Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

УКМКга сын: шибеге капка катылбайт


УКМК.
УКМК.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасын кызматтан алса, башкы прокурорду жумуштан бошотуу жөнүндө парламентке сунуш киргизди. Саясий чөйрөдө атайын кызматтын мурдагы жетекчисинин саясий жоопкерчилигине баа берүү тууралуу талаптар айтылууда.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы, көзөмөл органы акыркы алты жылда өз милдетин кандай аткарды? Аларды реформалоонун зарылчылыгы барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов жана Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоров катышты.

Азаттык”: Марат мырза, Кыргызстандын коопсуздук комитетинин төрагасын, анын орун басарларын президент эмне үчүн кызматтан алды деп ойлойсуз? Кечээ жакында эле баары бир командада эле го...

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: Бул суроонун жообу жеңил. Ушул жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын ишине, анын ичинде УКМКнын ишине эмне деген сындар айтылбады?

Коррупция менен күрөшүүдө натыйжа болбогону кабыргасынан коюлбадыбы. Коррупцияга өздөрү аралашып, канчалаган кылмыш иштерин аягына чыгарбай жүрүшкөнүн билдик. Ага чейин Алмазбек Атамбаев "кылмышкерлер менен күрөшүп жатабыз" деди эле го?

Кылмышкерлер саясатка, чарбалык иштерге, бизнеске да аралашып, кийлигишип кетти. Ушундай болуп жаткан шартта кантип УКМКнын жетекчисин кызматтан албайт? Жөнөкөй эл эмес, Коопсуздук кеңешинде президент аларга катуу сын айтып жаткандан кийин арызын жазып, кызматын таштап кетиши керек болчу. Аларда анча-мынча намыс деген болуш керек эле.

Атамбаевдин убагында ишти билеби, тажрыйбасы, билими барбы-жокпу, “өз бала” деп эле кызматка коюп келди да. Сегизбаев Атамбаевдин жеке кызыкчылыгына байланышкан маселелерди чечүүгө гана жарады. Бүгүн УКМКны кандай оор акыбалга алып келгенин көрүп отурабыз. УКМК жакшы иштеген болсо, Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык иштерди кантип билбей калды? Баарын билген, бирок көздү жуумп коюшкан.

“Азаттык”: Улук мырза, президент Жээнбеков башкы прокурорго да ишенбестик билдирди, ага кандай себептер негиз болду деп ойлосуз?

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Улукбек Кочкоров: Ушул жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинде президент Жээнбеков сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча өз пикирин билдирген.

Президент жаңы эч нерсе айткан эмес. Элдин жүрөгүн өйүгөн көйгөйдү, анын себептерин гана айткан. Талаптарды койгон, жакшы иштегенге ишарат берген.

Андан бери эки ай өттү, алгылыктуу жакшы иштер болбоду, ошондон улам президент ушундай чечимге келди деп ойлойм. Өлкөнү ушул абалга алып келген мурдагы президенттин адамдары негизги өзөктүү кызматтарды ээлеп турушат.

“Азаттык”: Марат мырза, сиз мурдагы интервьюлардын биринде “атайын кызмат Акаев менен Бакиевдин учурунда жеке саясий кызыкчылык үчүн колдонулган, Атамбаев ошол эле усулдарды кайра колдонду” депсиз. Президент Жээнбековдун учурунда атайын кызмат “саясий союл” болбогонго кепилдик барбы?

Марат Иманкулов: Андай кепилдик бар деп айта албайм. Азыркы президенттин ой-тилеги, максаты жакшы.

“Мен тууганга, доско карабайм” деп айтканы коомго үмүт берип жатат. Эгер анда ушундай жакшы максаттар болсо - анда ар бир тармактын кесипкөй, билимдүү, тажрыйбалуу кадрларынын, адистеринин ой-пикирин угуп, өзүнүн саясаттагы чоң тажрыйбасын колдонуп, мамлекетти туура жолго баштайт деген элде ишеним пайда болду, мен да ишеним болууда.

УКМКны мамлекет башчылары өз кызыкчылыгына эмес, улуттук кызыкчылыкка иштете билсе бизде революциялар, кандуу окуялар болмок эмес. Атайын кызмат бардык кырдаалдын алдын алып туруш керек, көрүлө турган чаралар боюнча сунуштарды айтып туруш керек.

Улукбек Кочкоров: УКМК бийликтин саясий оппоненттерин жазалай турган курал болбогонго кандай кепилдик бар? Эң негизги кепилдик - ушул кызматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылыш керек. Бир мисал келтирейин: 2013-жылы Коргонуу кеңешинде коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу жыйын болгон. 2018-жылдын февралында айтылган маселелердин көпчүлүгү ошондо эле айтылган.

"Козголгон кылмыш иштеринин 30 пайызы сотко өтөт, алардын 10 пайызы гана жазага тартылат" деген сөз 2013-жылы эле айтылган. Арадан беш жыл өттү, эч нерсе өзгөргөн эмес, абал ошол эле боюнча калган. Мурда көп иштер коомчулукка ачык айтылган эмес.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

УКМК саясий курал болбошу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:46 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG