Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Москвада машине тебелегендердин абалы оор


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Москванын Тергөө комитети жекшембиде кыргызстандыктардын тобун унаасы менен тебелетип кеткен Бекжан Сарбишевдин бөгөт чарасын аныктоо үчүн сотко кайрылды.

9-сентябрда Москванын Новочеркасский бульварында унаанын алдында калгандардын төртөөнүн абалы оор, калган алтоонун абалы орто жана канааттандырарлык деп бааланууда.

Жекшембинин таңында "Марьино" метросундагы "Аура" кафесинде көңүл ачып отурган кыргызстандыктардын ортосунда чыр чыгып, 21 жаштагы Орусиянын жараны Бекжан Сарбишев сыртка чыккандан кийин өзүн ур-токмокко алган деген жигиттердин тобун машинеси менен тебелетип кеткен.

Москвадагы кыргыз элчилиги унаа алдында 11 адам калганын, алардын 10у Кыргызстандын жарандары экендигин кабарлады.

Ооруканага жетпей каза тапкан 21 жаштагы А.Абдисамат уулунун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүү үчүн даярдалууда. 24 жаштагы Р. Абдрахманов менен Р. Зулпиев, 22 жаштагы М. Руслан уулу жана аты-жөнү белгисиз 25 жаштагы жигиттин абалы оор. Калган жабырлануучулар М. Абдикарим уулу, С. Абдурасулов, Б. Аманалиев, Н. Арстанова, О. Жамшит уулу, К. Жеңишбекова учурда Москванын ооруканаларында дарыланууда.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сарбишев 8-сентябрдын кечинде "Аура" кафесинде карындашынын туулган күнүн белгилеген кечеде болгон.

Апасы Жылдыз Ибраимова уулу ал жайда карындашына болушуп, бейтааныш балдардын ур-тепкисине кабылганын айтууда:

- Биз бир туугандар менен кафеге чогуу барганбыз. Саат экилерде мен жаштар өзүнчө отурушсун деп кеткем. Кызымды достору менен карап, үйгө жеткирип келсин деп уулум калган. Ал жерде балдар балама асылып, ур-тепкиге алышыптыр. Балам ичпейт, чекпейт. Кулагы жакшы укпайт, экинчи топтогу майып. Ага карабай иштеп, бизге жардам берип жүргөн. Кызым баламды машинанын жанында балдар топтошуп сабаганын, аны кетирбей жолду тороп туруп алышканын айтып берди. Уулум мага саат алтыларда чалды. Андан бери көрө элекмин. Полиция бөлүмүндө бизди кездештиришпеди. Азыр адвокат жалдап жатабыз. Көчөдө видеокамера бар экен. Болгон окуя толук бойдон тартылып калган. Тергөөчүлөр деле баламды алар чогулуп сабаганын айтып жатышат.

Эне азыр жабыр тарткандарга жолугуп, уулу үчүн кечирим сурап жүргөнүн кошумчалады:

- Каза болгон баланын туугандары менен жолуктум. Алар деле түшүнүктүү адамдар экен. Баланын сөөгүн Кыргызстанга кетиргенге инилерим жардам берип жүрүшөт. Азыр оор акыбалда деген балдарга кезигип, кечирим сурап жүрөм. Алар түшүндүрмө берсе, балким, балама жеңилдик болобу дейм.

Бекжан Сарбишев кылмыш болгон жерден качкан эмес. Москванын Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгы экспертиза өткөрүп, анын канында алкогол табылбаганын кабарлаган. Айдоочулук күбөлүктү ал Орусиянын Свердлов облусунан алган.

Москвада Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүп жатканда кыргызстандык айдоочу Чыңгыз Анарбек уулунун жөө жүргүнчүлөрдүн тобун унаасы менен сүзүп кеткени, өткөн жумада Москва метросундагы полиция кызматкеринин өлүмүнө теги кыргызстандык Нурлан Муратовдун айыпталышы жана бул окуялар Орусияда жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратып турганы кыргызстандык мигранттарды кооптондурууда.

9-сентябрда Москвада Кыргыз диаспорасынын коомдук кеңеши элчилик, ИИМ жана Миграция кызматынын өкүлчүлүгү менен чукул жыйынга чогулуп, Москвадагы кыргыз кафе-клубдардын ишин көзөмөлдөө жана мигранттардын арасында тартипти сактоо боюнча иш-чараларды талкуулашкан. Бул тууралуу Аксакалдар кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров айтып берди.

Раимкул Аттокуров.
Раимкул Аттокуров.

- Укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү күчөөрү эми талашсыз. Бул баарыбызды кооптондуруп турат. Чогулушта да көп нерсе айтылды. Ошол эле кафе-клубдарды иштеткендерге сөз берилди. Алар Орусияда мыйзам чегинде иштеп жатканын, мындайча айтканда, эч кимдин оозуна ичкилик куйган жокпуз деп айтышты. Аларды да түшүнсө болот. Бирок, биз бул ишти калтырбайбыз. Азыр кооптуу абал түзүлүп калды. Мыйзамсыз иштеген, кылмыштуулук көп болгон кафе-клубдар боюнча жергиликтүү органдарга кайрылабыз. Биз аларды өзүбүз текшере албайбыз. Бирок, алгач кафе ээлери менен жолугуп, мекендештер менен тартипке чакыруу иштерин жүргүзөбүз.

Москвада баргандардын көбүн кыргыздар түзгөн элүүдөй кафе-клуб иштейт. Алардын кожоюндарынын көбү башка улуттан болгон менен кыргызстандыктарды ишке алып, кыргызстандык мигранттарга ылайыкталган. Мындай эс алуучу жайлардагы кылмыштуулук жөнүндө көптөн бери талкууланып келе жатат.

Мындай мекемелерде кылмыштуулук менен күрөшүү багытында кандай иштер жүргүзүлөөрүн суроо үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Раим Салимовго байланышканыбызда, ал жайкы өргүүдө - Кыргызстанда болуп чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG