Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Захарова ККДАнын сунушун «саясий чечим» деп атады


Орус ТИМинин басма сөз катчысы Мария Захарова. 28-ноябрь, 2019-жыл. Москва.
Орус ТИМинин басма сөз катчысы Мария Захарова. 28-ноябрь, 2019-жыл. Москва.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Кызытмага Каршы Дүйнөлүк Агенттиктин (ККДА) орусиялык спортчуларды 4 жылга чейинки мөөнөткө чоң мелдештерден четтетүү боюнча сунушун саясий чечим катары баалады.

- Кызытма жаңжалы жалаң орусиялык атлеттерди бутага алууда, башка өлкөлөрдүкү таптакыр талкууланбайт - деди Захарова 28-ноябрда.

Дүйшөмбү күнү ККДАнын тиешелүү комитети сунуш кылган төрт жылдык санкция киргизилсе, анда орусиялык желек бир да эл аралык мелдеште көтөрүлбөйт. Орусиялык спортчулар эгерде кызытма колдонбогонун далилдесе гана бейтарап мамлекеттин желеги алдында катышса болот.

Орус спортундагы кызытма жаңжалы бир нече жылдан бери уланып келатат. Анын айынан өлкөнүн курама командасы 2016-жылкы Олимпиадага катыша алган эмес. Кремль маселе бар экенин моюнга алганы менен кызытма колдонуунун чеги мамлекеттик деңгээлге чейин чыкканын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG