Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

CPJ Орусияны медиага басымды токтотууга чакырды


Орусиядагы медкызматкер.
Орусиядагы медкызматкер.

Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлаган медиаларга карата цензураны токтотууга чакырды.

Нью-Йоркто жайгашкан уюм эки маалымат каражатынын кызматкерлерине таянып билдиргендей, Роскомнадзор журналисттерди айып пул менен коркутуп, макалаларын сайттардан жана социалдык тармактардан алууга буйрук берген.

Маселен, «Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Виталий Рувинскийдин айтымында, Роскомнадзор орус өкмөтүн сынга алган политолог менен интервьюну алып салууга буйрук берген. Мындай кадамды мекеме «коронавируска каршы жалган маалымат таркатуунун алдын алуу чарасы» катары мүнөздөгөн. Ал эми Кремлди сынга алган саясат таануучу Валери Соловейди «1300 доллар айыпка жыгабыз» деп коркутушкан.

Расмий маалыматтарга караганда Орусияда жалпысынан COVID-19 500дөй адамдан табылды. Бирок 146 миллион калкы бар өлкөдө жугуштуу илдеттин жайылышы тууралуу маалымат жашыруун болуп жатат деп күмөн санагандар арбын.

XS
SM
MD
LG