Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Аскердик машыгуу чоң согушка даярдыкпы?


"Кавказ-2016" машыгуусу учурунда тартылган сүрөт. Крым, Опук полигону.
"Кавказ-2016" машыгуусу учурунда тартылган сүрөт. Крым, Опук полигону.

“Чыгыш-2018” аттуу аскер машыгуусу башталды. Орусия Коргоо министрлиги буга чейин мындай масштабдагы машыгуу болгон эмес деп жатат. Удаа эле Украинада НАТОнун да машыгуулары өтүүдө. Батыш менен Орусия качан ымга келет?

Аты айтып тургандай машыгуулар Ыраакы Чыгыштагы Орусиянын кургак аймагында жана сууларында өтөт. 11-17-сентябрдагы аскер оюндарына танапташ Кытай менен Монголия да кошулду.

- Машыгууга жалпы 297 миң аскер кызматкери; миңден ашуун учак, тик учактар жана пилотсуз учуучу аппараттар; 36 миңге чейин танктар, чопкутталган унаалар жана башка техника; 80ге чейин кеме жана жардамчы кемелер тартылат, – деп бир жума мурда Орусия куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов тактаган.

Валерий Герасимов баштаган орус генералдары
Валерий Герасимов баштаган орус генералдары

Мынча аскер жана техника өлкөнүн Борбордук жана Чыгыш аскер округдарындагы бардык полигондорду ээлейт деп кабарланды.

“Кансыз согуш”, жарыша куралдануу күч кезинде, 37 жыл мурда Советтер Союзу жана ага тилектеш Варшава келишиминдеги өлкөлөр биригип, 150 миң жоокерди камтыган машыгуу өткөргөн. Бул жолкусу андан эки эсе масштабдуу жана ошондон бери биринчи ирет болууда дейт Орус коргоо министрлиги.

Азыр деле Орусия-Батыш, өзгөчө Вашингтон-Москва мамилеси ошол “кансыз согуш учурундагыдай”, “эң начар” деп сыпатталып келет. А түгүл НАТОнун курамына кирген Чыгыш Европадагы өлкөлөргө жакын Прибалтикада, Кавказда, Арктикада Орусия бир нече машыгууларды өткөргөн. Бирок алардын баарын, бул жолкусун да коргонуу максатында деп түшүндүрүүдө.

НАТО буга ишеңкиребей, “чоң согушка” даярдык катары көрүүдө. Альянстын расмий өкүлү Дилан Уайт “бул коргонуу бюджетин жана аскердик турумдарын сезилерлик кеңейткен, агрессивдүү Орусиянын образына окшоп турат” деп пикирин билдирген.

НАТО жоокерлерине нан сунган улуттук кийимчен украин кыздары. 3-сентябрь, 2018-жыл.
НАТО жоокерлерине нан сунган улуттук кийимчен украин кыздары. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Ошол эле маалда экинчи тарап да кур калган жок. НАТО 3-сентябрдан тарта Украинада аскер машыгууларын өткөрүүдө. Ага АКШ баштаган 14 мамлекет катышып жатат. НАТО дагы бир 16 жылдан берки эң ири машыгуусун Европанын чыгышында, октябрь-ноябрда уюштурууну пландоодо.

Коркутуу менен коштолгон саясат

Эки тараптын ымга келип, "коркутуу" же "булчуң көрсөтүү" саясатынан дипломатиялык мамилелерге качан кайтары азырынча белгисиз.

Ага караганда Орусияга каршы санкцияларды дагы күчөтүү чакырыктары көбүрөөк айтылып келет.

Солсберидеги окуя карикатуристтин көзү менен
Солсберидеги окуя карикатуристтин көзү менен

Солсберидеги Скрипалдардын ууланышы боюнча иликтөөнүн акыркы жыйынтыктары жараканы дагы кеңейтти. 5-сентябрда буга орус бийлигин айыптап жатып Британия премьери Тереза Мэй акыркы төрт жылда Кремлдин колунан келди делген окуяларды кайра санады:

- Алар Донбасста жаңжал тутандырышты, Крымды мыйзамсыз каратып алышты, бир канча ирет Европа өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин бузушту жана такай шайлоолорго кийлигишип, киберкылмыштарды жасашты. Алар Черногориядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында турушту. Орусиячыл жикчилдердин аймагынан атылган орусиялык ракета МН17 учагын атып түшүрдү. Бул коркунучтан өзүбүздү коргош үчүн жамааттык аракеттерибизди арттырабыз.

Кремл мунун баарын жокко чыгарып, “Батыш бардык кесептерге Орусияны айыптай берип көнүп бүттү” деген жоопту көбүрөөк узатып келет.

Трамп жана Путин. Хельсинки, 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин. Хельсинки, 16-июль, 2018-жыл.

16-июлда АКШ жана Орусия лидерлери Хелсинкиде мамиленин бузулушуна себеп болгон маселелерди талкуулашкан. Жолугушууну Трамп менен Путин эки өлкөнүн алака-катышын оңдоого карай “алгачкы кадам" деп кубатташкан. Бирок андан бери дагы кадамдар шилтендиби же жокпу кабарлана элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG