган жерди тегеретип, кетмен чаап көрдү. Кайра-кайра айланып, долбоор түзүп, көзү менен болжолдоп бир топко ойлонуп отурду. Төрт кулачтай жерден тамчылап гана суу сарыгып чыкканын изилдеп, бардыгын кошуп арык тарта баштады. Күчүнүн жетишинче терең казып келечегин байкаштырды.”

Ал күнү кечке иштеп кечинде Алтымыштыкына келип сууну тапканын, эми Чоң-Күнгөйдүн бооруна тартып келип, арык боюна көчөттөр отургузарын, буюрса айылдыктар мөмө-чөмөнү ошол жерден эле ооз тийип жеп калышарын айтты. Айылдагылар ага башында анчалык деле ишенишпеди, жер кетмендеш оңойбу, эриккенде таштап коёт дешти.

“Мамытбектин жаз жарышы Чоң-Күңгөйдүн чокусунан башталды. Ал эртели-кеч ошол жерден көрүнөт. Түштөн кийин өзү жалгыз эмес, Алтымыштын баласы сабактан чыгып барып жардам берет. Кээде эки ат байланып калат. Көрсө, Алтымыш да келип, колу менен болбосо сөзү менен дем берип, айран, жарма жеткирет. Эс алышканда андан-мындан кеп козгошуп отурушат.”

Мамытбек жылжыган булактын көзүн ачып, сууну көбөйтүү аракетин катуу көрдү. Андан чыккан сууну ок арыктарга бөлүп, боорлото арык чапты. Айылдагы жаңы ишке балдар өзгөчө кубанып, Тынычка кошулуп сабактан келгенден кийинки оюндарын таштап, жардамга жөнөшчү болду.

Балдардын аракетине Мамытбектен да Алтымыштын жарпы жазылып, басса-турса окуучуларды алкайт. Эртең эле бул көчөттөр мөмө байлап, аны айыл эли жеп, мынабул арыктар менен береке келерин айтуудан тажабайт. Балдарга көчөттөрдүн түрүн билип алыш кызык. Алтымыш ушунча жыл жашап колунан келчү ишке мойну жар бербей жүргөнүн ойлоп, анын жолун жолдочу Тыныч кичинесинен жерге ынак өсүп келатканына ыраазы.

“Алтымыштын жан маңдайында да алмалардын көчөттөрү пайда болду. Мамытбек болсо өз короосун камсыз кылып, долонону кыймакчы болгон Сыдыктын эшигинин алдына да, андан эки үй кийин турган Мурзабай абышканын короосуна да жаңылык алып келди. Айрымдары кечигип калышып, кийинки жылга камынышып, анан мурда бак отургузгандарын көрөлүчү деп ичинен байкоого алып жүргөндөрү да бар.”

Жайма-жай, бейгам жаткан айылга ошондон кийин жан киргенсип мурда байкабагандар атайын чыгынып Чоң-Күңгөйдөгү Мамытбек менен Тынычтар отургузган көчөттөрдү көрүп келишти. Баарынан да кыштактагыларды жаз келгени жылтырап бар экендиги билинип калчу жылжыган чөөттөн булак суусу чыкканы, Мамытбектин кенен чабылган арыктары, буга чейин ушул сууга маани бербей келишкени таң калтырды.

Башка жактан келген жаңы тууганынын өнөрүнө ушундан кийин чындап маани беришти. Бак тигип, суу сугарып, айылды көрктөнтүш үчүн анча деле чоң эмгек кетпейт экен го. Камыштын арасына сиңип кетчү сууну буруп, адырдын бооруна арык чаап, көчөттөргө суу жеткирип койсо бу жаныбар өсө берет турбайбы.

