Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Орусия: депутаттын соцтармакты чектөө сунушу


Мамлекеттик Думанын депутаты Виталий Милонов 14 жашка чыга электерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну сунуштап жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, Орусиянын социалдык тармактарына катталуу үчүн колдонуучу паспортундагы маалыматтарды жазышы керек болот. Ушул өңдүү сунуш буга чейин Ленинград облустук Думасында айтылган эле.

Демилгечилер мындай чараларга барууга өспүрүмдөрдү өлүмгө түрткөн интернеттеги ар кандай шектүү топтор себеп болууда дешет. Ал эми серепчилердин пикиринде, бул бийликтин интернет колдонуучуларды көзөмөлгө алуу үчүн даярдаган долбоору.

Сунушталган мыйзамда интернет колдонуучу ойдон чыгарылган ысым менен социалдык тармактарга каттала албайт. Ошондой эле социалдык тармактарда кат алышуунун скриншоту баарлашууга катышкан экинчи тараптын уруксаты менен гана интернетке жарыяланышы керек деп жазылган. Ушул сыяктуу интернет айдыңындагы айрым бир чектөөлөрдү камтыган мыйзам долбоорун даярдаган Мамлекеттик Думанын депутаты Виталий Милоновдун пикиринде, бул чаралар өспүрүмдөр арасындагы суицидди азайтат. Ал эми социалдык тармактарга катталуудагы паспорттук маалыматтарды талап кылуу жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн жолу деп билдирди эл өкүлү.

Депутаттын демилгеси орус интернет колдонуучуларынын, блогерлеринин кызуу талкуулаган темасына айланды. Интернет тармагы боюнча эксперт Антон Меркулов мыйзам долбоорун ишке ашпай турган "сандырак" сунуш деп сындады:

- Келесоодой сунуш дейт элем. Техникалык жактан такыр мүмкүн эмес мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул депутат Милоновдун эле пиары. Техникалык жактан эч качан ишке ашыра албайт.

Уруксатсыз митингге, ар кандай чогулуштарга жана мамлекеттик мекемелерде социалдык тармактарды колдонууга тыюу салыш керек деген сунуштун демилгечиси да ушул депутат. Мындан улам айрым саясий серепчилер интернет айдыңындагы чектөөлөрдү Орусияда паракорчулукка каршы өткөн акыркы акциялар менен байланыштырышат.

- Социалдык тармактар көзөмөлдөнбөй жатканы бийликти чочулатып, кандайдыр бир тобокелчиликтерди жаратууда. Анткени социалдык тармак бул байланыш каналы болуп калды. Нараазычылык акциялары жөнүндө маалымат тарап кетээрин акыркы оппозициянын митингдери көрсөтпөдүбү. Милоновдун демилгеси бир четинен балдарга кам көргөндөй көрүнөт. Бирок, анын экинчи тарабы чоңдорго тиешелүү. Мен балдарга интернетке тыюу салууну колдобойм, - дейт “Саясий эксперттердин тобу” уюмунун жетекчиси Константин Калачев.

Ал эми "Экономикалык жана саясий реформалар" уюмунун жетекчиси Николой Миронов мындан ары бийлик интернет колдонуучуларды көзөмөлдөө үчүн ар кандай чектөөлөрдү киргизет деп божомолдойт:

- Wi-Fi интернетке кошулган кезде аты-жөнүңдү сурап катталган сыяктуу эми мындай демилгелер көп чыга баштайт. Бийлик митингдерди анча этибар албайт. Бирок, активдүү жаштар интернетте отурганы тынчсыздандырып жатат. Азыр бийлик ушул жакты көзөмөлдөгүсү келет.

Виталий Милонов Мамлекеттик Думада "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаты. Партиянын башка мүчөлөрү жогорудагы демилге депутаттын жеке сунушу экенин билдиришүүдө. Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков да бул мыйзам долбоорун "толук ишке ашпай" турган демилге деп атап, кыскача гана комментарий берди.

Мамлекеттен каржыланган орусиялык иликтөө борборунун 10-апрелде чыгарган сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, 18-24 жаштагы изилдөөгө катышкан орусиялык жаштардын 62 пайызы 14 жашка чыга электердин социалдык тармактарга отуруусуна каршы экенин айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG