Орусия 14-июнда баштала турган дүйнөлүк футбол чемпионатына кызуу камылга көрүп жатат. 15-июлга чейин созула турган бул футбол мелдеши Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казан, Калининград, Нижный Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында өтөт. Ага карата аталган шаарларда кошумча коопсуздук чаралары көрүлүүдө.
Мындай чаралар ондогон тажик мигранттарын убактылуу мекенине бара турууга аргасыз кылып жатканын Орусиядагы кээ бир укук коргоочулар билдирип чыгышты. Мигранттардын укугун коргоо уюму май айында эле 300 тажикстандык мигрант мекенине кайтканга чейин укуктук кеңеш сурап, аларга кайрылганын кабарлады. Алардын көбүн патент мөөнөтү аяктап, бирок аларды узарта албай калгандар, ошондой эле чемпионат аяктаганга чейин Орусиядан убактылуу чыга турууну туура көргөн мигранттар түзөт.
"Азыр текшерүүлөр күчөп, күн сайын мигранттардын кармалгандыгы тууралуу 15ке жакын телефон чалуулар болуп жатат. Ошондуктан айрым иш берүүчүлөр мигрант кызматкерлерин убактылуу жумуштан кетиришкен. Мигранттар болсо бул убакытты мекенинде өткөрүүнү туура көрүшүүдө",-деп билдирди Мигранттардын укуктарын коргоо уюмунун кызматкери Каримжон Ёров.
Тажикстандын Фархор районунун тургуну 34 жаштагы Анвар Турдыев бир жума мурда Орусиядан кайтып келген. Ал үч ай мурда Екатеринбургга жыгач ишканасына иштегени барып, ал жакта бир жылдай калам деп пландап жаткан. Бирок май айынын башында өзү баш болгон 11 тажикстандык жана өзбекстандык мигрантка ишти убактылуу токтотуп турууну сунушташкан:
“Менде бардык документтер жайында болчу. Бирок иш берүүчү өзүнө да, бизге да ашыкча баш оору болушун каалабай турганын айтты. Текшерүүлөр күчөгөнүн, болбогон кемчилик үчүн ишкананы жаап коюшу мүмкүндүгүн билдирди”,-деди Анвар Турдыев.
Орус бийлиги футбол чемпионатында мигранттарга басым жасалганы тууралуу мындай билдирүүлөрдү ырастаган эмес. Бирок буга чейин Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жарандарды 25-майдан 25-июлга чейин Орусиянын 11 шаарына барбай турууга чакырган.
Ошол эле учурда документтери жайында болгон мигранттар жайма-жай эле Орусияда иштеп жатканын айткандар да жок эмес. Тажикстандын миграция мекемесинин басма сөз катчысы Иброхим Ахмади “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде патентин узарта албай калган мигранттардын саны так белгисиз экенин айтып, ошентсе да ал сан патент алып иштеп жаткандарга салыштырмалуу аздыгын белгиледи:
“Май айында биздин миңдеген мекендештерибиз эч маселесиз эле патент алышты. Албетте, биздин атуулдардын арасында ар кыл себептерден улам патент алалбай калгандары да бар. Бирок алардын саны кыйла аз. Орус өкмөтү чемпионат мыкты деңгээлде өтүшү үчүн коопсуздук чараларын күчөткөн. Ошондон улам биз мигранттардан документтерин тартипке келтиришин өтүнгөнбүз”.
Жыл сайын миллионго жакын тажик жараны жумуш издеп Орусияга кетет. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 31-майда Москвада орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жолукканда тажик мигранттары үчүн жеңилдик сураганы белгилүү болду. Тажик президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда башка маселелер менен бирге «тажик мигранттарынын социалдык камсыздоосун жакшыртуу жана алардын Орусия эмгек базарына уюшкандык менен жөнөтүлүшү тууралуу» сөз болгон.