Ал жылы көчөт отургуза албай калгандар кийинки жылы шымалана кирип, айыл кадимкидей өзгөрдү. Мурдагыдай ээн-жайкын баскандар азайып, жаз келгени көчөт тигип, эшик алдын кашаалап тосмой, бакты аспиеттеп кароо түйшүгүнө баары аралашты. Мамытбектин айтканын туура көргөндөр бош жаткан жерлерге мырза теректин чыбыгын сайышып ар ким өзүнчө эле багбан. Мурда бири экинчисинен ыраак отурукташкан кыштактын иретсиз үйлөрү бак-дарак тигилгени кадимкидей өзгөрүп дүпүйгөн айыл болду.

Жылаңач айылдан алейне көрүнүп турчу Чоң-Күңгөйдүн боору жашыл тартып, мурда тигилген көчөттөр бой керип, дүпүйгөн жапжашыл айыл болуп чыга келди. Тынычты болсо мектепте Акжигит агайы “мичуринчи” деп чакырчу болгон.

Ишсиз тура албаган Мамытбек айылдын чет-бучкагында көчөт отургузса болчу жердин баарына чыбык сайып тынымы жок иште. Айылдыктарга анын кенеши менен отургузулган алма-өрүк, кайналы жакты. Айрымдары мээнет менен өстүргөн мөмөсүн шаарга алып барып сатып келмейге өтүштү. Мурда тыйын жок деп алакан жайып отургандардын көбү соодага ыктап, жашоо-турмушу өзгөрдү.

Ушунун баары Мамытбектин эмгеги эле. Ал баштабаса, Чоң-Күңгөйдүн багын отургузбаса багбанчылыктын ушунчалык пайдалуу экенине элеттиктер маани деле беришмек эмес. Кичинесинен көчөт тигип, кыштактагылар анча маани бербеген өнөргө аралашып калган Тыныч мектепти бүтсө агрономдукка окууга кыялданып, Мамытбек абасы менен жасаган ишине ыраазы.

Чоң-Күңгөйдөгү көчөттөр жетилгени какырап бош жатчу дөң жашылданып, ал жерге чыгып отуруп калган аксакалдар “капырай, мурда муну эмнеге жасабадык экен” деп калышчу болгон. Бир багбан чоң кыштакты ушунча өзгөртүп ийгенине өздөрү таң.

Жашоо-турмуш ушинтип өз агымында алдыга жылып, адамдар билинбей жаңыланып, өзгөрө берет окшобойбу. Болбосо ушу Мамытбек тууган изеп, ылым санап жаңы келгенде биртобу эшик алдында байлаган малы жок бу жаңы туугандын жашоосу кандай болор экен деп мыйыгынан жылмайып, бирок анысын ачык айтышкан эмес.

Мына эми карабайсыңбы, Мамытбектин элге керектүү чоң өнөрү бар экен. Эшигинин алдын гүлгө толтуруп, жашылча-жемишти келиштире айдап, короо алдын мөмө-жемишке толтуруп, айылдын алдыңкы кишиси болду. Аны көрүп бирдаары мурда чөп-чар деп анча маани бербеген көк-сөктү өстүрүп, сабиз, пияз, коон-дарбыз сатып аламын деп чыгынып шаарга барбай калышты.

Жакшылап караса жери жакшы, суусу кенен тоолук айылда деле баарын өстүрсө болот экен го. Мамытбек аксакал антип айылды өзгөртүп ием деп ойлогон деле эмес. Мээнеттен качпаган иштемчил неме бош жаткан жерге мөмө, жашылча-жемиш айдап, ушулар үчүн деле шаарга барышты каалачу эмес.

Кочкор Борбугулов журналистика менен жазуучулукту эриш-аркак ала жүргөн, өмүрүнүн биртоп жылын балдар үчүн чыкчу гезитке арнап, биртоп чыгармаларды жараткан.

Анын "Багбан" аңгемеси ар бир айылдагы жалпыга аты белгисиз "Мичуриндердин" биринин өрнөгү аркылуу элет элин демилгеге чакырат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG