Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Текебаевге кол салуу болуп, тергөө башталды


Өмүрбек Текебаев кол салуудан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаев кол салуудан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын ресторанында кол салуу болду. Бул тууралуу саясатчы "Жалбырак ТВ" медиасынын "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде билдирди. Ал кол салгандар уюк телефону менен көз айнегин тартып алганын айтты.

Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу барды. Бийлик өкүлдөрү кол салууну айыптаган билдирүүлөрдү таратууда. Президент Садыр Жапаров менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Өмүрбек Текебаев кабылган окуяны талкуулашты. Бул тууралуу Иманкулов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. Ал өлкө бийлиги Текебаевге кол салгандарды табууга жана чара көрүүгө кызыкдар экенин, болгон окуяны саясий чагым деп айтты.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Текебаев кабылган окуяны президенттин аброюна доо кетирүү катары баалады. Андан сырткары кол салууну кимдир бирөө уюштурганын, мунун саясий себеби бар экенин белгиледи.

"Дүйнө таң кала турган шайлоо өткөрөбүз дегени кулагыбызда турат. Ошол шайлоонун негизинде оппозиция болобу, башка партияларбы өздөрүнүн дооматтарын айтып жаткан кезде атайын автобуста келип, "Парк отелдин" (мейманкана) ичинде отурган Текебаевди сыртка сүйрөп чыгып, урганы - акылга сыйбай турган пастык. Саясий маданиятыбызды булар ушунчалык төмөнгө түшүрүштү. Биздин саясий тарыхыбызда дүйнө жүзүнө жаңылык болуп чыгат. Кыргызстан жер карап калды", - деди Отунбаева.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров бул боюнча Ички иштер министрлигине ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырганын басма сөз кызматы маалымдады.

“Президент Садыр Жапаровго “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат жеткирилди. Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Белгилей кетсек, ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү”,-деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого барган, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Текебаевге кол салуунун артында бийлик өкүлдөрү турушу мүмкүн экенин айтат.

“Бул кол салууну бийлик уюштурган деп айтууга толук негиз бар. Анткени шайлоо учурунда президент Садыр Жапаров биздин лидерге карата жек көрүүнү козутуп, улам ар кандай сөздөр менен жамандап, "айнып калган", "алжып калган" деп айтып жатты. Эгерде андай эмес болсо ыкчам түрдө кол салган балдарды таап, жазалаш керек”.

Кол салуу окуясы

Текебаев өзүнө болгон кол салууга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жаза турганын билдирди.

"Бийлик буларды таап камабаса, шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт", - деди Текебаев.

Саясатчынын айтымында, үч маршрутка менен 70ке жакын адам келген жана аны алып кетүүгө аракет кылышкан. Текебаев мындай окуяны өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырды.

“Бул мага эле эмес, жалпы эле нааразы болуп жаткан адамдарга коркутуу. Шайлоо бүтө элек, жаңы башкаруу формасынын жүзүн көрүп жатабыз... Алар бүгүнкү бийликти колдойт экен. “Бүгүнкү бийлик жакшы бийлик”, “Сиз эмне үчүн шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп жатасыз” деп айтышты”.

Кол салгандарды бийлик, президент Садыр Жапаров табышы керектигин, бул өлкө башчы үчүн намыстын иши экенин билдирди. Бул тууралуу ал окуя болгон жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эртең менен эле Чүйдүн тургундары чогулуп жатканы, алардын бир тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына барары кабарланып жатканын кошумчалады.

“Бул саясий террор. Саясий мотив менен адамга кол салып уурдап кеткенге аракет кылышты. Эгерде алар уурдап кетип тоого алып барышса эмне болмок, айтыш кыйын. Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты ушундай. Президенти коркутту, УКМКсы коркутту”.

Милиция иликтөөгө киришти

Ички иштер министрлиги учурда Текебаевге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларды жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

“Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды”,-деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

“Текебаев эле эмес, жөнөкөй жаранга дагы кол тийбестик сакталышы керек. Биздин мамлекетте мыйзам иштеши керек”,-деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттерде" пикирин билдирди.

"Азыр эле "Парк отелде" Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун кабарлашты. Кандайдыр бир топтун аны уруп-сабоого аракети биздин маданиятыбызга таптакыр жат көрүнүш. Кыргызстанда саясий зордук-зомбулукка жол жок",- деп жазды.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар саясатчыга кол салгандарды тез арада таап жоопко тартууну талап кылып жатышат. Партиянын мүчөлөрү бүгүнкү болгон окуяны оппозициялык саясатчыларга болгон чабуул деп баалап, бийлик алардын коопсуздугун камсыз кылышы керек деп эсептешет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы нааразылык акциясы. 1-декабрь, 2021-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы нааразылык акциясы. 1-декабрь, 2021-жыл

Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого "Ата Мекен" партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча “Ата Мекен” партиясы 4% добуш алды.

Текебаевдин саясий жолу

Өмүрбек Текебаев - парламенттик башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон, алгачкылардан болуп партия түптөгөн саясатчылардан. Саясатка 1990-жылдардын башында келип, алты жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, парламенттин төрагасынын кызматын да аркалаган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон. Ошол жылы кабыл алынган Баш мыйзам “Текебаевдин Конституциясы” деген атка конуп, өлкө парламенттик башкарууга өткөн.

Саясатчы 2017-жылдын 26-февралында “Манас” аэропортунда кармалып, “Коррупция” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча иш козголгон. Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов экөө сегиз жылга кесилген.

2019-жылы августта Жогорку сот ишти кайра кароого жиберип, Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Анда эки саясатчынын иши бир жыл, эки ай каралган. Ушул жылдын апрелинде эки саясатчынын сот иши аяктады. Үч президенттин тушунда, ар кандай жагдайда уланган сот процессине чекит коюлуп, прокурорлор айып коюудан баш тарткан эле.

Текебаев Октябрь окуяларынан кийин президенттик башкаруу формасын киргизе турган Конституциянын жаңы долбоорун кескин сындап чыккан. Көп өтпөй Октябрь окуясынан кийин депутаттык мандатын кайтарып алган Текебаев кайрадан андан ажыраган.

Текебаев өзүнүн саясий сапарында буга чейин эки ирет - 1995-жылы жана 2000-жылы президенттикке талапкерлигин коюп, эки жолу тең утулуп калган. 2000-жылдагы шайлоодо Акаевдин айыгышкан атаандашы “темир Феликс” атыккан Феликс Кулов менен тандем түзүп, бийликтин расмий маалыматына ылайык, шайлоочулардын 14% добушуна ээ болгон.

Текебаев мурдагы президенттер Акаевдин да, Бакиевдин келишкис оппозициясы болгон. 2006-жылы сентябрь айында иш сапарына бараткан депутат Текебаевдин жүгүнөн Варшава аэропортунда героин табылып, бирок Польша соту аны актаган чечим чыгарган. Бул эл аралык жана жергиликтүү коомчулукта Бакиев режиминин оппозициялык лидерге каршы майнапсыз аяктаган кысымы катары бааланган.

Парламенттик шайлоо: кризисти чечүү жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG