Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Шайлоо 2020: Партиялардын биригүүсү жана сүйлөшүүсү уланууда


Кубанычбек Исабеков, Адахан Мадумаров жана Темир Сариев. «Азаттыктын» коллажы.
Кубанычбек Исабеков, Адахан Мадумаров жана Темир Сариев. «Азаттыктын» коллажы.

15-августта коомдук-саясий ишмер, парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулганы маалым болду.

Ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу партия «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат деген да маалымат таратты.

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү ошондой эле коомчулукта айтылып жаткан маалыматтарды ырастап, аларга мурдараак жети партия кошулганын тактады.

Мунарбек уулунун айтымында «Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын» лидери Исхак Масалиев, «ЭрК» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов, «СССР» партиясынын лидери Ишенбай Кадырбеков, «Ак калпак» партиясынын лидери Улукбек Маматаев, «Улуу көч» партиясынын лидери Акат Момунов жана «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров «Бүтүн Кыргызстанга» биригүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.

«Бүтүн Кыргызстанга» кошуларын мунун алдында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев да бышыктаган.

Мурдараак «Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында барууну көздөшүүдө. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен.

Мурдараак «Мекеним Кыргызстан» партиясына «Табылга» жана «Бирик» партиялары кошулган. «Демократ» партиясы келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Бир Болго» бириккен.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG