Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:21

Наргиза Чайкозова менен Эрулан Чекиров Москвада баш кошуп, биргеликте жеке ишкана түптөп, ийгилик жараткан жаш түгөйлөр. Бир жыл мурун ачылган «Чекирофф Консалтинг» ишканасы азыр Москвада 30дан ашуун жеке ишканаларга бухгалтердик кызмат көрсөтүп келет.

Асман тиреген кооз имараттар, жалтылдаган түнкү жарыктары менен мигранттарга байлыкты жана бакытты убада кылган Москвага Наргизаны беш жыл мурда сүйүү сезими жетелеп келген.

Эки жаш университетте окуп жүргөн кезде таанышкан. Кийин Эрулан иштегени Москвага келген. Наргиза болсо Бишкекте эле. Эки башка шаардагы жаштардын махабатына «агент» мессенжери себепкер болуптур.

- Ата-энем жана туугандарым бул жакта иштешчү. Өзүм Кыргыз улуттук университетиндеги Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүн бүтүргөндөн кийин Москвага келгем. Наргиза экөөбүз Бишкекте чогуу окуган достор аркылуу таанышканбыз. Мен Москвага келгенден кийин экөөбүз жакындан сүйлөшө баштадык. Бир жыл бою агентте отурдук. Анда сенсордук эмес, кнопкалуу телефон көтөрчүбүз. Көчөдө басып баратып деле Наргизага кыска кабар терип жөнөткөнгө көнүп калгам.

Сезимге байланган Наргиза Чайкозова өз чечимин акыл менен калчаган. Бухгалтердик кесибин мыкты билген жаш адис Москвада өз ордун таап кетерине көзү жеткен.

- Москвада окусам деген тилегим бар болчу. Андан тышкары 22 жашка чейин ата-энемдин колунда жүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин өз алдынчалыкка көнөйүн деп чечтим. Ошентип Москвага келип калгам. Бирок мен бул жакка алдын ала туруктуу иш таап, шарттарын толук макулдашып коюп келгем. Ага кошумча Москванын эмгек рыногун толук изилдеп чыккам. Кандай жумуштар бар, кесибим боюнча ала турган айлык акы кандай болот, жашоого канча чыгым кетет деп баарын эсептегем. Өзүм Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсүмүн. Билимиме, кесибим боюнча иш табарыма ишенгем.

Бир жылдан кийин эки жаш Кыргызстанга кайтып, ата-энелерден бата алып, турмуш жолуна аттанышат. Эрулан Москвага кайра кайтканда өз алдынча иш баштамай болот:

- Башында чоң пландар деле жок эле. Чет жакта эч нерсе кыла албайм деп ойлойсуң. Басмырланасың, психологиялык жактан да оор. 2015-жыл үй-бүлөбүз үчүн тоскоолдуктардын жылы болду. Иш жок, акча тартыш. Ошондо өзүбүздүн ишти баштоону ойлодук. Тажрыйбанын аздыгынан, акча жоктугунан көпкө чейин кыялданып эле жүрдүк. Бирок мындай кыйынчылыктар түгөйлөрдү тескерисинче бириктирет экен. Кыргызстанга кайталы деген ой болгон жок. Ата-энебизге «Москвада колубуздан эч нерсе келбей калды» деп айтмак белек?! Кыйналганыбызды эч кимге билгизбей, бири-бирибизди эш туттук. Анан бир социалдык тармакта Москвада «Эл аралык ишкерлер ассоциациясы» деген уюм жолугушуу өткөрөрүн окуп, ал жакка бардым. Ал жерден Москвада жеке ишкердик менен алектенген байке-эжелерди көрүп, ишеним күчөдү. Анан келинчегимди көндүрүп, өз алдынча иш баштадык.

«Чекирофф Консалтинг» ишканасы азыр Москвада отуздан ашуун жеке ишканага бухгалтердик кызмат көрсөтүп келет. Эсеп-кысап иши толугу менен Наргизанын моюнунда болсо, кардарлар маселеси Эруланга жүктөлгөн. Наргиза башкы кардарлар москвалык ишкерлер болгону менен, акыркы убакта жеке ишкердикке кызыккан кыргызстандыктар дагы көп кайрыларын айтты:

Кыргызстандык ишкердин бул жактагы ишин мыйзамдаштырып берүүгө жардам берип, бүгүнкү күндө алардын бухгалтериясын тейлеп келебиз. Жаңы кардарлар бизди бири-бирине сунуштап эле таап келишет.
Эрулан

- Бухгалтердик кызмат көрсөтөбүз. Орусиянын мыйзамдары боюнча ишканалардын каржылык жагын толук мыйзам чегинде тейлейбиз. Ички жана тышкы операция деген бар. Ички операциялар жумушчуларды мыйзамдуу ишке алуу, алар үчүн тийиштүү органдарга салык төлөө, киреше-чыгашага байланыштуу болсо, тышкы операциялар Орусиянын мыйзамдары боюнча талап кылынган отчеттор, салыктарга байланыштуу. Андан тышкары каржылык консультация беребиз, кыргызстандыктарга бул кызмат акысыз. Акыркы убакта Москвада кыргызстандыктар арасында иш ачабыз дегендер көбөйгөнү байкалат. Өзүбүз иш баштагандан бери беш кыргызстандык ишкердин бул жактагы ишин мыйзамдаштырып берүүгө жардам берип, бүгүнкү күндө алардын бухгалтериясын тейлеп келебиз. Жаңы кардарлар бизди бири-бирине сунуштап эле таап келишет.

Жаш адистер учурда ишканасын өнүктүрүү, кардарларды санын кеңейтүү жана ишканада башкаларга жумуш орундарын түзүү пландары менен алек. Москвада үй-бүлө куруп, кесиптик жагынан такшалып, өз алдынча ишкана ачууга жетишкен жаштар «аракетке берекет» деген принципти туу тутушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG